“Киевди алганы үчүн” медалы орус жоокерлерине ыйгарылабы? – Фактчек

Социалдык тармактарда “Киевди алганы үчүн” аттуу медалдын сүрөтү жайылды. Сүрөттүн мүнөздөмөсүндө колдонуучулар орусиялык бийликке нааразычылыгын билдирип, мындай “сыйлык” орус аскер күчтөрүн Украинадагы “атайын операцияны” улантууга түрткү болорун билдиришти.

 

Factchek.kg бул сүрөтүн чоо-жайын текшерип көрдү. 

Сүрөттүн алгачкы булагын издеп, ал 23-февраль жана 9-майга карата атайын мырзаларга берилчү белек экенин аныктадык. Соцтармакта жайылган сүрөт алгач сувенир саткан дүкөндүн сайтында жайгаштырылганын көрсө болот.

Медалдын бир жагында 2015-жыл деген жазуу бар. ММКлар сувенирдин 2017-жылы сатыкка чыкканын жазышкан. 

“Киевди алганы үчүн” медалынан тышкары дүкөндүн ассортиментинде  “Львовду алганы үчүн”, “Одессаны бошоткону үчүн” жана ошондой эле Владимир Путиндин элеси түшүрүлгөн медалдар бар экенин көрсө болот.

Сувенирдин баасы 2017-жылы 499 рубль болсо, 2022-жылдын 17-мартында 199 рублга чейин түшкөн.

Ал эми Совет доорунун тарыхында Киев менен байланышкан “Киевди коргоого алганы үчүн” медалы 1941-жылдын июль-сентябрь айларында немис армиясынан Киевди коргоого катышкандарга ыйгарылган.

 

Жыйынтык: Фейк. Орусия бийлиги аскерлерге “Киевди алганы үчүн” медалын ыйгарбайт. Сүрөттөгү медал сувенир, белек саткан дүкөндүн сайтынан алынган.