Айза Уландын өлүмүнө шектүүнү үй камагына чыгарган судья тууралуу эмне белгилүү?

Бишкектин Свердлов райондук соту 24 жаштагы Айза Уланды өлтүрө сүзүп кеткен мурдагы милиция кызматкерин үй камагына чыгарды. Кийин судья чечимин  шектүүнү ден соолугунуа байланыштуу камакта кармаганга жарабастыгы менен түшүндүрдү. Factcheck.kg редакциясы судья Айзада Исаевага байланыштуу маалыматтарды чогултуп, тактап чыкты.

Судьянын кирешелери

Айзада Исаева Свердлов районунун судьясы болуп мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2018-жылдын 30-июлунда дайындалган. Анын мурда иштеген жерлери тууралуу маалыматтарды ачык булактардан тубууга мүмкүн болбоду, бирок жеке нотариустардын реестринен ал 2004-жылдан 2019-жылга чейин нотариус болуп иштегенге лицензия алганы белгилүү болду.

2021-жылдагы декларациясы боюнча, анын кирешеси 10 млн сомду түзгөн. Ошондой эле анын менчигинде 1 гектар жер, курулуп бүтө элек аянты 41 чарчы метрди түзгөн батир, 5 млн сомдук малы, дээрлик 1,5 млн сомго бааланган тиричилик техникасы жана үй эмеректери жана 700 миң сомдук зер буюмдар болгон.

 

Үй бүлөсүнүн кирешеси 6 млн сомду түзгөн. Аларга 5 млн сомдук мал-жандыктары, 1,5 млн сомдук техника жана эмеректер таандык болгон.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Айзада Исаева бош декларация тапшырган.

Мурдагы резонанстуу иштери

Бул анын жарандык коомдо судьянын чынчылдыгына шектенүүнү жараткан биринчи соттук иши эмес. Өткөн жылдын башында судья журналист Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, ошол эле кезде укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармоо учурунда кылмыш кодексинин нормаларын бузган деген бүтүм чыгарган.

Соттук териштирүү 2022-жылдын аягына чейин жүргөн. 23-ноябрда соттун токтому чыгаары менен Болот Темировдун колуна кишен салып соттун залынан алып чыгышып, аны учак менен Орусияга салып жиберишкен. Бир катар эл аралык уюмдар бийликтин бул кадамын сынга алып, Темировдун камакка алынышын анын кесиби менен байланыштырышкан.

Эскерте кетсек, Темиров жана анын командасы УКМКнын жетекчисинин жээни тууралуу иликтөөнү жарыялагандан кийин дароо журналистке каршы кылмыш иши козголгон болчу.

Андан бир жыл мурдараак, 2020-жылдын декабрында Айзада Исаева мушташтан кийин кулагы дээрлик укпай калган Алтынбектин ишин караштырган. Жыйынтыгында, шектүү деп кармалган жетөөнүн экөөсү эле камакта калган болчу.

Алтынбектин адвокатынын айтымында, соттук иште эч кандай жаңы жагдайлар ачылбаса да Айзада Исаева шектүүлөргө бөгөт коюу чарасын камакта кармоодон үй камагына өзгөрткөн.

 

“Судьянын түшүндүрүүсү боюнча, мурда бул иш боюнча каршы арыз берилген жана шектүүлөр бул иште күбөлөр болуп эсептелет. Анча оор эмес кылмыштар боюнча сейрек учурда гана үй камагы колдонулат, а бул жерде – оор кылмыш, бөгөт чарасы катары камакта кармоо колдонулушу керек”, – деп белгилейт адвокат.

17-январда каза болгон Айза Уландын туугандары жана жакындары жардам сурап президентке кайрылышкан. Алардын пикиринде, судьянын чечими адилетсиз:

“Учурдагы мыйзамчылык боюнча бөгөт чарасы катары камакта кармоого жетиштүү жагдайлар бар, бирок мыйзамдын өкүлү укуктун жана жалпысынан адилеттүүлүктүн нормаларын тоотподу. Бул Исаеванын мыйзамсыз аракеттеринин биринчиси эмес экенин белгилей кетүү керек. Биз соттук прецеденттин кайталанышына жол бербөөнү суранабыз”, – дешет маркумдун туугандары.

Бул материал жарыяланып жатканда бийлик тараптан кайрылууга жооп болгон эмес. Бир гана депутат Жаныбек Абиров каза болгон кыздын туугандарына колдоосун билдирген.