Фоточек: Симоньян “башкача сүйлөй баштадыбы” жана Украина менен согуштун керектигинен күмөн санадыбы?

Коомдук тармактарда RTнын (Russia Today) башкы редактору Маргарита Симоньяндын Twitter’деги постунун “скриншоту” жарыяланды, анда Симоньян Украина менен согушту баштоонун зарыялчылыгынан күмөн санагандай түр калтырат: “Балким мунун баары бекер кылынгандыр? Өзүбүздүн маселелерибиз аз беле? Баардыгын кайра Украинага кайтарып берсекпи, жашай беришсин каалаганындай. Тойдум буга”.

Көбү скриншоттун чындыгынан күмөн санаганы менен, Симоньяндын “башкача сүйлөй баштаганына” ишенгендер да аз эмес болуп чыкты. Алар “жагатты” басышып, пикир калтырышып, скриншот менен бөлүшүп жатышты.

Factcheck.kg редакциясы Симоньян чынында эле ушул постту жазганын текшерип көрүүнү туура көрдү.

Скриншотту изилдегенде фотомонтаждын издери дароо байкалды: жаңы тексттин блогун оригиналдуу постко коюп жатканда көп каталар кетирилген, алар даана көрүнүп турат.

Андан сырткары, окшоштугуна карабай, коюлган тексттик блоктун өлчөмдөрү жана параметрлери дал келбеген, ошондой эле андагы тексттин шрифти Twitter’де колдонулуучу шрифттен айырмаланып турат.

Визуалдык каталардын сырткары текстте орфографилык жана пунктуациялык каталар да орун алган, Симоньян колдонбогон “ё” тамгасы кездешет.

Симоньяндын Twitter’деги расмий баракчасынан 2022-жылдын 5-октябрынан 9-октябрына чейин жарыяланган постторунун арасынан бул постту, же мазмуну жагынан үндөш болгон башка постту таба алган жокпуз.

Эскерте кетсек, Маргарита Симоньян Sputnik жана РИА «Новости» маалыматтык агенттиктери курамына кирген “Россия сегодня” эл аралык медиатобунун RT телеканалынын башкы редактору болуп эсептелет. Телеканалды да, медиатопту да Орусия Федерациясынын өкмөтү каржылайт. 2022-жылы алардын бюджети 28,695 млрд рублду түздү. Украинадагы согуш башталганына бир нече күн болгондо жалган маалыматтар жана пропаганда менен күрөшүү максатында бул медиалардын Европа Биримдигинде жана Улуу Британияда көрсөтүлүүсүнө тыюу салынган.

Тыянак: калп. Скриншот — бул фотомонтаж. Симоньяндын Twitter’деги расмий баракчасында ушуга окшош жазуулары жок.