Болотбек Бийбосунов, “Кыргызстан жашылдар партиясы”: “Кыргызстанда орточо айлык 15 миң сом”

Бүгүн, 23-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

Дебаттын жүрүшүндө “Кыргызстан жашылдар партиясынын” өкүлү Кыргызстанда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда айлыктын орточо өлчөмү 15 миң сомдун тегерегинде экенин билдирди.

Январь-август айларына карата өлкөдө айлыктын орточо өлчөмү 19 миң 586 сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Ал 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо эмгек акы 9,2%га чейин өскөнүн кошумчалаган.

Жыйынтык: жалган.  Кыргызстанда айлыктын орточо өлчөмү 15 миң сомдон көп.