Клара Сооронкулова: УКМК башчысынын кудасы — сот системасындагы эң бай адамдардын бири. Жартылай чындык

28-декабрда теледебат учурунда президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Канатбек Исаевдин суроосуна жооп берип атып, учурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кудасы сот системасында эң бай адамдардын бири экенин белгиледи.  

Эске салсак, Сооронкулова 24-декабрда “Фейсбук” аркылуу түз эфирге чыгып, Жогорку сотто УКМК башчысынын кудасы эмгектенерин айтып өткөн: “өмүр бою сот системасында иштеген адам декларациясында абдан көп байлыкты көрсөтүп атат… Камчыбек Ташиев чындап сот системасын паракорлордон тазалайм десе, адилеттүүлүк үчүн кудасын да текшериши керек” деген ал (тасманын 7-мүнөтүндө).

Жогорку сотто иштеген эң бай судьялардын бири чын эле УКМК башчысынын кудасыбы? Factcheck.kg текшерди.

Камчыбек Ташиевдин Ташиева Мээрим-Ай Камчыбековна аттуу кызы бар. Ал 1991-жылы туулган, социалдык тармактардагы баракчасында 2014-жылдын октябрь айында Нурлан Шайдиллаев аттуу жаранга турмушка чыкканын белгилеген.

Биз Нурлан аттуу жигиттин Жогорку сотто иштеген судьялардын бири менен да болгон байланышын аныктай алган жокпуз. Бирок, социалдык тармактардан 2013-жылдын май айында VM аттуу колдонуучу жүктөгөн сүрөт менен Adilet Abylaev аттуу дагы бир колдонуучу бөлүшкөнүн көрө алдык. Комментарий аркылуу сүрөттө Адилет менен анын жубайы Мээрим экенин биле алдык.

Adilet Abylaev аттуу колдонуучунун профилинде  VM жана Чопа  эже-карындаш (сестра) деп белгиленген.  VM аттуу колдонуучунун баракчасына кирип, анын Жыпар Мухамеджанова менен туугандык байланышын таптык. Ал судья Абылай Мухамеджановдун бир тууганы экени белгилүү.

Декларатор сайтынын маалыматына ылайык, Мухамеджанов Абылай Жумакадырович — өзүнүн жана жубайынын кирешеси жагынан эң бай үч судьянын бири.  

  1. Осмоналиев Камиль Турдубекович. Жогорку соттун судьясы, Административдик жана экономика иштери боюнча соттук коллегия, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту —  19,372,793 с.
  2. Жумагулов Памирдин. Жогорку соттун судьясы, Жарандык иштер боюнча соттук коллегия, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту- 13,931,489 с.
  3. Мухамеджанов Абылай Жумакадырович. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту – 11,649,624 с.
  4. Бакирова Нургүл Жакыповна. Жогорку соттун судьясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту- 9,488,398 с.
  5. Бобукеева Мөөргүл Рыскулбековна. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасы  – 7,967,969 с.

Жыйынтык: жартылай чындык.

Камчыбек Ташиевдин кызы Мээрим-Ай Ташиева — Адилет Абылаевдин мурдагы жубайы. Алардын бир баласы бар. Адилет Абылаев – Абылай Мухамеджановдун уулу. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Жогорку Соттун судьясы Абылай Мухамеджанов куда болгон. 

Мухамеджанов Абылай Жумакадырович үй-бүлөнүн кирешеси жагынан эң бай соттордун бири.