“Дастан” трансулуттук корпорациясынын мурдагы жетекчиси жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапташы Алексей Ширшов 7-майда Москвадан Бишкекке келди. Ал эми 10-майда УКМК аны камакка алып, кечинде үй камагына чыгарган. Бүгүнкү күнгө чейин санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Ширшовдун үйүндө жашап атканын өздүк булактар маалымдады.

Эске салсак, Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун айдоочусу болгон. Апрель окуяларынан кийин мародерлук боюнча иште күбө катары сотто төмөнкүдөй билдирүү жасаган:

Тергөөдө Ширшовдун апасы 2010-жылдын апрель айында үй тонолгондугу тууралуу билдирген, бирок эмне жоголгонун так билбейт деп айтылат. Ошондой эле «Дастан» ААКтын күзөт кызматынын кызматкери Талантбек Иманов да суралып, ал 7-апрель күнү Ширшовдун үйүнө 10го жакын адам уруксатсыз кирип, үйдү тегеректей баштаганын айткан.

Андан телевизор менен приставканы алып чыгышты. Анын “бирөөнүн мүлкүнө тийбегиле” деген эскертүүсүнө эч ким көңүл бурган жок. Эртеси үйдүн эшигин бекитип, үйүнө кетти. Болжол менен 2010-жылдын сентябрынын башында Ширшовдун атасы телефон чалып, коргоо үчүн ушул үйдө жашоону сунуштаган. Ал макул болуп, ушул күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашайт. Үйдө болгон мүлктүн баары чыгарылып кеткен, бирок ким тарабынан экени белгисиз”.

Өздүк булактар  Алексей Ширшовдун үйүн тасмага тартып, редакцияга жөнөттү. Анын айтымында бул үйдө бүгүнкү күнгө чейин Талантбек Иманов жашайт. Эки кабаттуу үй шаардын түштүк-чыгышында жайгашкан. Короодо узундугу 5-6 метрлик бассейн, гараж жана эки унааны көрсө болот. Алардын бири Mercedes Gelandewagen.

Биз Талантбек Иманов менен байланышып, комментарий алдык. Иманов бул дарек боюнча жашабаганын жана Ширшовдун үйүнө тиешеси жок экенин билдирди. 

 “Мен 8 микрорайондо жашайм. Ал үйдө 5-6 ай эле болгом, эсимде жок. Бул турак-жай бир нече жолу сатылса керек”, – деп билдирди ал. 

Gelandewagen жана Иманов 

Kaktus.Media маалыматына ылайык, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Mercedes-Benz G 63 AMG үлгүсүндөгү унааны айдап жүрөт. Мындан тышкары, 11-майда Ширшов Иманов жана Нурлан Байымбетов саат кечки беште “Дастан” заводунун жетекчиси Эрик Апышевдин кабинетинде эки саттай болгонун басылма маалымдаган.   

Kaktus.media журналисти Ширшовдун “Дастандан” Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен чыгып баратканын тартып алган. Ишканадан чыккан соң, Ширшов 3467 ВВ номерлүү Toyota Camry үлгүсүндөгү унаадан 01KG009AEL номерлүү Mercedes-Benz G 63 AMG унаасына отурган. Mercedes-Benz Сартказиев Медербек Бакирдиновичтин наамында.

Эске салсак, Алексей Ширшов коррупция беренеси менен шектелип, учурда үй камагында. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз алууга катышкан.

Үйдүн ээси ким?  

Биздин редакция үйдүн ээсин аныктоо үчүн Кадастр кызматынан пайдаланды. Бирок турак-жайдын 2 регистрациялык код номери чыкты. Кадастр кызматы үйдүн жарымы мамлекетке, калган жарымы жеке жакка таандык экенин айтып, жеке жакка тиешелүү жери “Оптима банкта” күрөөдө экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жогоруда ысымы аталган Сартказиев Бакирдин Эшимбетович “Оптима банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү жана Ширшовду ташыган Mercedes-Benz G 63 AMG унаасынын ээси.  

Мындан тышкары, Сартказиев Бакиевдердин тушунда Кыргызстандын улуттук энергетикалык тармагын жетектеген. 2007-жылы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору кызматын ээлеген. Өлкөдө бийлик алмашкан соң, ал мамлекеттик кызматтарды аркалаган эмес.