Юстиция министрлиги Кыргызстанды Батыш өлкөлөрү менен салыштырды: Европада жалган жалаа жабуу кылмыш болуп саналары чынбы?

Кыргызстанда ЖМКлардагы жана Интернеттеги жалган жалаа жана мазактоо үчүн жарандарга 100 миң сомго чейин айып пул салууну пландап жатышат. Коомдук тармактардагы посттун астына жазылган комментарий үчүн да айып пул каралууда. Документ кабыл алына турган болсо мыйзамдын аткарылышына Маданият министрлиги жоопкерчиликтүү болот.

Мыйзам долбоорун тааныштырган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Франция, Германия, АКШ, Швеция сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө жалган жалаа үчүн кылмыш жазасы каралганын айтты.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы мунун чын-төгүнүн текшерип чыкты.

Франция

Францияда чынында эле жалган жалаа жөнүндө мыйзам бар, бирок ал кыргыз бийлиги билдиргенден бир аз башкачараак иштейт.

Эгерде жалган жалаа ачык же ачык эмес айтылса, эгерде ал мамлекеттик бийлик органдарына каршы багытталган болсо жана расисттик же басмырлоо мүнөзүндө болсо, өлкөнүн жарандары даттана алышат.

Жалган жалаа кыйыр түрдө кыйытма аркылуу айтылса да аныкталышы мүмкүн. Ошондой эле, эгерде адамдын аты аталбаса да, бирок анын ким экенин аныктоого мүмкүн болгон адамга каршы айтылса, бул жалган жалаа деп эсептелет.

Мыйзам жалган жалааны адамдын ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген фактыны билдирүү катары чечмелейт. Мисалы, коомдук талкууда саясий оппонентти “соттолгон” деп жарыялоо.

Жарандар жалган жалаа тууралуу каякка кайрыла алышат?

Францияда интернеттеги аброюна шек келтирген комментарийлерден жапа чеккендер полицияга же жандармерияга (жандармерия – полициянын атайын бөлүмү болуп саналат – ред. эскертүүсү) кабарлашат.

Эгер сиз укук бузуунун курмандыгы болсоңуз, алар сиздин арызыңызды каттоого милдеттүү. Андан кийин арыз прокурорго берилет. Ал кылмышты классификациялайт, же кылмыш ишин козгоодон баш тартат. Иш козголсо, тергелип, сотко берилет.

Эгерде жалган жалаа тууралуу доомат чет элдик дипломаттарга коюлган боюлса, алар сот тарабынан акталып чыгышы мүмкүн. Бул дипломатиялык кол тийбестикке байланыштуу.

Мындан тышкары, парламентарийлердин кол тийбестиги бар, бул депутаттарды жана сенаторлорду Улуттук жыйындагы жана Сенаттагы дебаттарда айтылган аброюна шек келтирген билдирүүлөрү үчүн соттогонго жол бербейт.

Соттук кол тийбестик соттук териштирүү учурунда айтылган адамдын аброюна шек келтирген комментарийлер үчүн соттогонго жол бербейт.

Ошондой эле, эгерде айыпталып жаткан жаран ак ниетте аракеттенгенин далилдей алса, анда сот аны да актай алышы мүмкүн. Мыйзамдын бул бөлүгүн пайдаланыш үчүн төрт шарт аткарылышы керек:

  • Сөз айтуудагы сактык жана ашыкча кетпестик, апыртмалардын жоктугу.
  • Жеке тирешүүнүн жоктугу.
  • Мыйзамдуу максаттын болушу: мисалы, саламаттык сактоо тармагындагы чатак тууралуу билдирүү.
  • Аягында туура эмес болуп калган учурда да айтылган сөздөрдүн автору, журналистпи же жокпу баары бир, салмактуу фактыларга таянышы керек. Ал бул айыптоолорду жөндөн жөн эле же атайылап жалган жабуу максатында жасабаганын далилдеши керек.

Натыйжада, жаза жалаанын ачык же ачык эмес мүнөзүнө, ошондой эле расисттик же басмырлоочу себептердин болушуна же болбогонуна жараша болот. Мыйзам ачык жалаа жабууну катуу жазалайт, анткени ал жалпыга маалым болуп, андан жапа чеккен адамга олуттуураак зыян келтирилет. Эл алдында жалаа жапкандар €12 миң айып пул менен жазаланат, ал эми ачык эмес жалаа үчүн €38 чейин айып пул салынат.

Германия

Германиянын Юстиция министрлиги жарандар өз оюн эркин айта алаарын жана сөз эркиндиги негизги укук экенин белгилейт. Бирок бул эркиндик башкалардын укугу бузулган жерде бүтөт. Бул жорук кылмыш болушу мүмкүн.

Германияда жалган жалаа башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды таратуу болуп эсептелет. Бул ЖМКда, Интернетте жарыяланган же башка жол менен таратылган оозеки же жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр болушу мүмкүн.

Германияда мазактоо жана жалаа боюнча үч мыйзам бар. Мисалы, Кылмыш-жаза кодексинин § 185-беренесине ылайык, мазактоо айып пул салуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Кылмыш-жаза кодексинин 186-беренесине ылайык, жалган жалаа үчүн максималдүү өлчөмдөгү айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренесине ылайык, жалган жалаа үчүн максималдүү өлчөмдөгү айып пул салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жалган жалаадан жана мазактоодон жабыркагандар иштин мүнөзүнө жараша кайрылышат. Алар полицияга барып, бардык далилдерди келтире алышат. Иш козголгондон кийин сотко келиш керек.

Ошондой эле Германияда өзүн-өзү жөнгө салуучу орган – басма сөз кеңеши бар, ал маалымат каражаттарынын ишин көзөмөлдөйт. Басма сөз кодекси бузулган учурда кеңеш тиешелүү редакцияга эскертүү же ачык сөгүш жарыялай алат.

Бирок Германияда жалган жалаа беренелери боюнча ЖМКга каршы соттук териштирүүлөр да болгон. 2011-жылы Германиядагы резонанстуу сот иштеринин бири аба-ырайы программасын алып баруучу Йорг Кахельманга байланыштуу болгон. Ал мурдагы сүйлөшкөн кызын зордуктаган деп айыпталып, бирок соттук териштирүүдө акталып чыккан. Акталгандан кийин Кахельман Bild гезитин сотко берген. Сот гезитти Кахельманга анын аброюна келтирилген зыян үчүн компенсация катары 635 миң еврого барабар рекорддук сумманы төлөп берүүгө милдеттендирген.

Америка Кошмо Штаттары

АКШда жалган жалаа диффамация деп аталат. Корнелл юридикалык мектебинин аныктамасында, диффамация – үчүнчү жактын аброюна шек келтирген билдирүү. Бул билдирүү жазуу түрүндө болушу мүмкүн, мындай учурда ал жалган жалаа деп аталат, ал эми оозеки түрүндө болсо – мазактоо.

Диффамацияга каршы мыйзамдар ар бир штатта ар башка, ошондуктан каралган жаза да айырмаланат. Кээ бир штатта диффамация үчүн жарандык жоопкерчилик каралган. Мисалы, Калифорнияда жаза түрүндө диффамациялык билдирүүнүн мүнөзүнө жана келтирилген зыянга жараша айып пулдар каралган.

Ошол эле кезде 13 штатта дагы эле жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилиги караган мыйзамдар колдонулат. Мисалы, Айдахо штатынын мыйзамында төмөнкүдөй айтылат:

«Ар бир адам атайылап жана башка бирөөгө зыян келтирүү максатында ар кандай жалаа жабуучу материалды жарыялаган же жарыялоого себеп болгон болсо, 5000  АКШ долларынан ашпаган айыппулга же алты айдан ашпаган мөөнөткө округдук түрмөгө камакка алууга жазаланат».

Айрым штаттарда басылмалар жалган жалааны камтыган материалдарды редакциялап кайра жарыялоо менен келтирген зыяндарын азайта алышат.

Диффамацияны кантип далилдесе болот?

Диффамация фактысын далилдөө үчүн доогер төрт нерсени далилдеп бериши керек:

  1. Факты катары көрсөтүлгөн билдирүүнүн жалгандыгын.
  2. Бул билдирүүнүн үчүнчү тарапка жарыяланышын же билдирилишин.
  3. Билдирүү кылгандын бери дегенде шалаакылыкка тете күнөөсүн.
  4. Жалган жалаа билдирүүнүн бутасы болгон адамдын же юридикалык жактын беделине келтирилген зыянды.

Конституцияга биринчи түзөтүү

АКШнын Конституциясына биринчи түзөтүү дин тутуу жана сөз эркиндиги укуктарын өкмөттүн кийлигишүүсүнөн коргойт. Ошентип, сөз эркиндигин чектеген, басма сөз эркиндигин бузган мыйзамдарга тыюу салынат.

Биринчи түзөтүүгө ылайык, эгерде адамдын кайсы бир башка адам же кайсы бир тема тууралуу жазганы же айтканы чын болсо же чынчыл пикирге негизделсе, ал адам жоопкерчиликке тартылбайт. Ошол эле учурда АКШнын Жогорку Сотунун пикиринде, өкмөт коомдук тартиптин бузулушуна же зордук-зомбулукка алып келиши мүмкүн айрым сөздөргө тыюу салууга укуктуу.

Өкмөт сөз эркиндигин коргогону менен, ал белгилүү бир шарттарда сөз эркиндигин дагы эле чектей алат. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Адепсиздик жана адепсиз жүрүм-турум. Мисалы, Коомдук ЖМКлар Альянсы менен Федералдык байланыш комиссиясынын ортосундагы иште АКШнын Жогорку Соту адепсиздик жана балдар порнографиясы коргоого алынбайт жана мазмундун бул түрүнө тыюу салынышы мүмкүн деген чечим чыгарган.
  • Диффамация. Жеке адамдар же коомдук ишмерлер кимдир бирөөнү айткан сөздөрү үчүн сотко бере алышат. Коомдук ишмерлер ал адам атайын каралоо ою менен билдирүү жасаганын далилдеши керек, башкача айтканда, ал билдирүү жалган экенин билгенин же билдирүүнүн чын же калп экенине көңүл бурбагысы келбегенин делилдеш керек. Жеке адамдар доого жыгылып жаткан адам билдирүү жасап жатканда акылга сыярлык сактык кылбаганын далилдеши керек.
  • Шыкакчылык. Эгерде адам жакын арада сөзсүз боло турган жана мүмкүн боло турган мыйзам бузууга шыкак кылуу ниетинде болсо, ошол эле учурда бул чагымчылдыкты бир адамга же адамдардын тобуна багыттаса, анын сөзү Биринчи Түзөтүүгө ылайык корголбойт.

Швеция

Швецияда жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилиги Швециянын Кылмыш-жаза кодексинин 5-главасы менен жөнгө салынат. Адамга кылмыш жасаган деп айып коюлса, же ал татыксыз жашоо образына айыпталса бул жалаа жабуу болуп эсептелет, бул адамга карата урмат-сый мамиленин жоголушуна алып келиши мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, Швециянын мыйзамдарына ылайык, ал тургай чындыкка дал келген билдирүүлөр да адамдын аброюна шек келтирүүчү деп бааланышы мүмкүн. Жалган жалаа үчүн айып пулдан тартып, иштин оордугуна жараша эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Акыркы беш жылдын ичинде Швецияда жалган жалаа боюнча журналисттерге тийиштүү бир канча учур катталган, өзгөчө #MeToo кыймылынын алкагында. Анда айрым журналисттер айыпталып жаткандардын ысымдарын жетиштүү негизсиз эле ачык айтканы үчүн жөлөк пул айыбына жыгылган. Бирок журналисттерге жалаа жабуу жөнүндөгү мыйзамдар сейрек колдонулат, ал эми массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо учурлары сейрек кездешет. Эң белгилүү иштердин бири – журналист 125 миң швед крон өлчөмүндө (болжол менен $20 миң) айып пул төлөөгө милдеттендирилген, бул Швециядагы жалган жалаа үчүн эң чоң суммадагы жазалардын бири болгон.

Учурдагы укуктук механизмдерге карабастан, журналисттерге карата жалаа жабуу иштери салыштырмалуу сейрек бойдон калууда.

Эмне үчүн европалык тажрыйба Кыргызстанда иштебеши мүмкүн: юристтер түшүндүрөт

«Адилет» укуктук клиникасы Factcheck.kg’ге берген комментарийинде Кыргызстан, албетте, бул өлкөлөрдүн тажрыйбасын өзүнүн укуктук нормаларын иштеп чыгуу үчүн мисал катары пайдалана алат дейт. Бирок европалык өлкөлөрдөгү бул мыйзамдарды ишке ашыруу жана ачык-айкындуулук деңгээлин эске алуу зарыл. Кыргызстанда бул кыйын болушу мүмкүн.

Мыйзам долбоору сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Маселен, жалган жалаа үчүн чоң суммадагы айып пулдун киргизилиши сөз эркиндигине таасирин тийгизип, өзүн-өзү чектөөгө алып келиши мүмкүн. Батыш өлкөлөрүндө өзүн-өзү жөнгө салуу институттары (пресса кеңеши, журналисттик этика стандарттары) киргизилген, алар кылмыш-жаза мыйзамдарынын кийлигишүүсүз талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшөт, Кыргызстанда болсо мындай механизмдер жок.

Ошондой эле «Адилет» укуктук клиникасынын пикиринде, мыйзам Кыргызстандын шартында жакпаган ЖМКларга, блогерлерге жана жарандарга каршы тандалып колдонулушу мүмкүн, бул төмөнкүдөй кесепеттерге алып келиши ыктымал:

  • Көз карандысыз журналистикага жана бийликти сындагандарга коркунучтар: мыйзамдын тандалма аткарылышы коррупция, адам укуктары жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу сезимтал маселелер боюнча маалымат тараткан көз карандысыз маалымат каражаттарын жабышы мүмкүн. Эгерде бийлик журналисттерди жана ЖМКларды сындаган материалдар үчүн гана куугунтуктай баштаса, бул өзүн-өзү чектөөнүн күчөшүнө, журналисттик иликтөөнүн сапатынын бир топ төмөндөшүнө алып келет.
  • Коомдук талкууну жана жарандык активдүүлүктү чектөө: мыйзамдын тандалма аткарылышы жарандардын өз оюн ачык айтуудан кача башташына алып келет, өзгөчө бийликти же ири коомдук ишмерлерди сындаганы үчүн жазага тартылуу коркунучу бар болсо. Бул коомдук талкууну чектеп, конструктивдүү пикир алмашууну кыйындатат.
  • Коомдо коркуу жана ишенбөөчүлүк орун алышы: эгерде мыйзам көзөмөлдөө куралы катары колдонула турган болсо, мамлекеттик бийлик органдарына ишенбөөчүлүк пайда болуп, коркуу атмосферасын жаратат. Жарандар мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдонсо болорун билип, өз оюн ачык айтуудан сактанып калышы мүмкүн.

Тыянак: чындык. Францияда, Германияда, АКШда жана Швецияда жалган жалаа чындап эле кылмыш мыйзамы менен жазаланат. Кыргызстан, албетте, бул өлкөлөрдүн тажрыйбасын  укуктук ченемдерге карата өзүнүн мамилесин иштеп чыгуу үчүн пайдалана алат. Бирок бул мыйзамдардын тиешелүү мамлекеттерде аткарылышынын жана ачык-айкындыгынын деңгээлин эске алуу маанилүү, аны Кыргызстанда камсыз кылуу кыйын болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, мыйзамдардын аткарылышынын ачык-айкындуулугун өлчөгөн рейтинг – Мыйзамдын үстөмдүгүнүн индекси боюнча, Кыргызстан 142 өлкөнүн ичинен 103-орунда турат. Ошол эле учурда Франция, Германия, АКШ жана Швеция мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо деңгээли жогору болгон алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.

Рейтингде мамлекеттер төмөнкү факторлор боюнча бааланат: өкмөттүн ыйгарым укуктарынын чектелиши, коррупциянын жоктугу, өкмөттүн ачыктыгы, негизги адам укуктары, укук тартиби жана коопсуздук, ченемдик укуктук актылардын аткарылышы, жарандык сот адилеттиги, жазык сот адилеттиги.