Бактыбек Калмаматов, “Азаттык”: “Кыргызстанда импорт 95%ды түзөт” – жалган

Бүгүн, 23-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.
Дебатта “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү беттешти.
“Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматовдун айтымында Кыргызстан 95% импортко көз каранды.
Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башына карата өз ара сооданын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 27,7%га өскөн.
«Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 29,1%ды, импорт 70,9%ды түзөт. Мында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 48,2%ды түздү, анын ичинен экспорт 45,4% жана импорт 49,3%ды түздү», — деп билдирет Tazabek.kg.
“В структуре товарооборота экспорт составляет 29,1%, а импорт 70,9%. Где объем товарооборота на взаимную торговлю с членами ЕАЭС составил 48,2% из которых 45,4% – экспорт и 49,3% импорт”, – как сообщает Tazabek.kg.
Жыйынтык: жалган.
Вывод: неправда. Кыргызстанда импорттун үлүшү талапкер айткандан төмөн. Быйыкы жылдын башында өлкө, тескерисинче, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүн көбөйткөн.