АКШда коронавирустун төртүнчү толкуну башталдыбы? — Текшеребиз

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустун төртүнчү толкуну пайда болгондугу тууралуу жаңылык массалык маалымат каражаттарында пайда болду. Бул жаңылыкты 4-апрелде россиялык “Известия” агенттиги Миннесота университетинде эмгектенген Майкл Остерхолмго шилтеме берип, жарыялаган. 

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Издөө системалары аркылуу жаңылык “РИА Новости”, gazeta.ru, ferra.ru жана башка сайттарда жазылганын аныктадык. 

Washingtonpost басылмасы коронавирустун төртүнчү толкуну жөнүндө маалымат эксперттер арасында эки ача пикир пайда кылганын кабарлаган. Көрсө, эпидемиолог Майкл Остерхольм NBC каналынын «Знакомьтесь, с прессой» аттуу берүүсүндө келерки эки жумада пандемия башталгандан тарта дүйнө жүзүндө жаңы учурлар эң көп катталарын белгилеген.  

Ал “АКШда мындан ары дагы кескин көбөйөт, биз андайды көрө элекпиз”, – деп кошумчалаган. 

Анын айтымында, пандемия циклдик мүнөзгө ээ. Оорулар Түндүк-Чыгышта же Ортоңку Батышта топтолуп, басаңдап, андан кийин Түштүктө көбөйөт.

“Төртүнчү толкун Ортоңку Батышта болгон циклдебиз” — деп, билдирген ал.

Washingtonpost басылмасынын маалыматына ылайык, эпидемиолог Ортоңку Батышта төртүнчү толкун болуп атканын айткан.

Бирок, Остерхольмдун пикирине каршы да пикир айтылган. Тамак-аш жана дары-дармек администрациясынын мурдагы комиссары Скотт Готлиб CBS “Face the Nation” берүүсүндө учурдагы абал төртүнчү толкунга дал келберин билдирген. Ал бул билдирүүсүндө илдетке кабылгандардын жана вакцина алгандардын санын эске алганын кошумчалаган.

Ал эми worldometers.info маалыматына ылайык, АКШда илдетке кабылгандардын жалпы саны 31,5 млн адамды түзөт. Анын ичинен өлүмгө алып келген учурлар 2%ды (569,1) түзөт.

Жыйынтык: АКШда коронавирустун төртүнчү толкуну пайда болгону тууралуу маалымат далилденген жок.