Жаңы аким – президенттин ишенимдүү адамы жана бизнесмен. Фактчек

15-сентябрда Русланбек Тагаев Ленин районуна жаңы аким болуп дайындалды. Factcheck.kg ачык булактардан анын “Суу Башаты” курулуш компаниясына ээлик кыларын аныктады. Мэриянын сайтында Тагаевди дайындоо боюнча буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгону жана жаңы мэр суу менен камсыздоо тармагынан келгени айтылат. 

 

Биздин редакция муниципалитетке кайрылып, Тагаевдин мурдагы иштеген жери тууралуу маалыматты тактап сураганда, мэрия өкүлү анын резюмеси даяр эместигин жана сайтка кийинчирээк жарыяланарын билдирди.  

Саясаттагы максаттары

2020-жылы Руслан Тагаев “Мекенчил” партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанган. Ал тизмекте сегизинчи орунда болуп, “Суу Башаты” ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн.  Учурда БШК сайтында мурдагы шайлоолорго катышкан талапкерлердин тизмеги өчүрүлгөн. Маалымат буга чейин башка ЖМКларда жарыяланган:

Ал эми президенттик шайлоо өнөктүгүндө Тагаев Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдарынын тизмесинде болгон.

 

 

Мындан тышкары, жаңы аким 2014-жылы өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болгону маалым. Эске салсак, Балбак Түлөбаев мэриядан кеткен соң, Тагаевди колдоп, аны мэрликке сунуштагандар митингге чыккан. Митингчилер талапкерин жаш болгондуктан колдоо керектигин айтып чыккан жана Чүй облусунун мурдагы губернатору Бактыбек Кудайбергеновдун мэр болуп дайындалышына нааразычылык билдиришкен. 

 

Сүрөт: Азаттык

Тагаевдин бизнеси

Жаңы акимдин “Суу Башаты” аттуу курулуш компаниясы 2015-жылдын 2-октябрында негизделген.  OSOO.kg сайтынын маалыматына ылайык, Тагаев ага өзү жетекчилик кылат жана өзү жалгыз негиздеген. 

Данные с osoo.kg

2017-жылдан тарта компания салык төлөй баштаган:

osoo.kg

2018-жылы “Суу Башаты” ЖЧКсы Шералиев көчөсүнө канализация иштерин жүргүзүп, жумуш иштерин тиешелүү түрдө аяктабагандыктан, элдин нааразычылыгы пайда болгону тууралуу ЖМКларда айтылат. Белгилей кетчү нерсе, канализацияны куруу иштери үчүн жергиликтүү эл, “Арча Бешик” конушунун тургундары өз капчыктарынын эсебинен жасаткан. 

Ал эми Ленин райондук администрациясы бул тууралуу төмөндөгүдөй жооп берген:

Ленин райондук администрациясы белгиленген тартипте подрядчы уюм менен 7 -сентябрдагы No357 жер жумуштарына буйрукту бекитүү келишимин макулдашкан. Буга байланыштуу «Суу башаты» ЖЧКсынын өкүлү Р.Тагаевге курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык иштөө боюнча тапшырма берилди. Бул маселе N4 муниципалдык аймактык башкармалыкта туруктуу көзөмөлдө”.

 

“Суу Башаты” компаниясынын директорунун орун басары Зияда Мансуркулова апрель айында “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттанган. Ал тизмекте 12-болгон.