Бактыбек Калмаматов: Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу УКМК төрагасын шайлай албайт. Жалган

Конституцияга ылайык президент өкмөт мүчөлөрүн – коргонуу, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын башчыларын, ошондой эле алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот. Конституцияда көрсөтүлгөн бир гана чектөө — президенттин ыйгарым укуктарын аткарган адам Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоо дайындоого жана өкмөттү кызматтан кетирүүгө укугу жок. Калган жагынан президенттин ыйгарым укуктары жана анын милдетин аткаруучу адам президентке ылайык бардык укуктарга ээ.

Жыйынтык: жалган.