Ноорузду майрамдоого бийлик Баткенде 8.3 млн сом, Бишкекте 2.6 млн сом сарптады

Бүгүн 21-мартта өлкөнүн бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Адаттагыдай, Бишкектин Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат болуп өттү. Андан соң, Ноорузга карата иш-чаралар Ынтымак-1″, “Ынтымак-2” жана Ден-солук паркында уланды.

Ал эми өлкө жетекчилиги катышкан негизги салтанатту иш-чара Баткенде өткөрүлдү. Factcheck.kg Баткенде жана Бишкекте өткөрүлгөн иш-чараларга эки шаардын жергиликтүү бийлиги канча каражат сарптаганын текшерип көрдү.

Бишкектеги салтанат

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы 900 миң сомго техникалык жабдууларды ижарага алган:

  • Монитор (6 даана)
  • Микрофон (6 даана)
  • Led-экран (100  чарчы м.)
  • Компьютер (1 даана)
  • Видеопроцессор (1 даана)
  • Лайнердик конструкциялар (500 чарчы м.)
  • Жабдуулардын асма конструкциялары (500 чарчы м.)

Тендерди Белейчев Владимир Игоревич аттуу жеке ишкер 945 миң сом сунуштап,  жеңип чыккан. Ал 2020-жылдан тарта мамлекеттик мекемелер менен иштеп баштаган.  Алсак, Президенттик «Манас» камералык оркестри аны менен бир нече ирет келишим түзгөнгө жетишкен. Ал эми мэриянын тендерин алгачкы ирет жеңип алды. Белейчев уткан бардык тендерлердин жалпы суммасы 3.6 млн сомду түзгөн. 

 

Жабдууларды ижарага алуу боюнча тендерде экинчи орун Иманкулов Канатбек Намасбековичке ыйгарылган. Ал өзүнүн кызматы үчүн  895 миң сом сунуштаган. Аталган ишкер 2019-жылдан тарта мэриянын тендерлерин 5 ирет жеңген

Мындан тышкары майрамдык иш-чарага режиссердук топтун кызматы үчүн 1.1 млн сом каралган.

Техникалык тапшырмага ылайык, конкурсант майрамдык иш-чаранын концепциясын иштеп чыгышы керек эле. Анын ичинде сценарийдин долбоорун жана концерттик программаны жазуу, эстрада артисттерин тартуу, театралдаштырылган оюн-зоок ж.б. иш-чаралар камтылган. Тендерди буга чейин мамлекет менен бир дагы тендердик келишим түзбөгөн Турсуналы кызы Эльмаркуль жеңип чыккан. 

Баткендеги салтанат

Баткен жергесиндеги салтанаттуу иш-чарага бюджеттин эсебинен 8.3 млн сом сарпталган. Белгилей кетсек, бул сумма Бишкектин чыгымынан 3 эсе көп. Өлкө башчысы Садыр Жапаров быйыл Нооруз майрамын Баткенде өткөрүүнү чечкен. Ал эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө жүрөгүнүн 99%пайызы Баткенге таандык деп билдирген. Жергиликтүү бийлик шоу-программага 6.8 млн сом сарптаган. Калган 1.5 млн сом стадионду жасалгалоого жумшалган. 

Президенттин сайтындагы сүрөттөрдөн улам майрамдык маанайга ири каражат сапталганын көрүүгө болот. 

Белгилей кетсек, 2020-жылы Нооруз майрамын борбордо майрамдоого 2 млн сом каралган, бирок, пандемиядан улам, майрамдык иш-чараны өткөрбөө чечими кабыл алынган.