Кыргызстан Орусияга аскердик техниканын: учактардын, учак тетиктеринин, оптиканын экспортун кыйла көбөйттү

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери Орусияга дүйнөлүк санкциялар киргизилгенден тартып бул өлкө менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык алакалар кандай өзгөргөндүгү тууралуу материалдардын түрмөгүн улантат. Мурдагы материалда үй-тиричилик техникасынын экспорту он-жүз эсе өскөндүгү тууралуу жазганбыз. Ошондой эле импортолгон техникадагы жарымөткөргүчтөрдү Орусия аскердик максатта колдонушу мүмкүн деген божомол айтылган. Биз аныктагандай, Орусияга үй-тиричилик техникасы гана эмес аскердик техника дагы көбүрөөк экспорттоло баштаган.

Тик учактар, учактар, ракеталар

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, быйыл январдан майга чейин Кыргызстан Орусияга 2 млн 225 миң сомго “тик учактар, учактар, ракеталар” (8802 ТЭИ ТН коду) аталыштагы 10 даана товарды экспорттогон.

Ушул эле аталыштагы товар бир даанадан Египетке (26.8 млн сом) , Маврикийге (100.2 млн сом) жана БАЭге (14 млн сом) жиберилген. Бардыгы болуп 143 млн сомго ($1.6 млн) мындай товардан 13 даана экспорттолгон.

Билдирме. 8802 тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) коду менен башка учактар ​​(мисалы, тик учактар, учактар); космостук аппараттар (анын ичинде спутниктер), орбиталык жана космостук ракеталар сыяктуу товарлар белгиленет.

143 млн сомго 13 тик учакты же учакты сатып алуу мүмкүн эместигин жакшы түшүнөбүз, бирок Интернеттен бул товардык позициянын төмөнкү түшүндүрмөсүн таба алдык:

“Кыймылдаткыч менен жабдылган абадан оор учуучу аппараттар. Бул категорияга учактар (аэродромдо жайгашкан, гидроучактар, амфибиялык учактар), автожирлер (вертикалдуу октордо эркин айланган бир же бир нече негизги винти бар) жана тик учактар (кыймылдаткыч менен айландырылган бир же бир нече негизги винт менен жабдылган) кирет.

Мындай учуучу аппараттар аскердик максатта, адамдарды же жүктөрдү ташуу үчүн же машыгуу, аэросүрөткө тартуу, айыл чарба иштери, куткаруу иштери, өрттү өчүрүү үчүн, метеорологиялык же башка илимий максаттарда колдонулушу мүмкүн.

Бул товардык позицияга радио аркылуу жерден же башка учуучу аппараттан башкарылуучу учуучу аппараттар жана ошондой эле жер транспорту катары колдонулган атайын иштелип чыккан аппараттар кирет”.

Салыштыруу иретинде маалыматты келтирсек, былтыр Кыргызстан бул товардын 31 млн сом турган бир гана даанасын Египетке экспорттогон.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, былтыр январдан майга чейин Кыргызстанга 792 млн сомго “тик учактар, учактар, ракеталар” деп аталган товардын 132 даанасы алынып келинген. 2023-жылы ушул мезгилде импорттолгон “тик учактардын” саны 18 эсе өсүп 2408 даананы түзгөн. Алардын баасы 2.5 млрд сомду же 29 млн долларды түздү. Алардын дээрлик бардыгы Кытайдан ташып келинген.

Учуучу аппараттардын бөлүктөрү

2023-жылдын январынан майга чейин Кыргызстан Орусияга 100 млн сомдук 200 кг салмактагы учуучу аппараттардын бөлүктөрүн (8807 ТЭИ ТН коду) жиберген, ал эми былтыр бул товардан бир да даанасы экспорттолгон эмес.

Ошол эле кезде биздин өлкөгө учуучу аппараттардын бөлүктөрүнүн импорту 2 эсе өскөн. Эгер былтыр январдан майга чейин Кыргызстанга 178 млн сомго бул товардык позиция боюнча 14 тонна алынып келинсе, быйыл 475 млн сомго 27 тонна ташып келинген.

Билдирме. 8807 ТЭИ ТН коду өзүнө учуучу аппараттардын 8801, 8802 же 8806 товардык позициядагы бөлүктөрүн камтыйт: аба винттери жана алардын бөлүктөрү; шассилер жана алардын бөлүктөрү; учактардын, тик учактардын жана пилотсуз учуучу аппараттардын башка бөлүктөрү; башкалар.

Ок атуучу куралдар үчүн мээлөө дүрбүлөрү

Ошондой эле Кыргызстан Орусияга экспорттук таблицада “суюк кристалл түзүлүштөр, лазерлер” (9013 ТЭИ ТН коду) деп аталган товарларды жиберген. Бардыгы болуп Орусияга 6.7 млн сомго ($77 миң) 204 даана экспорттолгон.

Бул товарга түшүндүрмөдө алар ок атуучу куралга орнотулуучу телескоп түрүндөгү мээлөө дүрбүлөр; перископтор; машиналардын, аспаптардын, приборлордун же бул топтогу же XVI бөлүмдөгү аппаратуралардын бөлүктөрү катары жасалган көрүү трубкалар, же лазер диоддорунан башка лазерлер деп аталат. Улуттук статком такталган отчетун чыгарганда Кыргызстан эмне сатканын тагыраак билсек болот.

Геодезиялык же топографилык приборлор жана аспаптар

Былтыр январдан майга чейин Кыргызстан 4780 топографиялык приборду (9015 ТЭИ ТН коду) импорттогон, алардын 4500 кытай приборлору болгон. Товарлардын жалпы суммасы 42 млн сомду түзгөн. Быйыл Кыргызстан приборлорду Кытайдан сырткары Германиядан жана АКШдан сатып ала баштаган, ошол эле кезде Кытайдан сатып алынган товарлардын саны 10 эсе азайган. Импорттолгон товарлардын жалпы суммасы 55 млн сомду же $630 миң түздү.

2022-жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстан Орусияга 1.2 млн сомго болгону 6 приборду жиберген, а бул жылы экспорттолгон приборлордун саны 28ге чейин жетти, ал эми алардын баасы 9 млн сомду ($105 миң) түздү.

Билдирме. 9015 кодуна төмөнкү позициялар кирет: компастардан башка геодезиялык же топографиялык (анын ичинде фотограмметрикалык да), гидрографикалык, океанографикалык, гидрологиялык, метеорологиялык же геофизикалык приборлор жана аспаптар; алыстыкты ченегичтер.

Башка товарлар

Жогоруда айтылган товарлардан сырткары экспорттук аномалияны оптикалык элементтер (9002 ТЭИ ТН коду) боюнча да байкаса болот. Белгилей кетсек, быйыл январдан майга чейин Кыргызстанга 669 линза алынып келинген, негизинен Кытайдан жана Вьетнамдан. Ушул эле мезгилде Орусияга 327 миң долларга 535 линза экспорттолгон.

Андан сырткары 2022-жылы Кыргызстан Орусияга бир да бинокль (9005 ТЭИ ТН коду) жана навигациялык жабдыкты (9014 ТЭИ ТН коду) экспорттогон эмес болсо, быйыл эки товардык позиция боюнча экспорттон түшкөн киреше 32 миң долларды түзгөн.

Тыянак: ата мекендик компаниялар АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмегине түшө баштаганына карабай, Кыргызстан Орусияга экспорттун көлөмүн көбөйтүп келет. Макалада келтирилген товарларды аскердик максатта колдонсо болоорун белгилеп кеткибиз келет.