Видеочек: Кыз селфи кылам деп лавага кулап кеттиби?

Жакында Twitter коомдук тармагында кыз селфи кылам деп жанар тоонун кратерине кулап кеткен видео жарыяланды. Коомдук тармактын колдонуучусу “башын иштетпейбы” ушунчалык жакын барып селфи кылганга деп таңгалганын жашырбайт.

Fatcheck.kg редакциясы видеонун аныктыгын текшерди.

Биз тактагандай, бул видео биринчилерден болуп көңүл ачуучу Пикабу сайтында 2017-жылдын 4-августунда жарыяланган.

Видеону коштогон текст тамаша түрүндө болчу: “Гаваяда турист кыз Килауэа жанар тоосунун кызыл чок лава толтура кратерине кулап кетти. Учурда куткарууулар кыздын сөөгүн же жок дегенде андан калганын издеп жатышат. Бул издөөгө фольгадан жана күйбөгөн материалдан жасалган атайын гидрокийимдерди кийип алып гаваялык куткаруу жана жээк коопсуздугу кызматынын суучулдары катышууда. Азыр Гавая аралынын шааркомунун атайын буйругу болмоюнча активдүү Килауэа жанар тоосуна байланыштуу бардык туристтик маршруттар жабылды”.

Ушул эле сайтта ошол эле күнү видонун түп нускасы жарыяланган. Ал видеодо кыз чынында сууга кулаган.

Белгилей кетсек, геолог Эрик Клеметти 2011-жылы өзүнүн блогунда папулярдуу тасмалардагы жанар тоонун лавасына адамдын кулап кеткенине байланыштуу сценаларда кетирилен каталар тууралуу жазган болчу. Ал билдиргендей, лаванын температурасы 700дөн 1200 градус цельсияга чейин жетет. Ал суюк болгону менен анын тыгыздыгы өтө жогору, ошондуктан ал бардык бардык органикалык заттарды үстүнө түртүп чыгарат.  Башкача айтканда лавага чөгүү мүмкүн эмес.

Тыянак: фейк. Чындыгында кыз сууга кулап кеткен.