Бакиевдин кадрлары азыркы бийликте: министрлер, губернатор, парламенттин спикери

13-майда Кыргызстандын президенти садыр Жапаров Бишкектин Ленин району боюнча парламентке талапкерлер менен жолугушту. Мамлекет башчы азыр өлкөдө “кадрлар жетишпей жатканын”, иштегенди билсе “башка планеталыкка” да кызмат берүүгө даяр экенин билдирди. Президент ал эмес “министрдин кызматына адамдарды табуу кыйын” экенин айтты.

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери учурдагы министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин курамын талдап чыгып, “кадрлардын жетишпестиги” бийликти кандай кадамдарга түртүп жатканын аныктады. Жогорку кызматтарда отурган бери дегенде төрт аткаминердин качып жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар экени белгилүү болду. 

Учурда “бакиевдин кадрлары” өлкөдөгү кандай таасирдүү кызматтарда экенин айтып беребиз.

Санарип өнүгүү министри

Талантбек Иманов

2022-жылдын башында Санарип өнүгүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалганы белгилүү болду, кийин Жогорку Кеңеш анын бул кызматка талапкерлигин бекиткен. Болжолдуу ушул эле убакта Factcheck.kg’нин журналисттери Имановдун өмүр таржымалын жарыялаган. Ал бир кезде Алексей Ширшовдун айдоочусу жана “Дастан” трансулуттук корпорациянын (ТУК) күзөт кызматынын кызматкери болгон. Кийин Жогорку Кеңештин жыйынында Ширшов менен чогуу иштегенин жашырган эмес. 

2022-жылдын май айында министрлер кабинети “Кыргызтелекомдогу”, “Евразия сактык банкындагы”, “Дастан” ТУКтагы жана “Альфа Телекомдогу” (Mega соода маркасы, мамлекеттин үлүшү 100%, – ред. түш.) мамлекеттик үлүштөрдү Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп бергени белгилүү болду. “Азаттык” жана Temirov Live жүргүзгөн иликтөө боюнча, биринчи үч компаниянын Ширшовго түздөн-түз тиешеси болгон.

2022-жылдын июнунда “Азаттык радионун” журналисттери “Дастан” ТУК ААКтын туунду компаниясы болуп эсептелген “Улан” мамлекеттик ишканасынан кантип 54 млн сом алып чыгарылганы тууралуу иликтөө жарыялашкан болчу. Бул иликтөөдө Талантбек Имановдун ысымы да кездешет, анткени каражаттар чыгарылып жатканда ал “Дастан” ТУКтун жетекчиси болчу, ал эми акчаны кымырып алды деп шектелген – анын өкүл баласы.

Энергетика министри

Таалайбек Ибраев

2022-жылдын октябрында Кыргызстандын Энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев дайындалган. Бакиевдин бийлиги учурунда ал “Түндүкэлектронун” коммерциялык директору, кийин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын (КУЭТ) гендиректорунун орун басары болгон. Кызыгы, быйыл 19-январда Таалайбек Ибраев электр энергиясын кезектеп өчүрүү киргизилерин билдирген, мындай өчүрүүлөр акыркы жолу “ширшов схемалары” популярдуу болгон 2008-жылы киргизилген болчу. 

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин КРдин Башкы прокуратурасы Ибраевди Алексей Ширшовдун кишиси деп расмий билдирген. 2010-жылдын августунда прокуратура Кыргызстандын улуттук электр тармагы пайдаланылган трансформаторлорду жогорулатылган баада сатып алгандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Энергетикалык компанияга 108 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул иште да Ибраевдин ысымы аталган болчу. Башкы прокуратура аныктагандай, Ибраев жана КУЭТтин коммерциялык директору Алексей Чапаев тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, макулдашып алышкан. Бул кылмыш иш аягына чейин чыгарылганбы, же жокпу, белгисиз.  

Нарын облусунун губернатору 

Алтынбек Эргешов

2022-жылдын июлунда Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Алтынбек Эргешов КРдин Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бакиев президент болуп турганда Эргешов алгач Президенттик аппараттын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2009-жылдан баштап Бакиевдин жардамчысы болгон. Бирок 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин да өкмөттүн аппаратында, кийин президенттин администрациясында иштеп келген.

2021-жылы учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Эдиль Байсалов Эргешов тууралуу мындай сөздөрдү айткан: “Бул чоң тажрыйба. Кайсы өлкөдө гана болбосун мамлекеттик ишмер […] биринчи адамдын жанында жүрүп […] чоң тажрыйба топтойт. Чечим кабыл алуу процессин байкайт […], үйрөнөт. Курманбек Бакиев тууралуу ар башка адамдар ар кандай гана көз карашта болбосун, ал өлкөбүздүн президенти болгон”.

Парламенттин спикери

Нурлан Шакиев

Бакиевдин дагы бир кадры – Нурлан Шакиев. 2022-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган. Анын өмүр таржымалына кайрылсак, Шакиев 2006-жылдан 2009-жылга чейин Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. Ал New TV телеканалында гендиректор болуп турганда ага байланыштуу чоң чатак болгон. 2019-жылы бул каналда Курманбек Бакиевдин өмүрү тууралуу тасма жарыяланып, ал коомчулуктун чоң нааразычылыгын жараткан. Анда УКМК Шакиевге эскертүү берген. 

Шакиевге байланыштуу экинчи чатак жакында эле болду. Май айынын башында коомдук тармактарда бир документтин сүрөтү таркатылып кеткен, анда ал башкы прокурордон “ведомстволордун, анын ичинде юстиция органдарынын сайттарынан экс-президент Курманбек Бакиев тууралуу маалыматтарды алып салууну жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын жайылтылышына бөгөт коюуну” суранган имиш. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы документти жасалма деп билдирген. Ал эми 6-майда документти жарыялаган “ПолитКлиника” онлайн-басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимованы УКМКага суракка чакырышкан. Кийин басылма сайттан “Шакиевдин каты” тууралуу жаңылыкты алып салган. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы үч биринчи адамдар – бул, биринчи кезекте, президент, анткени өлкөбүздө президенттик башкаруу формасы колдонулат, андан кийин аткаруу бийлигинин жана элдин өкүлдөрү болуп саналган министрлер кабинетинин башчысы жана спикер. Ошентип Кыргызстандагы үч биринчи адамдын бирөөсү – Бакиевдин мурдагы басма сөз катчысы. 

Билдирме

2022-жылдын май айында “Дастан” ТУКтун экс-жетекчиси Алексей Ширшов (Максим Бакиевдин жакын досу) Кыргызстанга кайтып келген. Бул окуя “бакиев заманынын” кайтып келиши тууралуу сөздөрдү жаратты, анткени Ширшов өзүнүн атактуу “ширшовдук схемалары” менен белгилүү. Бул схемалардын иштеши тууралуу маалыматты Kaktus.media даярдаган материалдан алса болот. Бирок президент “Кабар” маалыматтык агенттигине берген интервьюсунда бул ушак-айыңдарды төгүндөгөн.   

Быйыл жылдын башында Садыр Жапаров Кыргызстандын экс-президенттери менен жолугушкан, алардын арасында чет жерде качып жүрүшкөн Аскар Акаев жана Курман Бакиев менен да. Бул жолугушуу Кыргызстандыктардын наарачызычылыгын жараткан, ага жооп иретинде Жапаров калкка “өткөндөгү таарынычтарды” унутуу керектигин айтып кайрылган.  

Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал башкарган жылдар бийликти узурпациялоо, саясий киши өлтүрүүлөр жана кландык башкаруу менен белгилүү. Бакиевдин башкаруу жылдары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алса болот. Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта тактыдан кетирилген. Кийин бул ыңкылапты “кандуу” деп аташкан, анткени нааразычылыктарын билдирип чыккандарды атууга буйрук берилген болчу. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы бийликти алмаштыруу учурундагы массалык башаламандыкта 84 адам каза болгон. Бул күндөрү Бакиев Беларуста жашап келет.

Алексей Ширшов

Алексей Ширшов Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын адамы деп эсептелет. Бакиев бийликте турганда ал алгач “Электр станциялар” ААКтын каржы директору, кийин “Дастан” ТУК ААКтын башкармалыгынын төрагасы болгон. Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагындагы кийин “ширшовдун сехмалары” деп аталган ири коррупциялык схемалардын автору катары белгилүү. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандан чыгып кетип эл аралык издөөдө болгон. 2022-жылдын май айында, Ширшов “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып кеткен деген шек менен УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. Кийин ал үй камагына чыгарылганы билинди.