Factcheckkg ЭСКЕРТЕТ!!! Төмөнкүдөй билдирүүлөрдү ачпагыла!

Интернетте социалдык тармактарда эмгек министрлигинин атынан билдирүү тарап жатат. Шилтеме көрсөтүлгөн мындай каттарды такыр ачпагыла!

Интернетте социалдык тармактарда эмгек министрлигинин атынан билдирүү тарап жатат. Шилтеме көрсөтүлгөн мындай каттарды такыр ачпагыла!

Keneshbek Sainazarov аттуу колдонуучу өзүнүн баракчасында Вотсап жана башка социалдык тармактарда таратылып жаткан шектүү билдирүүлөр тууралуу жазып чыкты. Кат КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атын жамынган.

Колдонуучу байкагандай, мындай билдирүүлөр Азербайжанда дагы атайын таратылган экен.

http://baku.ws/101204-preduprezhdenie-azerbaydzhanskim-polzovatelyam-whatsapp-ne-otkryvayte-eti-soobscheniya-foto.html

Мекемелер белгилегендей, бул маалымат чындыкка коошпойт, тескерисинче ал зыян. Бул деген көз боемочулардын интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарына жетүү жолдорунун бири. Шилтемени ачуу менен адамдар өздөрүнө тийиштүү маалыматтарга жол ачып берет.

Шектүү маалыматты таратып жаткан Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтынын домени (mobiltechnics…) анонимдүү түрдө катталган жана 2018-жылдын 10-октябрында түзүлгөн. Буга ылайык, ал Кыргызстандын расмий министрлигине эч кандай тийешеси жок.

КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайты – http://www.mlsp.gov.kg.

Министрлик анын атынан таратылып жаткан маалыматты ЖМКларга фейк деп билдирди.