Фоточек: Падыша-замбиректи вагон аянтчада башка аскерий техникалар менен чогуу ташып баратышабы?

Коомдук тармактарда башка аскердик техникалардын арасында вагондук аянтчада (транспортёрдо) ташылып бараткан орустардын атактуу Падыша-замбирегинин сүрөтү таркатылууда.

Factcheck.kg редакциясы бул сүрөттүн аныктыгын текшерди.

Сүрөттү чоңойткондо фотошоптун издери жакшы байкалды.

Сүрөт боюнча издөө сүрөттүн оригиналын табууга мүмкүндүк берди. Бул сүрөт 2021-жылы коомдук тармактарда жарыяланган видеодон скриншот экени белгилүү болду. Башында вагон аянтчада ракеталык комплекс жайгашкан болчу.

Скриншот 2021-жылдын 3-апрелинде Dailymail сайтында жарыяланган. Материалда орус аскер техникаларынын Украина менен чектеш аймактарга ташылып жатканы айтылган.

Эскерте кетсек, Падыша-замбирек курал жасоо өнөрүнүн эң көрүнүктүү чыгармаларынын бири болуп эсептелет. Аны 1586-жылы падыша Федор Ивановичтин буйругу менен Москвадагы Замбирек сарайында ордо устасы Андрей Чохов жасаган. Анын калибри 890 мм түзөт. Ал дүйнөдөгү эң чоң замбирек болуп эсептелет, ошондуктан аны Падыша-замбирек деп атай башташкан. Анын салмагы 40 тоннага чукулдап барат. Замбиректин колодон жасалган стволу ар түрдүү фигуралар, оюм-чийимдер, жазуулар жана падыша Федор Ивановичтин атчан фигурасы менен кооздолгон.

Тыянак: калп. Оригинал сүрөттө замбиректин ордунда вагон аянтчада ракеталык комплекс болгон.