Орусиялык телеканалдар КРде эмнени көрсөтүп, телекөрүүчүлөрдүн пикирин кантип көз жазгырып жатат
Кыргызстандагы коомдук пикир орусиялык маалыматтардын чоң таасиринин алдында. анын негизи себептеринин бири – кыргызстандыктар үчүн орусиялык медиалардын жеткиликтүүлүгү. Мындай тыянак Согушту жана тынчтыкты чалдыруу инситутунун (IWPR) изилдөөсүндө келтирилет.
Көз карандысыз “Европалык коңшулук саясаты” (European Neighbourhood Council, ENC) аналитикалык борбордун башка изилдөөсү боюнча, кыргызстандыктардын үчтөн эки бөлүгү маалыматты телеберүүдөн алышат. Негизги каналдар – “Первый канал” жана “РТР” Кыргызстандагы санарип телеберүүгө жазылуунун негизги базалык пакетине кирет.
Factcheck.kg редакциясы телеберүүнүн мисалында орусиялык пропаганда Кыргызстанда кандай иштей тургандыгын көрсөтүүнү чечти.
Кыргызстан орусиялык каналдардын көрсөтүлүшүн каржылайт
Орусиянын “Первый канал” жана “РТР-Планета” деген ири федералдык телеканалдарынын көрсөтүлүшүн Кыргызстан өзү каржылайт. 2022-жылы Маданият министрлиги бул каналдардын көрсөтүлүшүн “Кыргызстандын жарандарынын орус телеканалдары көрсөткөн телеберүүлөрдүн сапаттуу жана ар түрдүү контентине болгон чоң суроо-талабы” менен шартталат деп билдирген.
Ошол эле кезде “Телеберүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга ылайык телеканалдын эфиринин жарымынан кем эмеси мамлекеттик тилде жана 50%дан кем эмеси атамекендик өнүм болушу керек. Ал эми жакында кабыл алынган “мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамда мамлекеттик тилдеги материалдарын үлүшү 60%га чейин көтөрүлгөн.
Орусиялык каналдарда согуштун көрсөтүлүшү
Украинада согуш башталышы менен “Первый канал” берүүлөр сеткасын өзгөрттү. Көңүл ачуучу программалардын көбүн эфирден алып салышты. Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский мындай чечимди көңүл ачуучу контенттин учурда ылайыксыздыгы менен түшүндүрдү.
Биздин редакция бир жумалык берүүлөрдүн сеткасын талдап чыгып, “Первый канал” жумуш күндөрү таңкы 10дон түнкү 12ге чейин эфирдик убакыттын көбүн фронттон алынган жаңылыктарга же согушка байланыштуу талкуу ток-шоуларга арнай тургандыгын аныктады.
Орточо алганда жумуш күндөрү согуш тууралуу контентке 10 сааттан ашык убакыт, ал эми көңүл ачуучу конткентке – 13 саат арналат. Ошол эле кезде көңүл ачуучу берүүлөр адатынча түнкү 12ден таңкы 9га чейин көрсөтүлөт, б.а. элдин көбү уктап жатканда.
Өз кезегинде “РТР-Планета” жумуш күндөрү көңүл ачуучу программаларга жана согушка байланыштуу контентке сегиз саттан эфирдик убакыт бөлгөн. Согуш тууралуу программалар адатынча кечки убакытта, ал эми көңүл ачуучу программалар эртең менен жана түндүн жарымынан кийин көрсөтүлөт.
Орусиялык ток-шоулардагы көз жазгыруу жана жалган маалыматтар
“Первый каналда” эң көп көрсөтүлө турган программалардын бири – “Маалыматтык канал”, ал жумуш күндөрү күнүнө 5 жолу чыгып, 6 сааттык эфирдик убакытты ээлейт. Андагы негизги тема – Украинадагы согуш.
Ток-шоуга чакырылган эксперттер, окуяларга реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүп, пикирлерин айтып турушат. Бирок белгилей кетүүчү жагдай, эксперттик пикир документтер менен тастыкталган далилдерге жана ачык булактардан алынган маалыматтарга таянган учурда гана далил катары колдонула алат. Бул программада болсо эксперттер өз пикирлерин гана билдиришет, б.а. көрүүчүлөрдүн пикирин көз жазгырууга мүмкүндүк түзөт. Андан сырткары чакырылган коноктордун арасында башка көз караштагы эксперттер жок, ошондкетан көрүүчүлөр маалыматты калыс кабылдай алышпайт. Ошентип журналистиканын этикалык кодексин бузуу байкалат.
Программада CNN, DW, The Washington Post, The Wall Street Journal, Forbes сыяктуу чет элдик ЖМКлардын жаңылыктары көп келтирилет. Бирок алардын арасында жалган жаңылыктар да кездешет.
Мисалы, “Убакыт көрсөтөт” (“Время покажет”) программасында The Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылуу менен орусиялык куралдуу күчтөрдүн миналаштыруунун жаңы системасы украиндик контрчабуулдун ийгиликсиздигине алып келди деп билдирилди.
Чынында The Wall Street Journal Украина аскерлери көптөгөн миналарга байланыштуу аймактарды өтө жай бошотуп жатат деп жазган. WSJ басылмасы Орусия дүйнөдөгү эң чоң мина талаалардын бирин түзгөндүгү жана ал Киевдин контрчабуулугуна тийгизген таасири тууралуу баяндаган.
Дагы бир мисал: программада The Washington Post басылмасынын маалыматтары келтирилет, ал боюнча украин жоокерлери чарчаган имиш, ошону менен АКШнын украин жоокерлери түштүккө карай алыс жылат деген үмүтү акталбай калган имиш.
Далил катары “Первый канал” америкалык өнүмдөгү кассеталык бомбалар тууралуу жаңылыктын видеосун колдонгон, бирок текстти таптакыр башкача которгон.
Жаңылыктын түп нускасында АКШнын президенти Жо Байден АКШ, Орусия жана Украина кошулбаган, бирок 2008-жылдагы эл аралык келишимге ылайык 120 өлкөдө тыюу салынган кассеталык бомбаларды бергендиги тууралуу айтылат. Ошондой эле Украин аскер аткаминеринин төмөнкү билдирүүсү келтирилет:
“Биз кассеталык бомбаларды колдоно баштаганда, орустар баш калкалоочу жайларга жашынышат. Мурдун чыгаргандан да коркушат”.
“Маалыматтык канал” сыяктуу программа “РТР-Планета” каналында да бар. Ал “60 мүнөт” деп аталат. Ал күнүнө эки жолу эки жарым сааттан көрсөтүлөт. Анда да студияга саясий жана коомдук ишмерлер, эксперттер чакырылып, Украинадагы согушту талкуулашат.
Ток-шоуда да ярлыктарды тагуу эффектиси колдонулат, мисалы Украинанын президенти Владимир Зеленскийге. Ага мисал:
“Гуманитардык билими начар Зеленский. Ал өтө аз билет. Ал манкурттугун көрсөттү”, – дейт орусиялык кабарчы программа учурунда.
Бул ыкма аудиторияда башкы каарманга карата жек көрүү, жийиркенүү сыяктуу тийиштүү сезимдерди жаратат.
Андан сырткары ток-шоуда жарым-жартылай чындык эффектиси колдонулат. Мындай маалыматтын бир бөлүгү баарына белгилүү же аныктыгын текшерүү жеңил болгон чындык болот. Чындыктын башка жагы же бурмаланат, же анын маанилүү деталдары айтылбайт.
Ага бир мисал: 24-августта программанын алып баруучусу Евгений Попов Зеленскийдин Твиттерине таянып, Нидерландия андагы бардык 42 F-16 учакты Украинага бергенге даяр экенин айткан. (01:05)
Чындыгында эле Нидерландия 42 F-16 учакты бергенге даяр, бирок бул учактар анын карамагындагы бардык учактар эмес.
Тыянак: жакында өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, орусиялык телеканалдар Кыргызстандагы эң популярдуу телеканалдардын катарына кирет. Бул каналдар орусиянын бийлигине толугу менен көз каранды экендигин эске алсак, алардын эфиринин көбү пропагандага арналган. Пропаганданын максатында көз жазгыруу, дезинформация, ярлыктарды тагуу жана жарым-жартылай чындык ыкмалары кеңири колдонулат.