Цитата-чек. «Адам жок болсо – көйгөй да жок» деп Иосиф Сталин айтканбы?

«Адам бар болсо көйгөй бар, жок болсо – көйгөй жок» деген сөз Иосиф Сталинге таандык деп айтылып жүрөт. Аны англис тилине да которуп жүрүшөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тараган цитатага күмөн санагандар да арбын. Советтер Союзунун жетектеген Иосиф Сталиндин ырайымсыз экендигин тастыктоо үчүн кеңири жайылган сөз чын эле Сталинге таандыкпы?
Фразаны Интернеттен издесек, ар кыл циталарды камтыган көптөгөн сайттар пайда болот. Бирок, алардын биринде да цитата автору Сталин же ал эмес экенинин далили жок.
Фразага документалдык тастыктоолор да табылган жок. Иосиф Сталиндин жана аны менен бирге иштешкен адамдардын эмгектерин изилдеп, бир да ресурстан аталган фразаны тапкан жокпуз.
Андан аркы издөө аракети 1987-жылы жарык көргөн «Арбат балдары» аттуу чыгарманын автору, атактуу Анатолий Рыбаковго (1911 — 1998 жж.) таандык делген маалыматка алып келди. Бирок бул маалымат да текшерилүүгө тийиш.
Издөө системасында аткарылган текшерүүнүн жыйынтыгында Валерий Лебедевдин «Горбачев чечкиндүү болгондо» аттуу макаласына туш болдук. Анда Лебедев менен Рыбаковдун ортосундагы кеп жазылып, атактуу жазуучу Рыбаков «Адам бар болсо көйгөй бар, жок болсо – көйгөй жок» деген фразаны ойлоп таап, аны «Арбат балдары» аттуу чыгармасында Сталинге ыйгарганы тууралуу айтылат.
Рыбаков менен Лебедевдин ортосундагы кеп «Роман -эскерүү» («Роман-воспоминание», Рыбаков А.Н– М. : Вагриус, 1997. – 384 с.). Бул чыгармада Анатолий Наумович атактуу фраза ага таандык экенин тастыктаган:
— Сиз чын эле бул фразаны өзүңүз ойлоп таап, чыгарма каарманыңыз Сталинге ыйгаргансызбы?
Балким, бирөөдөн уккандырмык, балким, өзүм ойлоп тапкам. Анын эмнеси бар экен? Сталин башкача иштеген эмес да. Өзүнүн оппоненттерине түшүндүрчү беле? Жок, ал аларды кырган… «Адам жок — көйгөй да жок…» Бул сталиндик принцип болгон. Мен ага жөн гана аныктама бердим. Бул чыгармачыл адамдын укугу.
Анатолий Рыбаков, 1997-ж.
Ал эми «Арбат балдары» чыгармасынан төмөнкү үзүндү таптык:
«Березин 1918-жылы Царицинде Сталиндин ага айткан сөзүн эстей жүрчү. Сталин падыша армиясына кызмат кылган бир нече аскерди атууну талап кылды. Анда өзгөчө бөлүмдү жетектеген Березин аскерлерге коюлган күнөө жүйөөсүз экенин далилдеп, аларды жазага тартуу башка көйгөйлөрдү алып келерин Сталинге далилдөө аракетин көрдү.
Сталин Березинге төмөндөгүдөй жооп берди:
– Өлүм бардык көйгөйлөрдү чечет. Адам жок — көйгөй да жок.
Кийинчирээк аныкы туура болуп чыкты. Өлүм жазасын жокко чыгаруу тууралуу телеграмма келди, бирок, ал убакта аскерлер атууга учураган эле. Ошентсе да, жазанын артынан эч кандай көйгөй келген жок».
Жыйынтык:
Фейк. «Адам жок – койгөй жок» деген фраза Сталинге таандык эмес. Анын автору — атактуу жазуучу Анатолий Рыбаков.