Депутат Шайлообек Атазовдун вакцина тууралуу билдирүүсү жалган

17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Facebook социалдык тармагында коронавируска каршы эмдөө тууралуу бир нече билдирүү жасады. Анын айтымында вакцина алуу менен илдетти жок кылууга эч кандай далилдер жок. Мындан тышкары, эл өкүлү вакцина тукумсуздукка алып келет деп жазган. Ал Саламаттык сактоо министрлигин коронавируска каршы күрөшүү үчүн башка ыкма сунуш кылуусун өтүнгөн. Атазов билдирүүсүнө далил катары Нобель премиясынын лауреаты Илья Ильич Мечниковдун: «бекем ден-соолук болсо, эмдөөнүн зарылчылыгы жок, ал эми ооруган жанга эмдөө өлүм коркунучун алып келет» деген сөзүн тиркеген.

Factcheck.kg Атазовдун билдирүүсүн текшерип, ал чындыкка дал келберин аныктады.

Эмдөөнүн пайдасы барбы?

Вакцина организмди белгилүү бир инфекциянын козгогучуна – белгилүү бир вируска же бактерияга каршы күрөшүүгө даярдайт. Биринчиден, бул биздин иммундук системабызды, тышкы вирусту, бактерияны таанууга даярдайт. Экинчиден, ага каршы күрөшүүнү үйрөнүү үчүн антителолорду иштеп чыгууга мажбурлайт. Сиз эмдөө алганда оорубайсыз. Бирок айрым учурда эмдөөдөн кийин организмде реакция пайда болот: ийне сайган жердин оорушу (же шишип кетиши) же ал тургай дене табынын көтөрүлүшү. Андан соң ооруга каршы иммунитет пайда болот.

Дал ушул себептен улам вакцина ар кандай оорулар менен күрөшүүчү эң натыйжалуу ыкма болуп саналат. Эмдөө ооруну айыктырбайт, эмдөө илдетти алдын алат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, эмделген организм эмделбеген организмге караганда коронавирус менен кыйла натыйжалуу күрөшөт.

Эске салсак, XVIII кылымдан тарта дүйнө жүзү боюнча эмдөөнүн жардамы менен жүз миллиондогон адамдын өмүрүн сактоо мүмкүн болгон.

 COVID-19га каршы кандай вакциналар иштелип чыккан? 

Учурда буга чейин бекитилген жана дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган вакциналардан тышкары, окумуштуулар COVID-19га каршы жаңы потенциалдуу вакциналарды иштеп чыгууну улантууда. Алардын бардыгы иммунитетти COVID-19 вирусун козгоочу вирусту коопсуз таанууга жана ага бөгөт коюуга үйрөтүүгө арналган.

Вакцина коопсузбу?

COVID-19 вакциналарынын коопсуздугун сактоого жардам бере турган көптөгөн катуу чаралар бар. Бардык вакциналар сыяктуу эле, COVID-19 вакциналары да он миңдеген адамдардын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү камтыган бир нече баскычтуу сыноодон өтөт. COVID-19 жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон адамдарды камтыган бул сыноолор, ар кандай жалпы терс таасирлерди же башка коопсуздук маселелерин издөө үчүн атайын иштелип чыккан.

Клиникалык сыноолордун натыйжалары чыккандан кийин, вакцинаны массалык түрдө элге жайылтуудан мурда  ченемдик укуктук актыларды жана коомдук саламаттыкты сактоо саясатын алуу үчүн натыйжалуулугун жана коопсуздугун карап чыгуу сыяктуу бир катар кадамдар жасалат. COVID-19 вакцинасы киргизилгенден кийин, ал күтүлбөгөн терс таасирлери үчүн ар дайым тыкыр көзөмөлгө алынып турат. ДССУ өзүнүн бекитилген вакциналарынын коопсуздугуна кепилдик берет. ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебресиес эмдөөнүн пайдасы тобокелдиктерден алда канча жогору экендигин тастыктады.

Эмдөө тукумсуздукка алып келеби?

Бул маалыматты ДССУ 2021-жылдын февраль айында четке каккан. ДССУнун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит О’Брайендин айтымында дүйнөдө бир дагы белгилүү вакцина тукумсуздукка алып келбейт.

Тукумсуздук тууралуу маалыматтын пайда болушуна алгач Pfizer компаниясынын мурдагы кызматкери Майкл Йедон жана дарыгер Вольфганг Водаргдын ачык каты себепкер болгон. Анда вакцинадан кийин пайда болуучу антителолор коронавирустун белогуна гана эмес, ага окшош башка синтицин-1 аттуу белокко да таасир тийгизери тууралуу жазылган. Бул жатында платенцаны пайда кылуучу протеин болуп саналат. Иммундук системалда анын басаңдашы тукумсуздукка алып келет деп айтылган.

SARS-CoV-2 протеиндерге байланыштуу вакцинанын натыйжасында тукумсуздук тууралуу маалымат логикага туура келбейт, себеби COVID-19 менен ооруган адамдардын арасында эң көп тукумсуздук катталмак. Коронавирус жуктурган адамдардын көбүн эсе дем алуу органдары жабыркайт.

Кийинчирээк Майкл Йедон билдирүүсүн беш аминокислотанын төртөөсүндө синцитин-1 жана белок SARS-CoV-2 Spike болгону менен түшүндүргөн. Бирок анын билдирүүсүн Лондон университетинин генетиги четке кагып, тукумсуздук тууралуу чечим чыгаруу үчүн төрт аминокислота жетишсиз, эң кеминде сегизи керек деп түшүндүргөн.

Бул маалыматты Корнелл университетинин окумуштуусу Эдвард Ниренберг да тастыктаган.

Илья Мечников эмдөөгө каршы беле?

Илья Мечников – эволюциялык эмбриологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, фагоцитозду жана клетка ичиндеги сиңирүүнү ачкан, иммунитеттин фагоцитардык теориясынын жаратуучусу. Ал көптөгөн илдеттерди алдын алуу үчүн эмдөөнү кеңири колдонгон. Илимий ишмердүүлүгүндө Мечников эмдөө ыкмасына негизделген мекемени жетектеген. Демек, окумуштуу вакциналарга каршы болгон эмес, себеби бул анын илимий көз караштарына түздөн-түз каршы келмек.

Депутат министрликти коронавируска каршы күрөшүүгө кандай сунуш берсе деди?

Коронавирустун вирусун өз алдынча изилдөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгон жана ал үчүн россиялык кесиптештерине кайрылууга мажбур болгон Саламаттыкты сактоо министрлиги илдетке каршы кандай сунуш бере алат? Жообу айдан ачык. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир нече ирет Ысык-Көл тамырын үгүттөп келген.

Ал эми уу коргошун менен дүйнө жүзүн дарылоого жең түргөн, мыйзамсыз иш алып барган Хашым Зайналиев Атазовдун билдирүүсүн дароо колдогон.

 

Жыйынтык: жалган.  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, фейк цитатага таянып, эмдөө тууралуу жалган маалымат жазган.