Путинди камакка алуу ордери тууралуу бизге эмне белгилүү? Ал Кыргызстанда камакка алынышы мүмкүнбү?

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту (мындан ары ЭКС) Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Балдардын укуктары боюнча комиссар Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди. Алар украиналык балдарды депортациялаган деп айыпталууда.

ЭКСтин сотторунун билдирүүсүндө, аларда Путиндин бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар адам катары да, жана анын алдындагылар анын макулдугу менен же шалаакылыгы менен бул кылмашка барган жетекчи катары да бул кылмыштар үчүн Путиндин жеке жоопкерчилиги бар деп эсептегенге жетиштүү негиз бар.

“Орусияны жакшы көр”: уурдалган балдарды кайра тарбиялоо

Комиссиянын жетекчиси, норвегиялык сот Эрик Мёсенин сөзү боюнча, алар Донецк, Харьков жана Херсон облустарынан Россияга күч колдонулуп алып барылган 164 баланын уурдалышын так далилдеп бере алышкан.

Украина болсо 16 миң бала уурдалган деп билдирип келет, бирок тергөө комитети ага далилдерди таба алган эмес.

Путин менен биргеликте балдар омбудсмени Мария Львова-Белова айыпталууда. Былтыр ал өзү Орусия бомбалап талкалаган Мариуполдон бир баланы үй-бүлөсүнө алганын билдирген болчу. Ал эми кийинчирээк, сентябрда, ал жактын балдары Орусияны жакшы көрүүгө ийгиликтүү үйрөтүлүп жатканын айтып берген.

Мария Львова-Белова чындыгында балдар Орусияга алардын эркине каршы алынып келингенин тастыктады десек болот, анткени алар башында Орусияны жактырбай жатышкан жана ушундан соң алар өз өлкөсүнөн өз эрки менен чыгып кеткенге макул болушу күмөн жаратат.

“Биз аларды бир аз эсине келишсин деп Москва облусунун аймагына алып келгенибизде, алар президент [Путин] тууралуу жаман сөздөрдү айткан, Украинанын гимнин ырдаган, “Украинага даңк” деп ураан салган ж.б.д.у.с. окуялар болуп жатты, – деди Львова-Белова Коомдук палатада. – Ошондуктан, ооба, ушуга окшош терс көрүнүштөр болду, башында, бирок кийин ал Орусияны жакшы көрүүгө айланат”. 

Ошол эле кезде Мария эл аралык соттун ага коюлган кинесин четке кагат. Балдар омбудсмени балдар күч колдонулуп Орусияга алынып келингенин далилдеген бир да билдирүүнү албаганын айтат. “Эгерде жакын бир туугандары балдары менен ажыратылган болсо, алар кайра чогуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз”, – деп жазган Мария Львова-Белова өзүнүн телеграм-каналында.

Путинди камакка алса болобу?

Бул кылмыш үчүн Путин 123 мамлекетте камакка алынышы мүмкүн, анткени так ушу сандагы өлкөлөр Рим статутунун мүчөлөрү болуп эсептелишет, ал эми 14 мамлекет келишимге кол койгону менен, аны ратификация кылыша элек, Кыргызстан ушул мамлекеттердин катарында.

Орусия өзү бул союзга мүчө эмес, ошондуктан өлкөнүн аймагында Путинди камакка алуу коркунучу жок.

Германиянын Юстиция министри Марко Бушман, эгерде Путин өлкөнүн аймагына кире турган болсо камакка алынарын убадалады.

“Мен ЭКС Интерполго жана мүчө-мамлекеттерге тез арада кайрылып, камакка алуу ордеринин аткарылышын өтүнөт болушу керек деп ойлойм. Эгерде Путин Германияанын аймагына кирсе, аны кармап, ЭКСке өткөрүп бериши керек болот”, – деп билдирди министр Bild am Sonntag басылмасынын бир санында.

Бирок!

ЭКСтин чечими чоң күчкө ээ болуп, мүчө-өлкөлөр ордерди аткарышы керек болгону менен, Орусиянын президентин сотко берүү боюнча акыркы чечимди ар бир өлкө өз алдынча кабыл алат. Эл аралык сот мамлекетти камакка алууга мажбурлай албайт.

Анда ордердин кандай зарылчылыгы бар?

Эл аралык укуктар боюнча адистердин пикиринде, учурда Орусия Федерациясынын президентин камакка алууну элестетүү мүмкүн эмес, бирок ордер символикалык мүнөзгө ээ.

“Мамлекет башчыны камакка алууга ордерди берүү – бул эр жүрөктүүлүктү талап кылган кадам, анын кесепеттери болот. Менимче, Путин бери дегенде батыш өлкөлөрү үчүн “элден чыгып калган киши” статусунда болуп калат. Бирок ордер Түштүк өлкөлөрүнүн Путин менен алака-мамиле түзүүлөрүнө да таасир тийгизиши мүмкүн”, – дейт эл аралык укуктар боюнча адис Кевин Йон Хеллер.

Путин Кыргызстанга келе алабы?

Ооба, келе алат. Кыргызстан келишимге кол койгон, бирок КР бийлиги бул документти азыркыга чейин ратификацялаган эмес. Биздин аймакта эл аралык келишимдин жана ЭКСтин юридикалык күчү жок.

Кыргызстандын жарандары эл аралык кылмыш соту менен корголгон эмес, ар бир адам чыр-чатакты ички жол менен чечүүгө гана үмүт кыла алат

ЭКС – геноцид, согуш кылмыштары, тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмыштар сыяктуу оор кылмыштарга каршы күрөшкөн биринчи көз карандысыз туруктуу эл аралык сот болуп саналат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргызстандык юрист Сания Токтогазиева Тажик Республикасынын бийлигинин үстүнөн эл аралык сотко арыз менен кайрылган. 30 жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан, эки тараптан көптөгөн адамдардын өмүрүн алган конфликт көз карандысыз эл аралык иликтөөдөн кийин гана токтошу мүмкүн. Бул Тажикстан келишимди ратификациялагандыктан жана Рим статунун толук укуктуу катышуучусу катары ага жүктөлгөн жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек болгондуктан улам мүмкүн болду.

Арыз азарынча карала элек жана анын четке кагылып калуу ыктымалдыгы чоң. Буга бир нече себептер таасир тийгизиш мүмкүн. Алардын бири – далилдердин жетишсиздиги, анткени Кыргызстандын бийлиги керектүү маалыматтарды чогултууда юристке кол кабыш кылган эмес.