“Орус элин жеңүү мүмкүн эмес” деп Германия канцлери айтканбы? Текшеребиз

Factcheck.kg белгилүү адамдарга таандык делген циататаларды текшерүүнү улантат. Кезектеги фактчек Германия канцлери Отто фон Бисмаркка таандык деп айтылган сөз болмокчу.  

“Орустарды жеңүү мүмкүн эмес, жүздөгөн жылдардан соң, биздин буга көзүбүз жетти. Аларга жалган баалуулуктарды таңууласак гана алар өзүн өзү жеңе алат!”, – дал ушул сөздөр немец канцлери Отто фон Бисмаркка таандык деп социалдык тармактарда айтылып келет. Анан калса россиялык мамлекеттик телеканалдарда да айтылып, “Россия — менин тарыхым аттуу парктын жарнамасында” да берилген.

Гугл издөө системасы аркылуу бул тууралуу көптөгөн маалыматты таба алабыз. Алардын эң алгачкысы 2010-жылдын 25-августунда жарыяланган. Ал “Дүйнө акылы” аттуу форумда алгачкы булакты көрсөтпөстөн, жазылган.

Отто фон Бисмарк Фонду бул сөздү сынга алып, Германия империясынын канцлери мындай деп айта албай тургандыгын түшүндүрдү:

 Бисмарктын “биз” деп айтканы, Пруссия менен Германия тууралуу сөз кылганы. Бирок, Пруссия менен Германия Бисмарктын өлүмүнөн кийин гана Россияга кол салганын эскертели. Башка жагынан алганда, Бисмарк Наполеондун мезгилиндеги Францияны эч качан  жалпылап, европалаштырып, “биз” деп айткан эмес.  

Бисмарктын Россия менен Германиянын ортосундагы мамилелер жөнүндө цитаталар жыйнагында жогорудагы цитата сыяктуу бир дагы цитата жазылган эмес.

Бирок, буга карабай, бул сөз Бисмаркка таандык деп эсептегендер Бисмарк аны Венадагы элчис принц Генрих VII Рёйсске жазган катында белгилеген дешет.

Анан калса 1922-жылы Берлиндеги басылыштагы 302-303-беттерди көрсөтүшөт: “Die Große Politik der Europäischen Kabinette 1871-1914”. Бирок, чындыгында, 302-бет бош, ал эми 303-бетте Бисмарктын Париждеги элчиге жазган каты бар. 

 

Белгилей кетсек, цитатанын бир бөлүгү иш жүзүндө “Даллес планы” деп аталган – кутум теориясын кайталайт. Ага ылайык, 1950-жылдары ЦРУнун башчысы Аллен Даллес АКШнын СССРге каршы иш-аракет планын иштеп чыккан. Анда: “ошол жерде башаламандык болуп, биз алардын баалуулуктарын жалганга алмаштырабыз жана аларды ушул жалган баалуулуктарга ишендирели” деп айтылган. 

Жыйынтык: фейк. Алгачкы маалыматтарга ылайык, цитата 21-кылымда эле ойлоп табылган жана мааниси боюнча мифтик “Даллес планына” окшош.