Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу. Абал кандай?

Баткен облусундагы үйлөрдүн көбү курулбай эле, пайдубалдары гана турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 24-ноябрда билдирди.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин 22-сентябрда президент Садыр Жапаров чек ара аймактардагы эвакуацияланган тургундарга жардам берүүнү, кыштын суугу түшкөнгө чейин жабыр тарткан үйлөрдү калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү салууну тапшырган.

Куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун райондорун калыбына келтирүүгө 6 миллиарддан 8.5 миллиардга чейин каражат жумшоо пландаштырылган болчу.

Баткен облусундагы үйлөрдү калыбына келтирүү, куруу иштери учурда кандай экенин билүү максатында Factcheck.kg редакциясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (Мамкурулуш) кайрылган.

Турак жайлар. Ар башка маалыматтар

25-ноябрга карата мекеме 420 турак жайды куруп жаткан. Анын ичинен 413үндө курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө:

  • Баткен шаарындагы 1 турак жай (чатырды жабуу иштери жүрүп жатат);
  • Баткен районундагы 313 турак жай (алардын 233үндө дубалдарын көтөрүү, темир-бетон плиталарын орнотуу, чатырды жабуу иштери жүрүп жатат);
  • Лейлек районундагы 99 турак жай (дубалдарын көтөрүү иштери жүрүп жатат).

Калган жети объект, мекеменин маалыматы боюнча, “талаштуу, аларда курулуш иштери эмес, оңдоо иштери жүргүзүлүшү мүмкүн”.

“Комиссия бул маселени талкуулап жатат”, – деп билдиришти Мамкурулушта.

Ошол эле кезде, 19-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында 661 турай жай жабыркаганын, алардын 423үн калыбына келтирүү мүмкүн эместигин билдирген.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдиргендей, маалыматтар такай жаңыланып турат, ал эми бул парламенттеги билдирүү мурда жасалган.

Социалдык объектилер

Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу жаңжал учурунда 27 социалдык объекти жабыр тартканы аныкталган. Алар: 12 мектеп, 9 бала бакча, 6 Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП). 25-ноябрга карата 27 объектинин 9унда капиталдык ремонт иштери аяктаган:

  • Республикалык бюджеттин эсебинен 1 ФАП (Мамкурулуш);
  • Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 мектеп жана 5 бала бакча (Баткен районунун мамадминистрациясы);
  • “Ас-Сафа” Кувейт фондунун эсебинен 1 ФАП (айыл өкмөтү).

Калган 18 объектчи?

Бир объект Мамкурулуштун каржылоосунда. Анда республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Аны айдын аягына чейин бүтүрүү пландалган.

15 объектиде курулуш жана капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө, алар: 8 мектеп, 3 бала бакча, 4 саламаттык сактоо объектиси. Бул иштер донорлордун эсебинен жүргүзүлүп жатат. Бул донор Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС).

Дагы бир объектиде капиталдык ремонт иштери “Альфа-Телеком” ЖАК (MegaCom соода маркасы, мамлекеттик үлүш 100%) тарабынан каржыланууда. Башка объектини ким каржылай тургандыгы аныктала элек.

Тыянак: 413 турак жай курулуп бүтө элек, дагы жети объект “талаштуу, аларда курулуш иштери эмес, оңдоо иштери жүргүзүлүшү мүмкүн”. 27 социалдык объекттинин тогузунда капиталдык ремонт иштери аяктаган.

Эскерте кетсек, президент кыштын суугу түшкөнгө чейин жабыр тарткан үйлөрдү калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү салууну тапшырган.