(Кыргыз) Эдиль Байсалов колдонгон манипуляция ыкмалары. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg  редакциясына вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун билдирүүлөрүн текшерүү өтүнүчү менен окурман кайрылды. Эске салсак, буга чейин редакция өлкө башчысы Садыр Жапаровдун сөзүнө саресеп салып, манипуляция жана жалган маалыматты аныктаса, УКМК төрагасынын билдирүүсүндө коркутуу, үркүтүүлөр айтылганын жазган.

Бул сапар Эдил Байсаловдун билдирүүлөрүндө эмнеге басым жасаларын  текшерип көрдүк.

1.Цитата: “Биз жакырчылык синдромунан эбак эле арылганбыз! Мамлекетибиз бутуна бекем турат. Буга далил бюджеттин өскөнү! Министрлер кабинети  менен Жогорку Кенеш 2021-2022-жылкы сессияда мыкты иштеди”.

* Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров депутаттарды «Дасмия» ресторанына чакырганда, ЖМКлар ысырапкорчулукка тыюу салынганын эскерткен эле. Байсалов буга жооп иретинде жогорудагы билдирүүнү калтырган

Жыйынтык: жалган маалымат жана манипуляция.

Улуттук статистика комитети жыл сайын бюджеттин өсүшүн маалымдайт. Бирок, ага карабай, расмий статистикага ылайык, ар бир төртүнчү кыргызстандык өлкөдө кедей болуп саналат.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2020-жылдын акырына карата (Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматы боюнча) 25,3%ды түзөт. Мындан тышкары, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы өлкөдө өтө жакыр адамдардын саны 39,3%га өскөн.

Ал эми өлкөнүн тышкы карызы жыл сайын өсүүдө. Бюджетке көмөк көрсөтүү максатында бийлик насыя менен гранттарды алууну токтоткон жок. Акыркы 4 жылда эл аралык каржы институттары жана донор өлкөлөр менен жалпы суммасы 2 миллиард 455 миллион долларды түзгөн 89 келишимге кол коюлган. Байсаловдун кедейликтен арылуунун себеби катары бюджеттин өсүшүн жана министрлер кабинети менен парламенттин «мыкты» ишин  жүйө келтириши манипуляциянын “логикалык ката” аттуу түрүнө кирет.  

Логикалык ката – бул логикалык ой жүгүртүүдө кетирилген ката. Аны камтыган ар бир аргумент чындык деп эсептелбейт, бирок кээ бир адамдар үчүн ар кандай себептерден улам мындай аргументтер ынандырарлык болуп көрүнөт.

 2. Цитата: «Биздин эки-үч ММКнын башкы редакторлору күн сайын жана саат сайын элибизди стресс абалына, чыныгы маалыматтык террорго салып жатышат. Бүтүндөй өлкө толкундануунун, кыжырдануунун, коркуунун жана жөн эле жалпы жек көрүүнүн абалына баткан бир дагы өлкө дүйнөдө жок».

*Байсаловдун 24.kg агенттигине берген комментарийи. Журналисттер 13 жашар кызды милиция кызматкерлери зордуктаган кылмыш иши боюнча чиновник менен маектешкен. Эске салсак, андан бир күн мурун  Байсалов “жараны күчөтпөө максатында” социалдык тармактарга мындай кылмыштар тууралуу жазбоого үндөгөн. 

Өлкөдөгү медиа сабаттуулуктун абалы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, маалымат агенттиктеринин сайттарында жарыяланган өлкөдө болуп жаткан бардык жаңылыктар бул сайттардын жалпы мазмунунун жарымынан азын гана ээлейт. Мындан тышкары, сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 57%ы смартфондорунан теле-шоулорду, тасмаларды, сериалдарды такай көрөрүн аныктаган. 

 

Изилдөө көрсөткөндөй, контенттин бир дагы түрү бүтүндөй калкты камтый албайт. ММКлар күн сайын, саат сайын жалпы элибизди стресс абалына салып жатканы тууралуу айткан  Байсалов маселенин масштабын көбөйттү. Анын үстүнө окурмандарды жасалма түрдө массалык маалымат каражаттарына каршы коюп, ММКларды аёосуз душманга айлантуу аракетин көрдү.

Жыйынтык: манипуляция –  масштабды бурмалоо, душманды шайтанга айлантуу.

Масштабды бурмалоо – окуялардын реалдуу масштабын анын маанисин төмөндөтүү же апыртуу максатында өзгөртүү.

Душманды шайтанга айлантуу – жалган же текшерилбеген айыптоолорду колдонуу менен каршылашын (мында ММКларды) «адамгерчиликсиз», адепсиз, ырайымсыз ж.б. кылып көрсөтүү.

 3. Цитата: “Мына, TemirovLive’дын балдары өткөндө төш кагып Ташиевдер тендерди утуп баштады(!!!) деди эле. Эми алар өз сөзүн төгүндөп атышат. Көрсө, [Ташиевдер] күйүүчү жана майлоочу майларды мурун эле жеткирчү экен” (автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталды –  ред).

* Байсаловдун 2022-жылдын 10-майында жазган билдирүүсү 

Temirov Live иликтөөсүндө жалпы Ташиевдер туурасында эмес, алардын уулдары тууралуу кеп кылган.

Журналисттер УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас быйыл жыл башында мамлекеттик сатып алуулар порталына катталып, тендерлерден утуп ала баштаганын ачыкка чыгарышкан. Мындан тышкары, 2022-жылдын апрель айында мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталган Шаирбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу тендерлерге катышууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Демек, иликтөө жалпы үй-бүлө эмес, Ташиевдердин уулдары тууралуу жасалган. 

Жыйынтык: манипуляция – тандалма чындык.

Тандалма чындык – чындыктын манипулаторго керектүү бөлүгүн гана айтып, ал эми калган бөлүгү тууралуу үн катпоо. 

4.Цитата:Ар бир жаранга түшүндүрүп берсек, “сен пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, карыганга чейин жогорураак болот. Пенсияга төлөбөсөң, пенсия гарантия эмес. Жакыр болуп жашасаң, пособие төлөнөт. Ал эми мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди биз түшүндүрүп башташыбыз керек”.

*Чиновниктин 2022-жылдын 12-апрелиндеги билдирүүсүнөн үзүндү. 

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамына ылайык, пенсия жарандарга төмөнкү учурларда берилет: 

а) жаш курагы боюнча;

б) майыптыгы боюнча;

в) баккан адамдан айрылгандыгына байланыштуу.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары эмгек стаж тууралуу кеп кылганына байланыштуу пенсияны жаш курагы боюнча берүү жөнүндө айтып атканы анык.

Карылык боюнча пенсия базалык, камсыздандыруучу жана топтолмо компоненттеринен турат. Пенсиянын өлчөмү жарандын жалпы эмгек стажына, ошондой эле Социалдык фондго жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулган чегерүүлөрдүн суммасына жараша болот. 

Пенсиянын ар бир компоненнтери тууралуу кененирээк бул жерден окусаңыз болот.

Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, жаран камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн учурда гана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга ээ болоо алат

Эгерде ал пенсия курагына чейин Социалдык фондго каражат которбогон болсо, ал пособие алат. Мыйзамга ылайык, пособие пенсияга укугу жок, 65 жашка толгон мырзаларга жана 60 жашка толгон айымдарга берилет. Пособие өлчөмү 2022-жылдын 1-июнунан тарта 2000 сомду түзөт. Байсалов билдирүүсүндө жаран пенсиялык фондго каражат которбосо, мамлекет ага “бир тыйын пенсия карыз эмес” экенин айткан.

Жыйынтык: чындык. 

  5. Билдирүүлөр: “Бул өрөөн гүлдөйт […] Буюрса, кыргыз элибизди Швейцария кылып койчу байлыкты көрдүм. Толугу менен мамлекеттик компаниялар иштетет, 5 миңден 10 миңге чейин жумушчу орун түзүлөт. Сиз айткан “суу булганат”, “жер талкаланат” деген коркунучтар минималдуу болот […] Бул өрөөн гүлдөйт. Келишимдер туура болсо, жергиликтүү калк 2-3 жылдан кийин Европада эс алгандай болот. Ошондойду ким каалабайт? […] 5 жыл ичинде чоң  метталлургия фабрикасы болот […] Пландар өтө-өтө чоң. Чоң-чоң шаарлар түшөт. Жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын, 6 млн элдин пайдасын ойлошубуз керек. Буюрса, бул долбоор иштеп баштаса, таза элдин пайдасында, мамлекеттин кызыкчылыгында иш жүргүзүлөт, деп ачык айта алам […] Жергиликтүү калк иштейт, пайдасын табат. Биринчи эле жылы 100 млн доллар келсе, 10 млн долларын айыл өкмөтү алат. Буюрса, мунун баары ишке ашат […] Муну жөн эле сөз катары калтырбайбыз […] Буюрса мунун бардыгы болот […] Буюрса ишке ашат […] Булардын баары ишке ашат […] Биз өсүшүбүз керек, гүлдөшүбүз керек […] Мунун бардыгы ишке ашат. Мен ишенем […] Бирок ошол күн келет […] Буюрса мунун бардыгы ишке ашат […] Буюрса Садыр Жапаров 4.5 жылдын ичинде ийгилик жарата алат […] Мен ишенем”.

*Эдиль Байсаловдун жарандык активист Улан Үсөйүн менен Жетим-Тоо тууралуу маегинен, 2022-жылдын 5-июлу.

Маекте чиновник пайдалуу кендерди казып алуу боюнча конкреттүү пландар тууралуу айтып берген эмес: болжолдор, эсептөөлөрдүн негизиндеги рентабелдүүлүк, тобокелдиктер, айлана-чөйрө үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттер, эсептөөлөрдүн ишенимдүүлүк даражасы, операциялык план, ар кандай иштер боюнча жыйынтыктар, жерди изилдөө, кендин геометриялык параметрлери, эффективдүүлүктү негиздөө, кенди иштетүү планы ж.б. Ал маектин башынан аягына чейин конкреттүү сандардан болгону 100 млн доллар киреше табылары жана 5-10 миң жумуш орундары түзүлөрү тууралуу учкай кеп айткан. Бирок, бул сандар кандай эсептердин жыйынтыгында пайда болгону белгисиз. 

Жыйынтык: жалтырак орогуч жана кайталоо аттуу манипуляция ыкмалары.

Жалтырак орогуч бул объектти позитивдүү сүрөттөгөн, бирок маңызы боюнча эч кандай кабар бербеген жалпы сөздөр. Мүнөздөмөлөр ушунчалык бүдөмүк болгондуктан, аларды кандайдыр бир объектке колдонууга болот, бирок ошол эле учурда аларды жокко чыгарууга жана жалган деп айтууга болбойт.

Кайталоо белгилүү бир символду же ураанды кайра-кайра кайталоо. Кайталоо джингл же бардык жерде жайгаштырылган сүрөт түрүндө болушу мүмкүн. 

Жыйынтык: вице-премьер-министр Эдил Байсалов өз билдирүүлөрүндө “жалтырак орогуч, “масштабды бурмалоо, “душманды шайтанга айлантуу”, “логикалык ката” жана “кайталоо” сыяктуу манипуляция ыкмаларын колдонгон. Анын пенсия тууралуу айткан билдирүүсү чындык.