Баланы тумчуктурган тарбиячы жөнүндө видео кайрадан жайылды

751582857841_l

Социалдык тармактарда бала бакчалардын биринде тарбиячы жаш баланы тумчуктурган видеотасма тарады.  Окурманыбыз бул тасманы текшерүү өтүнүчү менен редакцияга кайрылды. 

Factcheck.kg видеону текшерип, ал 2018-жылы Казакстанда тартылганын аныктады

50 жаштагы тарбиячынын аты Умит Пирмаханова. Ал Темиртаудагы “Домик” бала бакчасында иштеген. Коомчулукта кызуу талкуу жараткан тасма 2018-жылы россиялык “Мужское/Женское” (“Первый канал”) телеберүүсүндө көрсөтүлгөн.

 

Учурда Кыргызстандын интернет айдыңында бул тасма кайрадан жайылды. Эске салсак, 2020-жылдын февраль айында ал биринчи ирет тараган эле. Анда дагы колдонуучулар тарбиячынын жазасын талап кылган. 

2018-жылы Пирмахановага сот өкүмү чыгарылып, 120 саат түзөтүү жумуштары дайындалган, ошондой эле жабыркаган кыздын үй-бүлөсүнө 200 миң теңге (ошол кездеги курс боюнча 532 доллар) төлөнгөн.

Жыйынтык:  Тасма 2018-жылы Казакстанда тартылган жана анын Кыргызстанга тиешеси жок.