Lalafo сайтында Айтматовго таандык Mazda Cronos сатылуудабы? Текшеребиз

13- сентябрда Lalafo сайтында баасы 200 миң сом турган Mazda Cronos үлгүсүндөгү унаанын сатылышы тууралуу жарнама пайда болду. Сатуучунун айтымында унаа улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматовдун наамында. Ал ошондой эле унааны убагында Айтматов өзү айдаган деп ишендирет.

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

 Айтматов айдаган унаа

2015-жылы жазуучунун үй-музейине 1995-жылы чыгарылган Jaguar XJ6 үлгүсүндөгү унаа жеткирилген. Дал ушул темир тулпар менен Чыңгыз Айтматов Европа боюнча дипломатиялык миссияларды аткарып келген. Анын жубайы Мария Айтматова бул тууралуу мындай деп эскерген:

«Айтматов өзүнүн “Ягуары” менен Голландия, Бельгия, Германия, Австрия, Швейцария өлкөлөрүн, бүткүл Европаны кыдырган. Унаа бир дагы жолу бузулган эмес».

«Элчиге темир тулпар тандаганда негизинен Mercedes же BMW караштырышат. Бирок Jaguar салонуна келгенибизде, алар Чыңгыз Айтматовго унаа керек экенин билип, бизге арзандатып беришкен. Ошентип, Jaguar Mercedes сатып алуудан да арзан болгон», – деп эскерген жазуучунун кичүү уулу Эльдар Айтматов.

Айтматов жана Mazda Cronos

Биз Mazda Cronos ээси менен байланышып, темир тулпар Айтматовдун карындашына таандык экенин тастыктоочу тиешелүү документтерди көрсөтүп берүүсүн өтүндүк. Бирок сатуучу унаанын тех. паспортун аны сатып ала турган адамга гана көрсөтөрүн айтты.

Жыйынтык: далилденген жок. Улуу жазуучу Mazda Cronos үлгүсүндөгү унааны айдаганы тууралуу маалымат далилсиз.