Атазов: Өзбекстан менен Казакстанда TikTok жок. Текшеребиз

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстанда TikTok коомдук тармагын жабуу маселесин кайра көтөрүп чыкты. Ал “Башка өлкөлөрдө жок го бул TikTok’то андай көрсөтө тургандар. Өзбекстан менен Казакстан деген”, – деди. Бул тууралуу ал 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Factcheck.kg редакция анын айтканын текшерип чыгууну туура көрдү.

TikTok Өзбекстан менен Казакстанда бөгөттөлгөнбү?

TikTok коомдук тармагы Өзбекстанда чынында эле бөгөттөлгөн. Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы мындай чечимди 2021-жылдын июлунда Өзбекстан Республикасынын “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамынын 271-беренеси бузулганына байланыштуу кабыл алган. Учурда коомдук тармак үзгүлтүктөр менен иштеп келет, бирок колдонуучулар VPN колдоно алышат.

Казакстан, тескерисинче, TikTok менен кызматташууну күчөтүүдө. TikTok өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, 2021-жылы платформа менен айына 7 млн казакстандыктар  колдонуп келген.

Чыгыш европадагы TikTok өкүлчүлүгүнүн директору Олег Соколов Казакстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда маданий-агартуучу контентти көбөйтүүнү, анын ичинде улуттук театрлар менен музейлерди жылдыруунун пландаштырып жаткандарын айткан.

Өз кезегинде, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров компаниянын өкүлчүлүгүн Казакстанда ачуу мүмкүнчүлгүн караштырууну сунуштап, компаниянын өлкөдөгү бардык демилгелерине колдоо көрсөтүлөрүн белгилеген.

Казак TikTok-блогерлери миллиондогон тенге табаарын белгилей кетүү керек. Тикток-үйлөрдүн бири BIP.house 2021-жылы жазылуучулардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү, КМШда биринчи орунда турган.

Атазовдун TikTok коомдук тармагында баракчасы барбы?

Шайлообек Атазовдун TikTok коомдук тармагында өзүнүн баракчасы жок, бирок аны мактаган көптөгөн видеороликтерди жана анын атындагы баракчаны тапса болот.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Өзбекстанда TikTok бөгөттөлгөн, бирок баары бир үзгүлтүк менен иштеп келет жана аны VPN аркылуу колдонсо болот. Ал эми Казакстан бийлиги, тескерисинче, TikTok менен кызматташат, ал эми алардын блогерлери миллиондогон тенге таап, дүйнө жүзүндө жакшы таанымал.