Калифорния дефолт жарыяладыбы? Текшеребиз

The Epoch Times’ка шилтеме кылынып, коомдук тармактарда таркатылып жаткан жаңылыкта АКШнын бир штаты – Калифорния – дефолт жарыялаган имиш.

“Штат ковид учурунда федералдык өкмөттөн алган 18.6 млрд доллар карызын төлөгөндөн баш тартты. Башкача айтканда карызын мамлекеттик казынага кайтаргандан таш тартты”, – деп айтылат таркатма.

Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүнүн аныктыгын текшерди.

Дефолт жарыяландыбы?

The Epoch Times сайтында “Калифорния $18.6 млрд карызын төлөгөндү кечиктирди, эми бизнес аны төлөшү керек болот” деген аталыштагы макала жарыялаган.

* Белгилей кетүүчу жагдай, Google Translate макаланын аталышын “Калифорния $18.6 млрд карызы боюнча дефолт жарыялап, эми ишканалар төлөшү керек” деп туура эмес которуп, анын маанисин да бурмалаган.

The Epoch Times адистердин пикирине таянып, “Калифорния пандемия учурунда жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды төлөш үчүн федералдык өкмөттөн $20 млрд карыз алган, эми жумуш берүүчүлөр чыгымга дуушар болушту” деп билдирет.

Андан ары макалада АКШнын Каржы министрлигинин маалыматтарына таянып, Калифорния федералдык өкмөттөн баарына көп карыз алганы келтирилет: 2-майга карата анын карызы $18.6 млрд түзгөн, андан кийин Нью-Йорк кетет – $8 млрд, Коннектикут – $187 млн жана Колорадо – $77 млн.

Материал Factcheck.kg’де жарыяланган күнү, 23-майда, Калифорния штатынын карызы Каржы министрлигинин маалыматы боюнча $17.1 млрд түзгөн:

Чынында, эң чоң федералдык карыз Калифорнияга таандык. Бирок анын суммасы таркатылып жаткан маалыматта келтирилген санга караганда эми 1.5 млрд долларга аз.

Калифорния штатынын Мыйзамдарды талдоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, федералдык карызды жабуу үчүн салыктарды 0.3 пунктка, же ар бир жумушчу үчүн 21 долларга көтөрүү чечими чыгарылган. Мындай абал карыз төлөнүп бүткөнгө чейин болмокчу, кийин салык өлчөмү 0.6%га кайтарылат.

Талдоочулардын божомолу боюнча, штат жана жумуш берүүчүлөр федералдык карыздан 2030-жылы кутулушат. Көп чыгымдар болгон учурда, федералдык карыз бир жыл кечирээк төлөнүп бүтөт.

Бүгүн, эртең АКШда дефолт

АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен 1-июнда эле дефолт жарыяланышы мүмкүн деп билдирди. Бул убакка чейин АКШ өкмөттүн бардык милдеттенмелерин жаба албай калат.

Дефолт жарыялана турган болсо анын кесепеттери эң жаман болушу мүмкүн. Ак үйдүн билдирүүсү боюнча, дефолт АКШнын тарыхый экономикалык жетишкендиктерин жууп кетиши мумкүн, адамдардын кирешелерине катуу сокку болот, ошондой эле доллардын, акциялардын курстары, АКШнын насыя рейтинги кулап, ал эми көптөгөн керектөө насыялардын пайыздык үстөктөрү жалпысынан көтөрүлөт.

Ошол эле кезде, АКШ президентинин администрациясынын Конгресстеги республикачылдар менен мамлекеттик карыздын үстүңкү чеги тууралуу сүйлөшүүлөрү токтотулуп турат. Ак үй республикачылдардын талаптарын аткаруудан баш тартууда.

Акыркылар мамлекеттик чыгымдардын азайтылышын жана чыгымдардын өсүү темпи жылына бир пайыздан ашырылбашын талап кылып жатышат.

Белгилей кетсек, АКШ 1917-жылдан бери жогорку чекти 102 жолу көтөргөн. 17-майда АКШнын президенти “бийлик бюджет боюнча бир чечимге келишерине” ишенимин билдирген.

“Америка дефолт жарыялабайт. Залдагы ар бир лидер анын кесепеттерин жакшы түшүнөт”, – дейт Жо Байден.

Тыянак: калп. Калифорния штаты дефолт жарыялаган эмес, бирок эң чоң федералдык карыз ага таандык.