Factcheck Избранное Расследования

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун жубайы курулуш боюнча мамлекеттик тендерлерди утуп алууда

20.10.2022

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун жубайы курулуш боюнча мамлекеттик тендерлерди утуп алууда

2022-жылы MS Building курулуш компаниясы жалпысынан 26,4 млн сомго тендерлерди утуп алды. Мурда бул бизнес Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Мурадил Сыдыковдун атына катталган болчу. Бүгүн фирма анын жубайына таандык.

Белгилей кетсек, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аткаминерлердин жана депутаттардын туугандарына тендерлерге катышууга, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жараянына кийлигишүүгө тыюу салынат.

Компания тууралуу эмне белгилүү?

Компания ишмердүүлүгүн 2007-жылы баштаган. Расмий документтер боюнча ал “турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу” менен алектенет.

Компаниянын сайты жана коомдук тармактарда расмий баракчасы да жок.

Osoo.kg маалыматтар базасы боюнча, учурда фирма Айзу Кубулбековна Токтосуновованын атына катталган. Компаниянын директору болуп анын бир тууганы Ренат Кубулбекович Урдолетов көрсөтүлгөн. Мурда компаниянын негиздөөчүсү жана директору депутат өзү болгон. Компания кайра каттоодон 2022-жылдын 19-июлунда өткөн (депутат болсо антты 2021-жылдын 29-декабрында эле берген болчу).

(

osoo.kg, негиздөөчү документтер

osoo.kg, оң тилкеде мамлекеттик бюджеттен алынган каражаттар көрсөтүлгөн

Компаниянын директорунун коомдук тармактагы баракчасынан бизге белгилүү болгондой, «MS BUILDING» (Эм Эс Билдинг) ЖЧКсы “имараттар менен курулмаларды, ошондой эле ар түрдүү татаалдыктагы инженердик тармактарды, жылуулук, суу, электр менен камсыздоочу тутумдарды жана канализацияны куруу боюнча адистешкен инжиниринг компаниясы” болуп эсептелет.

MS Building компаниясы жыл сайын ири суммадагы тендерлерди утуп келет. Мисалы, компания 2017-жылы 188 млн сомго келишимдерди түзгөнгө жетише алган.

Мурадил Сыдыков 2021-жылдын декабрында “Ынтымак” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Ал эми 2022-жылы жубайы жетектеген компания 26 млн сомдук тендерлерди утуп алган.

Компания баарынан көп Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкекжарыктын, Бишкекжылуулуктармагынын тендерлерин утуп келет.

Factcheck.kg редакциясы депутаттын пикирин угуу максатында ага бир нече жолу анын жардамчысы аркылуу кайрылган, бирок жооп алалбады.

Мыйзам эмне дейт?

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 6-беренеси боюнча, аффилирленген жактарга (аффилирленген жак – саясий мамлекеттик кызматты, саясий муниципалдык кызматты, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жана берүүчүнүн же консультанттын уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон анын жакын туугандары же жакын адамдар – ред. түш.) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун бардык этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы чечимдерге кандайдыр бир таасирин көрсөтүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле ушул мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга тыюу салынат.

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору сатып алуучу уюмдун/Агенттин же мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.

Мурадил Сыдыков тууралуу эмне белгилүү?

Мурадил Сыдыков мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. 2021-жылы ал биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүп, 6 миңден ашык добуш алып “Ынтымак” партиясынан депутат болгон.

Эмгек жолун ал 2001-жылы «ЖЭУ №12» ЖЧК коммуналдык ишканасында өндүрүш мастери кызматынан баштаган. Андан кийин көп жыл курулуш кампанияларында иштеген. 2011-жылы MS Building компаниясынын директору болгон.

Техникалык жана юридикалык билимдери бар.

Osoo.kg маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө ал ошондой эле “NuriS-KG” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Компания жүк ташуучу автотранспорттордун ишмердүүлүгү менен алектенет. 2022-жылдагы төккөн салыктары 22 миң сомду түзөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат.

Ошондой эле Мурадил Сыдыковдун Lexus 570 маркасындагы автоунаасы бар экендиги жана ал 2020-жылдан бери 30 миң сомдон ашык жазапулдарды төлөй электиги белгилүү болду.

Тыянак: Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун жубайынын компаниясы мамлекеттик тендерлерди утуп алууда, бул “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын нормаларына каршы келет. Экинчиден, депутат коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүп келүүдө жана компаниянын негиздөөчүсү болуп саналат, бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелет. Үчүнчүдөн, депутат жол эрежелерин бузуп, жазапулдарды төлөбөй келет.

Factcheck.kg – независимая онлайн платформа, основной целью которой является проверка и опровержение недостоверной информации, манипуляции и пропаганды. Уникальность проекта заключается в том, что Factcheck.kg является первым и единственным фактчекинговым ресурсом в Кыргызстане. С запуском онлайн платформы Factcheck.kg новый жанр журналистики как «фактчекинг» стал популярным и востребованным.