Коронавирустун айынан өлтүрүлгөн аткаминер тууралуу жаңылыкты текшеребиз

Кытайдан Түндүк Кореяга кайтып келген аткаминер карантин талаптарын аткарбагандыгы үчүн өлүм жазасына тартылды. Мындай маалымат Интернет айдыңында желдей тарады.

Россиялык ЖМКлардын көбү бул жаңылык менен бөлүшүп, Daily Mail англиялык басылмасына шилтеме берген. Ал эми Daily Mail басылмасы маалымат булагы катары кореялык ЖМКларды көрсөткөн.

«Түштүк Кореядагы Donga ЖМКсынын маалыматына ылайык, аткаминер карантин талаптарын аткарбастан, коомдук мончого барган», – деп билдирет «Московский комсомолец».

 Дүйнө жүзүндө коронавирус темасы курч болуп турган мезгилде тараган макала кезектеги фейкпи, же чындыкка коошобу, factcheck.kg териштирди.

Алгач Google аркылуу издөө салып, маалыматты көптөгөн россиялык басылмалар жазып чыкканын аныктайбыз:

Андан соң,  ЖМКлардын көбү маалымат булагы катары көрсөткөн Daily Mail басылмасынын расмий сайтынан «Түндүк Корея» деп англис тилинде издейбиз.

 

Ал эми англиялык басылма маалымат булагы катары түштүк кореялык donga.com сайтына шилтеме берген.

 

Макаланы Google translate сервиси аркылуу которобуз. Жаңылык үч бөлүктөн турат. Анын алгачкы абзацында Түндүк Кореянын премьер-министри өлкөдөгү коронавирус илдетинин абалын текшергени тууралуу айтылат.  Алгачкы абзацта автор «Пхеньян эмгек гезитине» шилтеме кылган.

Ал эми макаланын экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө аткаминердин өлтүрүлгөнү тууралуу жазылып, түндүк кореялык анонимдик булактар айтылат.

Түштүк кореялык donga.com сайтын whois.com сервиси аркылуу текшерип, бул ЖМКнын ачылганына бир топ убакыт болгонун, тактап айканда ал 1996-жылдын 26-мартынан тарта иштеп келе жатканын тастыктайбыз.

Ал эми SimilarWeb сервиси аркылуу сайт өлкө ичинде гана эмес, дүйнө жүзү боюнча популярдуу экенине ынанабыз. Маселен, бир эле айда, тактап айтканда 2020-жылдын январь айында гана donga.com сайтына  66,1 млн. адам баш баккан.

 

Басылма дүйнөлүк рейтингде 423- орунду, ал эми ЖМК катары — 70 орунду ээлейт. Түштүк Кореянын өзүндө donga.com атактуулугу жагынан 21-орунда.

 

Жыйынтык. Маалымат далилденген жок.

Кытайдан Түндүк Кореяга кайтып келген аткаминер карантин талаптарын аткарбагандыгы үчүн өлүм жазасына тартылганы тууралуу алгач түштүк кореялык donga.com сайты жазып чыккан. Бул басылма Түндүк Кореядагы анонимдүү маалымат булактарына таянган.

ЖМК анонимдик булактарды пайлаланган учурлар көп кездешет. Мындай жагдайда маалыматтын чын-төгүнүн кесе айтуу дээрлик мүмкүн эмес. Мындан тышкары, макала ачык, ишенимдүү булактар менен тастыкталбаганын жана Түндүк Кореянын бүткүл дүйнө жүзүнөн жабык түрдө жашап келерин баса белгилейбиз. Мындай учурда маалыматка ишеним көрсөтүү же аны четке кагуу — бул окурмандын өз эрки.