“Боттор эс албайт”: санарип фейк-фабрикалар — саясий PR рыногундагы революция

Социалдык тармактарда фейк-фабрикалардын иштөөсү үчүн мурдагыдай ондогон студенттер менен блогерди жалдоонун кажети жок. Бүгүнкү күндө алардын ордуна атайын окуудан өткөн 15 адис менен 350 миң доллар жетиштүү. Биздин редакция 2020-жылы “санарип” фейк-фабриканын шайлоо өнөктүгүнө таасир этүү аракетин изилдеди. 

 

Кыргызстанда буга чейин фейк-фабрикалар тууралуу бир нече ирет журналисттик иликтөө жасалган. Factcheck.kg аны жеринен изилдөөнү максат кылып, парламенттик шайлоо учурунда ушундай фабрикаларынын бирине жумушка кирүүгө аракеттенди. Бирок, бул аракет тааныштарды ортого салган күндө дагы оңунан чыкпаганы Кыргызстан үчүн таң калычтуу болду. 

Жыйынтыгында биз фабрикада иштеген кызматкердин бирин кепке тарттык. Анын айтымында жумушта 25 жашка чейинки 6-7 адам иштеген, адардын көпчүлүгү кыздар. Эки кыз иштеп аткан учурда тартылган тасманы да ала алдык. 

Жумуш өтө жөнөкөй– ар бир адам бештен фейк аккаунт ачып алып, социалдык тармактарда комментарий жазышат жана посттор менен бөлүшөт. Бул кыздардын реалдуу аккаунттарын Instagram социалдык тармагынан таптык. Алар өзүнүн жеке баракчаларында кадимки эле сүрөттөрдү жүктөгөн: лыжа тепкен, гүл кармаган, күзгүнүн алдында түшкөн сүрөттөр. Кыздардын жашы 25тен ашпайт.

Кыргызстандык массалык маалымат каражаттары көп жылдардан бери жазып келе жаткан классикалык “фабрикада” иштеген орточо “троллдун” портрети ушундай: аз киреше тапкан жаш кыздар менен балдар, жада калса студенттер. Редакция бул кызматкерлер менен байланышуу аракетин көрдү, бирок алар биздин билдирүүлөргө жооп беришкен жок. 

«Кандай жумушка аттанганыбызды билген эмеспиз»  

Редакция ири, президенттик шайлоодо иштеген башка фейк-фабрикадагы троллдор менен байланышты. Кыздар экинчи ирет суранганда гана биз менен жолугууга көнүштү. Алар алгач кооптонуп, онлайн жана анонимдүү формада гана баарлашууга макулдугун беришкен эле. 

Жолугушууга татынакай эки кыз келип, дароо эле: “Саламатсызбы? Биз кандай жумушка аттанганыбызды билген эмеспиз”, – деди.   

Маек учурунда эки кыз тең бир гана акча үчүн иштегенин, бирок башка талапкерге жан тартканын айтышты. Канчалык “кара пиар” менен алектенген сайын, алардын жумушу ошончолук жийиркеничтүү болгонун билдиришти. 

Кыздардын айтымынды фабрикада жалаң мектеп окуучулары менен студенттер иштеп, улам тааныштарын жумушка тарткан. Алар ишке киришкенче маектешүү жүргүзүп, бирок, эмне менен алектенери аларга айтылган эмес. Жумушка алгандан кийин гана аларга иштин маңызын түшүндүрүшкөн. “Фабрикада” 10-11 класстын окуучулары жана студенттер иштеген, алардын эң эле улуусу 29 жашта болгон. Мындан тышкары, командада 15-20 тажрыйбалуу журналист кураторлук кылган. Бардыгы болуп тайпада 100 адам эмгектенген.

“Фабрикада” так график болгон эмес. Жумушка чыкканда 12 саат иштеген соң, акчаларын төлөп берип турган. Түшкө жакын чыгып, түнгө чейин иштөө керек болгон. Үгүт иштери жүрүп турганда айлык акы 25 миң сомду түзгөн. Офиске келүү милдетүү эмес болгон. Баарлашуу мессенджерлер аркылуу болгон.

Биз менен жолуккан кыздардын бири социалдык тармактарда талапкерлерге колдоо көрсөткөн комментарийлерди чыныгы адамдар жазарына ушул жумушка чейин ишенип жүргөнүн билдирди. Бирок, “фабрикалардын” иштөө принцибин билген соң, талапкердин колдонуучулары көп экенине ишенбей калганын айтты.

Жаңы муундагы “фейк-фабрикалар”

Дагы бир кызматкер менен маектешкен соң биз оффлайн “фабрикалар” – кечөөкү күн экенине ынандык. Капчыктуу партиялар же талапкерлер өзүнүн фейктерин жок кылчу автоматташтырылган фабрикаларды дагы алып барууга кудурети жетиптир.  

2020-жылкы парламенттик шайлоодо партиялардын бири расмий эмес маалыматка ылайык, мындай фабрикага 350 миң доллар сарптаган. Бул сумма  Улуттук Банктын 2020-жылдын октябрь айына карата курсу боюнча 28 млн сомду түзгөн

Factcheck.kg редакциясынын өздүк булагы партиянын социалдык тармактагы имиджин жасоо боюнча “факбрикада” иштеген. Анын айтымында Кыргызстанда заманбап троллинг кандай жүргүзүлөрү тууралуу эч кимдин түшүнүгү жок.  

“Бизде болжол менен 15 адам иштеген. Алар санарип софтту тейлеген. Бул кыргызстандык адистер эмес. Алардын юридикалык компаниясы дагы жок жана ар башка шаарларда жайгашкан. Бири софт жазат, экинчиси техникалык тапшырма жазат. Ал эми үчүнчүсү администратор“, – деп билдирди ал. 

Бул команда бир күндө 150 колдонуучуну жаңыдан ачат. Жасалма аккаунттар социалдык тармактарда комментарий калтырат, ал эми бир суткадан кийин өзү эле жок болот дагы, комментарийлери сакталып калат. 

Мындан тышкары, програмисттер софтко россиялык “Якутия” аймагын киргизип койгондуктан, дал ушул Якутиядан колдонуучулардын сүрөттөрү алынган. Күнүнө атоматташтырылган система 150 адамдын жүзү менен ойдон чыгарылган атын киргизип, колдонуучулар пайда болуп турган. Кийинки күнү булар жок болуп, жаңы аккаунттар пайда болгон.   

“Сиз эч качан комментарийди ким калтырганын таба албайсыз. Себеби эртеси күнү бул профилге кирсеңиз, ал жок болуп кетет. Ал эми система башында жөнөкөй комментарийлерди, смайликтерди калтырчу. Кийин кадимкидей оң жана терс комментарийлерди калтыра баштаган. Аларды чыныгы колдонуучулардын комментарийлеринен айырмалоо мүмкүн эмес “, – деди маектешибиз.

Санарип фабрикалар үчүн жооптуу 15 супервайзердин үчөө контрпропагандага аттандаштарын сындап иштеген. Программисттер алгач кыргыз тилин аныктоо жагынан кыйынчылыкка туш болгону менен бара-бара бул көйгөй дагы чечилген. Маектештин айтымында санарип фабриканын башкы артыкчылыгы – бир нече адамды жумушка алып, кеңсе үчүн ижара төлөөнүн кереги жок. Боттор тапшырманы күн-түн дебей аткарат. Ал 350 миң доллар ылайыктуу эле баа экенин жана таргет жарнамасы ушул эле баа болорун кошумчалады. 

Дагы бир кызыктуу жагдай, долбоордун бардык командасынын «башчысы» гана Кыргызстандан болгон. Ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык иштерге жоопкерчиликтүү болгон. Калган жумушчулар башка өлкөлөрдөн, бирок так кайдан экенин маектешибиз тактаган жок.

Журналисттер оффлайн “фабрикасы” жана мектеп окуучулары тууралуу дагы бир окуяны угууну күтүшкөнүн белгилешти, маектеш ага мындай топтор да колдонулганын тактады. Бирок бул штабга кошумча акча табуу максатында өздөрүнүн, досторун, тааныштарын алып келген талапкерлердин гана демилгеси болгонун айтты . Бул форматтын артыкчылыгы талапкерлер тирүү жана тааныш адамдардан “өздөрү жөнүндө” комментарийлерди окуганды жактырышат. 

“Бирок, бул форма натыйжалуу эмес. Алар өздөрүнүн чөйрөсүнө гана көрүнөт, бизге көрүнбөйт”, – деди ал. 

Ал эми санарип “фабрика” күнү-түнү тынбай иштерин, андан көп акча төлөсө массаж дагы жасап берерин айтты. 

 

«Аны ар бир талапкер жасашы мүмкүн»  

Өздүк булактын айтымында санарип “фабриканы” “Мекеним Кыргызстан” партиясы иштеткен. Шайлоо учурунда ал үгүт иштерине эң көп каражат 142.5 млн сом короткон, бирок октябрь окуяларынан улам Жогорку Кеңешке өткөн эмес. Учурда патиянын ишмердүүлүгү жымжырт болуп, жада калса сайты дагы иштебей калган.  

Журналисттер партиянын мурдагы талапкерлерине комментарий алуу максатында кайрылышты. Алардын бири Мирлан Бакиров учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектейт, ал эми 2020-жылдагы шайлоодо ал партиянын тизмесинде №1 болгон жана азыр да уюштуруу документтеринде партиянын директору катары көрсөтүлгөн.

Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда партиянын пресс-катчысы болуп иштеген талапкер Элнура Алканова менен дагы байланыштык. 

 Бакиров  санарип “фабрика” тууралуу маалыматы жок экенин жана шайлоо учурунда партияны жетектеп, аймактарды кыдырып, программасы жана талапкерлер тууралуу маалыматты элге жеткирип турганын айтты.

Ал эми Элнура Алканова партиядагы ар бир талапкер өз алдынча жарнама жүргүзгөнүн, башкысы мыйзамды бузбоо керек болгонун кабарлады. Анын айтымында бир дагы бот талапкер тууралуу оң пикирди жарата албайт. 

“Маалыматты фейк-акакунт аркылуу таратсаң, журналисттер билип алат дагы, терс билдирүү жайылтат. Демек, мындан эч кандай жакшы тыянак чыкпайт. Жеке мен бул ыкманы колдогон эмесмин”, – деди ал. 

Алканова “Мекеним Кыргызстан” партиясы санариптик ботторду колдонгонбу деген суроого так жооп бербегендиктен, журналисттер аны дагы бир жолу такташты. Ал башка талапкерлер үчүн жооп бере албайм деди. Бирок ошол эле учурда колдонгон эмес деп дагы айткан жок. 

«Партиянын башка мүчөлөрү кайсы бир аймактарга жооп беришкен, бирок алар кандай иш алып барышканын билбейм, мен ал жакка кийлигишпөөгө аракет кылдым… […] Ооба, ар кимдин колунан келет. Бирок эмне болгонун айта албайм. Алар жасайт же жасабайт деп дагы айта албайм. Мен алардын кылганын көргөн жокмун. Көрбөй туруп, мен алардын эмне кылганын айта албайм, бирок мен аларды коргой да албайм”, – деп комментарий берди ал.

Эксперттердин пикири

Мындай системаларды чоң масштабдагы “троллдор фабрикасын” уюштуруу үчүн колдонуу толук мүмкүн, дешет Factcheck.kg менен маектешкен эксперттер.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров көптөгөн адамдар тартылган ыкма буга чейин эле эскирип калганын тастыктады. Ал эми “санариптик фабрика” – бул өтө реалдуу кийинки этап экенине ишенет.

“Менин оюмча, 10 кишиден турган чакан команда 200-500 же андан да көп ботторду башкара алат. Алгоритм бирдей болгондуктан – бир тема боюнча тенденциялар орнотулуп, боттор жаза баштайт, анан акырындап багытын өзгөртөт”, – деди ал.

Темиров белгилегендей, башка өлкөлөрдө бот “фабрикалары” көптөн бери колдонулуп келген, бирок Борбордук Азияда алар акыркы жылдары гана бир топ популярдуулукка ээ болгон. Ал эми мындай ырахаттын баасына келсек, анын айтымында, бир нече жыл мурун Белорусия менен Украинада үч социалдык тармакта 10 миң комментарий жана 30 миң лайк 5-6 миң доллардын тегерегинде турат.

“Азыр, санариптик технологиялардын доорунда алар мүмкүн болушунча колдонулбай жатат, бирок бул манипуляциялоонун жакшы жолу. Маалыматты таратуу менен сиз адамдардын аң-сезимин оңой эле башкара аласыз жана мурдагыдай адамды жалдоонун кереги жок», – деп кошумчалады эксперт.

Ал санариптик фабриканын пайдасы чындап эле алда канча көп экенине ишенет. Бир гана жолу программалык камсыздоону иштеп чыгып, чакан команда жалдоо керек, кеңсени ижарага алуунун жана суткасына 24 саат иштей албаган адамдарды жалдоонун кереги жок. “Боттор эс алышпайт. Аларды колдонуу жүз, миң эсе эффективдүү”, – деп жыйынтыктады Чубак Темиров.

Кыргызстандын IT рыногунда бот жараткан 10го жакын компания бар дейт, программист Бекназар Зиябидин уулу.

“Буга чейин чиновниктер шайлоодо журналисттерге кайрылышкан, бирок азыр IT индустриясы өнүгүп жаткандыктан [санариптик фабрикаларга] артыкчылык берилип жатат. Бир бот 1000 адамга жумуш жасай алат”, – деп белгилейт булак. “Бул чоң зыян алып келет, анткени адамдардын аң-сезимине таасир этет. Андан кийин алар [негизинен] ботко айланып, жалган маалыматка ишенип, таратып жатышат”, – деп жыйынтыктады маектеш.

***

“Биз акча муктаждыгынан улам иштегенбиз. Бирок мага жумушум жакчу эмес, биз башкаларды каралап иштедик”, – деп билдирди оффлайн-фабрикада иштеген кыздардын бири. Бирок, жакында абийир дагы актуалдуулугун жоготот өңдөнөт, себеби санарип боттор уят деген эмне экенин билбейт.