Шанхай аэропортунда 14 миң адам мажбурланып карантинге алынган калп

Шанхайда 14 миң адамды мажбурлап карантинге жабышкандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды. Мисалы, англиялык express.co.uk басылмасы Twitter  соц. тармагына таянып, «Шанхайдагы Pudong аэропортунда миңдеген адам карантинге алынды» деп жазып чыккан. 

Ал эми айрым колдонуучулар жаңы вирус тарап кетти деп божомолдогон.

Factcheck.kg бул маалыматтарды текшерип көрүүнү чечти. 

23-ноябрда Шанхайдагы муниципалдык элдик бийлигинин расмий сайтында акыркы үч күн ичинде коронавирус илдетинин жаңы учурлары тууралуу маалымат жарыяланган. Илдетке кабылгандардын арасынан үчөө жергиликтүү аэорпорт кызматкерлери экендиги белгиленет. Мындан тышкары, оорунун жайылып кетпеши үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымдалган. Бирок, аэропорттогулар мажбурлап карантинге алынгадыгы боюнча сөз болгон эмес. 

24-ноябрда Шанхай муниципалитетинин маалымат бюросу 22-ноябрдан 23-ноябрга караган түнү Пудун аэропортунда жүк терминалында жана жүк участкаларында эмгектенген миңдеген кызматкерлер тесттен өткөндүгү тууралуу кабарлаганМаалыматка ылайык,  17 719 адам тест тапшырып, 23-ноябрга карата 11 544 адамдын тестинин жыйынтыгы чыккан. Алардын баарынан коронавирус аныкталган эмес деп айтылат. Ошол эле күнү Шанхай аэропортунун вице-президенти Чжоу Цзюньлун  пресс-конференция учурунда бул тууралуу билдирүү жасаган. Мындан тышкары, тест тапшыруу үчүн аэропорттун экинчи кабатындагы P4 тилкесинде атайын тесттик аймактар уюштурулганы маалымдалат.  

Дал ошол учурда Twitter социалдык тармагында миңдеген аэропорт кызматкерлери үйлөрүнө бара албай аткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон.  Кечки саат сегизде (20.04) @Polkallen1 аттуу колдонуучу өз баракчасына бир нече видео жарыялап: “Бүгүн кечинде Пудун аэропортунун жүк терминалында бардык кызматкерлер нуклеин кычкылдыгына тест тапшыруу өтүүдө” , —деп билдирген.  

Бир сааттан кийин (21.01) @badiucao  аттуу колдонуучу ошол эле видеолорду бөлүшөт, бирок, аларга такыр башка мүнөздөмө берген: “Шанхайдагы Пудун аэропортунда коронавирустун эки учуру катталгандан кийин 14 миң адам карантинге алынды”.

Белгилей кетчү жагдай, @badiucao  аттуу колдонуучу жогорудагы маалыматты тактоо зарыл деп кошумчалаган.

Англиялык Express басылмасы дал ушул колдонуучунун постун жарыялаган. Бирок, “маалыматты тактоо зарыл” деген комментарийин этибарга алган эмес. Мындан тышкары, басылма бардык жүргүнчүлөр тесттен өткөн деп, чындыкка дал келбеген маалыматты жарыялаган.  

23-ноябрдан тарта Шанхайдагы Пудун аэропорту демейдегидей өз ишин уланткан

Жыйынтык: жалган. 22-ноябрдан 23-ноябрга караган түнү Шанхай аэропортунун 17 миң кызматкери коронавирус илдетин аныктоочу тест тапшырган. Алардын карантинге алынгадыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.