Ооган логотиби жана 2.8 млн сомго аудит – УТРК жаңы жашоосун баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) өткөн жылы 19-декабрда эфирге жаңы логотиби менен чыккан. «ПолитКлиникадагы» кесиптештерибиз аныктагандай, мамлекеттик башкы телеканалдын логотиби 1TV Kabul ооган телеканалынын логотибинен көчүрүлүп алынган. 

Factcheck.kg сайтынын журналисттери osoo.kg маалыматтар базасынан аныктагандай, 19-декабрда корпорациянын логотиби гана жаңыланбастан, анын уюштуруу документтери дагы толугу менен жаңыртылган. Мекеме стандарттуу кайра каттоо процедурасынан өтпөй эле, ал мурдагы мекемени жокко чыгарып, жаңысын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөргөн. 

Белгилей кетсек, мурдагы “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы” мекемеси юридикалык жактан 1993-жылы 5-майда негизделген болчу. Бул күнү Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин XII сессиясында Конституция кабыл алынган. Ушул күндөн баштап өлкөбүз Кыргыз Республикасы деп атала баштаган.

2022-жылдын 19-декабрынан баштап мекеме “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы” деп атала баштады:

Ошондой эле Factcheck.kg мамлекеттик сатып алуулардын арасынан корпорация каттоону жаңылыганга чейин, 2022-жылдын 10-октябрында жарыялаган сынакты таап алды. “Материалдык-техникалык базаны модернизациялоо боюнча толук техникалык аудит кызматына” укукту BILGIPARK GÖRÜNTÜ VE İLETIŞIM SANAYI VE TICARET LIMITED ŞIRKETI түрк компаниясы утуп алган, бул сынак жарыяланганына 15 күн болгондон кийин билинди.

Түшкөн сунуштарды ачуу протоколунан белгилүү болгондой, бул кызмат үчүн УТРК 3 млн сом коротууну болжолдогон, ал эми BILGIPARK компаниясы жалгыз катышуучу болуп, 2 млн 774 миң сом сураган, жыйынтыгында ал жеңүүчү деп табылган.

Сайттын компаниясында ал 1997-жылы негизделип, Стамбулда жайгашканы маалымдалат. 

“Биздин максатыбыз – компаниялардын талаптарына ылайыктуу долбоорлорду даярдоо, системанын интеграциясын жана оптималдуу иштешин колдоо, колдонуучуларды окутуу, акыркы технологияларды ээрчип, кардарларыбыздын технологиялык кеңешчиси болуу жана аларга натыйжалуураак жолдорду сунуштоо, ошону менен алардын стандарттарын жогорулатуу жана чыгымдарын азайтуу”, – деп айтылат BILGIPARK компаниясынын сайтында.

УТРКнын техникалык тапшырмасына ылайык, телерадиоберүү жана өндүрүш системаларын техникалык модернизациялоону жүзөгө ашыруу максатында Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жана Республикалык радиоуктуруу борборунун түзүмдүк бөлүгүнүн технологиялык жабдууларына комплекстүү техникалык аудит жүргүзүү тууралуу келишимге кол коюлган күндөн тартып, түрк компаниясы бардык иштерди бир ай аралыгында бүтүрүшү керек болчу. Техникалык тапшырмада белгиленгендей, бул иштерди жүргүзүүгө УТРКны реформалоо багытындагы айрым чаралар жөнүндө президенттин жарлыгы жана министрлер кабинетинин токтому негиз болгон. 

Билдирме: 2022-жылы УТРК мамлекеттик бюджеттен акыркы жылдардагы эң чоң каржылоону алган – дээрлик 77 млн сом. 2018-жылы гана корпорация көбүрөөк каржыланган, бул жылы бюджеттен ага 121.5 млн сом бөлүнгөн болчу: