Абдыгуловго карата “чабуул”

Factcheck.kg Facebook социалдык түйүнүндө жана ЖМКларда КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго карата маалымат чабуулу болуп жаткандыгын аныктады.

Factcheck.kg Facebook социалдык түйүнүндө жана ЖМКларда КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго карата маалымат чабуулу болуп жаткандыгын аныктады.

Текшерүү Абдыгуловго карата үч толкундагы чабуулга социалдык тармактагы фейк аккаунттары гана эмес, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары дагы тийиштиги бар экендигин көрсөттү.

1- толкун –  “Абдыгуловдун Улуттук банктын жетекчилигине дайындалышы

Биринчи толкун 2017-жылдын 28-ноябрынан 28-декабрына чейин уланды. Эскерте кетсек, 2017-жылдын 21-декабрында Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалган.

Фейсбук социалдык тармагында Абдыгуловго каршы үч фейк аккаунту иштеген. Алар: Каныкей Алиева (аватары – күндүн батып бараткан фонундагы кыздын сүрөтү), Rustam Uulu Talant (аватары – Джек Николсон), Ильяс Асанбеков (аватары – Чыңгыз Айтматов). Акыркы аккаунтту жаңылыштык менен Алмазбек Атамбаевдин фейк аккаунту деп аташчу. Бирок анын активдүүлүгүнө жасалган анализ көрсөткөндөй, бул фейк аккаунту буюрутма менен иштеген адискөй троллдордун тобуна таандык.

Басмасөз ЖМКларында (Ачык Саясат, Фабула, Де Факто жана Багыт КГ) негатив маанайында 6 макала жарык көргөн (“Абдыгулов Улуттук банкты ижарага алып жатат” – башка гезитте “менчигине” деген термин колдонулду)”. Эки гезитте жарыяланган макалалар мазмуну боюнча бири-бирине абдан окшош.

Гезит материалдары chyndyk.kg, gezitter.org жана nazarnews.kg сайттарында дагы жарыяланган.

2-толкун – “Улуттук банктын ЖК берген отчету”

Маалымат чабуулунун экинчи толкуну 2018-жылдын 12-майынан 13-июнуна чейин созулду. Болжолдуу колдонулган темасы – бул Улуттук Банктын ЖК депутаттарынын алдында берген отчету.

Маалымат чабуулуна жогоруда айтылган “адискөй троллдордон” тышкары дагы бир фейк аккаунту –  Наргиза Сагынбекова кошулду.

ЖМКда бул мезгилде бир гана макала (“Улуттук банк – Абдыгуловдун менчигиби?”, “Фабула” гезити) пайда болду.

 “ЖК күзгү сессия” толкуну

Маалымат чабуулунун үчүнчү толкуну мурункуларына салыштырмалуу туура бир ай эмес, андан аз убакыт, тактап айтканда 2018-жылдын 2-ноябрынан 21-ноябрга чейин жүрдү.

Анда “адискөй троллдордон тышкары” айрым ЖМКлар дагы катышты.

Гезиттерде 4 макала жарык көргөн. Алардын үчөө “Ачык саясат”, бирөөсү “Багыт КГ” гезитинде жарыяланган.

“Адискөй троллдор” тобу. 

Бул топто тапшырык менен иштеген туруктуу үч фейк аккаунту бар.

Өткөн жылдын июнь айынан бери бул топ президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Бабановду каралоо иштери менен алек болгон. Ушул эле шайлоодо президенттикке талапкер Темир Сариевге колдоо көрсөткөн материалдарын таратышты.

“Адискөй троллдор” тобунун айырмачылыктары:

  1. Бул фейк аккаунттары белгилүү бир убакта жана айрым темалар боюнча гана макалаларды жарыялайт жана комментарий жазышат (2017-жылдын июнь-октябры 2017– Бабановду каралоо жана Сариевге үгүттөө, 2017-жылдын ноябрь-декабры,  2018-жылдын май-июну, ноябры – Абдыгуловду каралоо);
  2. Атактуу топтордо (5-40) кыргыз жана орус тилдеринде демотиватор, постторду жарыялап, аларды андан ары жайылтышат.
  3. Алардын макалаларына “кызыгууну” көрсөтүү үчүн бир күндүк фейк аккаунттарын ачып, алар тарабынна лайк басуу, бөлүшүү жана комментарий калтыруу иштери жасалат.
  4. Шайлоо алдында эки аккаунт Өмурбек Бабановду каралоо менен, ал эми бирөөсү Темир Сариевге колдоо көрсөтүү макалалары менен алек болду.  Муну менен катар бири-биринин постторуна лайк басып, талкуулап жана бөлүшүп жатышты.

 Фейсбук соцтармагында Каныкей Алиеванын активдүүлүгү 

Фейсбук соцтармагында Rustam Uulu Talant аттуу аккаунттун активдүүлүгү 

Фейсбук соцтармагында Ильяса Асанбекованын активдүүлүгү 

Наргиза Сагынбекова аттуу фейк аккаунту апрель айында түзүлгөн. Ошондон баштап Абдыгулов тууралуу постторду жарыялап жана талкуулап келет. “Адискөй троллдордон” айырмаланып Жогорку Кенештин каникулу учурунда да тыныгуу жасабай иштеп келе жатат.

Бүтүм: КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго болгон маалымат чабуулу бул буюрутма кампания. 

Негиздер:

  • Жарыяланган негатив маанайындагы посттордун ортосундагы убакыт аралыктары;
  • Фейк аккаунттарынын тобу шайлоо убагында мындай кампанияны жүргүзүү боюнча тажрыйбасы бар;
  • Фейк аккаунттары адискөй СММ-жайылтуу ыкмаларын колдонушат.