Мессенджерлер аркылуу Владимир Путиндин жердиктерге фейк кайрылуусу таркатылууда

WhatsApp мессенджеринде жана бир катар коомдук тармактарда революциялык аракеттерге чакырган кезектеги “В.В. Путиндин Жердин жарандарына кайрылуусу” таркатылып жатат.

Ылдыйда бул кайрылуунун толук тексти келтирилген. Factcheck.kg аталган маалыматты текшерди.

2022-жылдын апрелинен тарта эле интернетте Орусия президенти Владими Путиндин Жердин жарандарына түз кайрылуусу деген ар түрдүү билдирүүлөр пайда боло баштаган.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул билдирүүлөрдүн түпнускасын табуу аракетинде чакан иликтөө жүргүздү.

Түпнускасын табуу маселени жаратты, анткени орусиялык да, чет элдик да ЖМКларда “В. Путиндин Жердин жарандарына кайрылуусуна” байланыштуу бир дагы макала же видео табылбады.

Биз тапкан биринчи из Андрей Проценко дегенге алып келди. Ал 2022-жылдын 9-апрелинде өзүнүн ВКонтакте тармагындагы баракчасында эч бир маалымат булагына шилтеме келтирбестен ушул “кайрылууну” камтыган постту жарыялаган (53 адам аны жагат деп белгилеп, 11 колдонуучу бул пост менен бөлүшкөн).

Бир сутка аралыгында ушул эле текст (акыркы абзацы гана жок) “Одноклассники” тармагындагы топтун биринде пост түрүндө жарыяланган. Бул топтогү билдирүүлөрдү талдап жатып, анда видеолорго аудио өзүнчө кошулган, “расмий булактардан” алынган, же Украинадагы аскердик аракеттерге катышкандардын айтып бергендери делген көптөгөн бурмаланган маалыматтарды таптык.

Ал эми 2022-жылдын 11-апрелинде ушул эле билдирүү, бирок эми үч тилде (орус, англис, немис), WhatsApp мессенджериндеги Бишкектиктердин тобунун биринде пайда болгон. Ал билдирүүнүн “көп бөлүшкөн” деген белгисине караганда, “кайрылуу” интернетте өтө тездик менен тараган.

Биз караштырган учурлардын биринде да маалымат булактарына шилтеме болгон эмес, ал эми издөө кызматтарынан биз жогоруда кеп кылган коомдук тармактагы постторго гана шилтемени тапса болот.

Тыянак: калп. Владимир Путин Жердин жарандарына эч бир түрдө (расмий же бейрасмий) кайрылуу кылган эмес.

Factcheck.kg сайтынын командасы тармакта пайда болгон баардык маалыматтарды текшерүү керектигин эскертет, өзгөчө ал маалымат менен бөлүшөөрдүн алдында.