Өзбекстанда COVID-19га каршы помидор-вакцина бышып калды. Чынбы же калппы?

“Вечерний Бишкек” “Өзбекстанда COVID-19га каршы помидор-вакцина бышып калды” деген жаңылыкты жарыялады. Материалда помидор-вакцинадан сырткары, жесе боло турган вакцина укроп, редис жана бадыраңдын үстүндө иш жүрүп жатканы айтылат.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул маалыматты текшерди.

Аталган материал өзбекстандык UzNews сайты 2022-жылдын 9-мартында жарыялаган репортаждын көчүрмөсү болуп эсептелет. Материал басылманын Youtube-каналында жарыяланган видео менен коштолот, анда вакцина-помидорлорду өстүрүү жана тестирлөөдөн өткөрүү процесстери кенен баяндалат.

Материалдын негизги каарманы – Өзбекстандын Илимдер академиясынын Геномика жана биоинформатика борборунун директору, ӨР ИАнын илимий мекемелелеринин Директорлор кеңешинин мүчөсү, биология илимдеринин доктору Забардаст Буриев.

Биз аныктагандай, UzNews вакциналуу помилорлор тууралуу буга чейин да жазып келген. Помидор-вакциналарды өстүрүү тажрыйбалары тууралуу Буриев 2021-жылдын августунда эле айтып берген болчу.

“Жесе боло турган вакциналар” – өзбек окумуштууларынын ноу-хаусубу?

Жок. Жесе боло турган вакциналарды өстүрүү боюнча иштер Өзбекстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да жүргүзүлүп жатат. Мисалы, Санкт-Петербургдагы Эксперименталдык медицина институту 2021-жылы ряженка түрүндөгү COVID-19га каршы “мукозалдык вакцинанын” үстүндө иш алып барган, ал эми ага чейин сасык тумоого, пневмококко жана стрептококко каршы ушуга окшош вакциналарды иштеп чыгышкан.

Жесе боло турган вакциналардын тарыхы

Vrinda M Kurup жана Jaya Thomas индиялык окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, жесе боло турган вакциналардын концепциясын 1989-жылы Hiatt жана анын кесиптештери иштеп чыккан, ал эми доктор Arntzen аны толуктаган. Алгач тамеки өсүмдүгүнө жалгаштырылып В гепатитине каршы вакцина ойлоп чыгарылган. Кийинчерээк ушундай эле вакцина картофелге жалгаштырылган.

Вакцинаны иштеп чыгуу жана колдонуу

АКШнын Улуттук Аллергия жана жугуштуу оорулар институту 1998-жылы жесе боло турган вакцина менен иштөө приницибин жана концепциясын бекиткен болчу.

Бирок да, бүгүнкү күнү өсүмдүктөрдүн негизиндеги бир канча вакциналар иштелип чыкканына карабай, АКШнын Санитардык көзөмөл боюнча башкармалыгы бир дагы жесе боло турган вакцинага уруксат берген эмес. Анткени вакцинанын ушул түрлөрү үчүн генетикалык жактан жакшыртылган өсүмдүктөр колдонулат.

Бүгүнкү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы COVIDге каршы жесе боло турган вакцинаны колдонбойт.

Өзбек окумуштууларынын жесе боло турган вакциналарын колдонсо болобу?

Азырынча бул эрте. Вакцинаны иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: “Ар бир вакцина, аны колдонуу коопсуз экенин аныкташ үчүн дыкат тестирлөөдөн өтүшү зарыл, ошондон кийин гана ал өлкөнүн вакцинация программасына киргизилет”.

Ар бир иштелип жаткан вакцина адамдын катышуусу каралбаган тестирлөөнүн клиникага чейинки фазасынан өтүшү керек.

Помидор-вакцинанын үстүндө иш алып барган Забардаст Буриевдин айтымында, алардын иликтөөсү азыр так ушул баскычта.

Эгер вакцинага карата имундук реакция боло турган болсо, ал адамдын катышуусу каралган клиникалык тестирлөөдөн өтөт. Ал үч фазадан турат.

1-фаза. Вакцина аз сандагы ыктыярчыларга берилет. Адатынча, тестирлөөнүн бул фазасында ал жаш ыктыярчыларда сыналат.

2-фаза. Вакцинанын коопсуздугун жана имундук реакцияны жарата аларын текшериш үчүн жүздөй ыктыярчылар тартылат. Бул фазанын катышуучулары жашы, жынысы боюнча вакцина эсептелген адамдардай болот. Бул баскычта адатынча ар кайсы жаштагыларга кандай таасир боло тургандыгын аныкташ үчүн жана вакцинанын ар түрдүү курамын сынаш үчүн бир нече сыноолор өткөрүлөт.

3-фаза. Вакцина миңдеген ыктыярчыларда сыналат. Андан ары вакцина албаган ушуга окшош топтун көрсөткүчтөрү менен салыштыруу жүргүзүлөт. Сыноо ар кайсы өлкөлөрдө, ал эми бир өлкөнүн ичинде ар кайсы райондордо өтүшү керек.

2- жана 3-фазалардагы сыноолордо “көз байлоо” ыкмасынын колдонулушу негизги талаптардын бири. Ыктыярчылар да, окумуштуулар да, кайсы ыктыярчылар сыналып жаткан вакцинаны алганын, а кайсы ыктыярчылар салыштыруу продуктусун алганын билбеши керек.

Баардык клиникалык тестирлөөлөрдүн жыйынтыктарын алгандан кийин натыйжалуулугу жана коопсуздугу текшерилет, анын негизинде нормативдик актылар жана саламаттыкты сактоо багытындагы саясат бекитилет. Ар бир өлкөнүн расмий кызматтагы адамдары иликтөөнүн жыйынтыктары менен таанышып чыгып, вакцинаны колдонуу же колдонбоо тууралуу чечим чыгарат. Вакцина калктын кеңири катмары үчүн коопсуз жана эффективдүү болушу керек.

Вакцина колдонууга киргизилгенден кийин окумуштуулар такай мониторинг жүргүзүп турат.

Тыянак: далилденбеген. Өзбекстандык окумуштуулар курамында COVID-19га каршы вакцина бар помидордун үстүндө иш алып барып жатышат, бирок алардын изилдөөлөрү эң баштапкы гана баскычта. Ушуга байланыштуу алардын вакцинасынын эффективдүүлүгү тууралуу сөз кылуу азырынча мүмкүн эмес.