Жанар Акаевдин партиясынын Матраимовдор менен байланышы барбы?

Социалдык тармактарда аэропорттон тартылган сүрөт талкууга алынды. Колдонуучулар сүрөттө Раим Матраимовдун өкүл баласы экенин жана ал  Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын съездине сапар алганын жазып чыккан.

Factcheck.kg маалыматты ачык булактардан текшерип көрдү.

Алгач сүрөттүн авторун аныктадык. Ал АкиPress маалымат агенттигинин штаттагы эмес кызматкери Бекмамат Абдумалик уулу болуп чыкты. Ал эми анын оң тарабында — Раимбек Матраимовдун өкүл баласы делген Нурбек Керимбеков.

Партия съезди жана сүрөт каармандары

Өткөн аптада Жанар Акаев жетектеген Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) съезди болуп өттү. Съезд 2-февраль күнү Бишкектеги “Асанбай борборунда” түшкү саат экиде башталган.

Бекмамат Абдумалик уулунун сүрөтүнөн Lumiwings грек компаниясынын 28668 номерине ээ болгон Boeing 737-36N учагын көрсө болот. “Эйр Манас” авиакомпаниясы аны өз учагын оңдогуча  убактылуу жалдаган. Учак Бишкектен Ошту карай 1-февраль күнү саат жетиде (19.04) алгачкы рейс аткарган. Бекмамат Абдумалик уулу сүрөттөрдү соцтармакка эртең менен жүктөгөн. Маалыматка ылайык, ал убакка Оштон Бишкекке каттаган бир гана рейс туура келет.  Flightradar24 сервисинен самолет Бишкекти көздөй бет алганын аныктайбыз.

 

Ошол эле күнү Бекмамат Абдумалик уулу Нурбек Керимбеков менен түшкөн сүрөтүн өзүнүн Facebook соцтармагындагы аккаунтунан өчүрүп салган. Бирок анын съездге катышканын ачык булактардан алынган башка маалымат тастыктайт.

Ал өзүнүн Instagram баракчасына съезд учурунда тартылган тасманы жүктөгөн. Мындан тышкары,  “Азаттыктын” сайтына жүктөлгөн видеонун 4-секундасында Бекмамат Абдумалик уулу байкалган. Дал ошол жерден (орундуктан) Instagram баракчасындагы видеону тарткан.

Ал эми Нурбек Керимбеков съездге катышканбы? 

3-февралда КЛДП Facebook баракчасына съезд учурундагы  фоторепортаж жүктөгөн. Сүрөттөрдүн биринде Нурбек Керимбековду көрсө болот.

 

Керимбековдун жанында отурган адам — Оштун аэропортунан сүрөткө түшкөндөрдүн бири.

Мындан тышкары, Instagram соцтармагында aksy_talanttary_official баракчасы Нурбек Керимбековду белгилеп, ага ыраазычылык билдирген. Сүрөттө Керимбеков съездге катышканда кийген костюму менен түшкөнүн көрсө болот.

 

Эки сүрөттү салыштырып, анда бир эле адам тартылганын аныктайбыз. Демек, аэропорттон сүрөткө түшкөн төрт адам тең КЛДП съездине аттанган деп тыянак чыгарабыз.

 

Нурбек Керимбеков деген ким?

Керимбеков «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи аттуу иликтөөсүндө айтылган «Тарим Транс» компаниясын жетектейт.

Аталган компания Кыргызстан аркылуу Кытайдан  Өзбекстанга жүк ташуу менен алектенет. Эл арасында ал «Тарим Транс» эмес,  «Абу-Сахий» деген ат менен белгилүү.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Дүйшөн Төрөкулов (мурдагы бажы кызматкери, учурда “Бир Бол” партиясынан ЖК депутаты) Райымбек Матраимов «Абу-Сахийди» колдоорун жана бул компаниянын атаандаштары адилетсиз шарттардан улам жок болгонун айткан.

 

Factcheck.kg “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин Матраимовдордун “Тарим транс” компаниясы менен байланышын текшерип, аталган компаниянын салык төлөмдөрүн Райымбек Матраимовдун жээни Нурманбет Сыдыков ишке ашырып турганын аныктаган.

Мындан тышкары, Нурбек Керимбеков “Азаттыкка” берген интервьюсунда “Тарим транс” компаниясы бажы төлөмдөрүн төгүп турат деп айтканына карабай, “Ачык бюджет” порталынан тастыкталган эмес.

Оштон келгендердин статусу 

Оштон келген Бекмамат Абдумалик уулу жана Нурбек Керимбековдун  статусун аныктоо үчүн Жанар Акаевдин съезддеги сүйлөгөн сөзүнө көз чаптырабыз:

Тасманын 13-минутасынын 13-секундасында Жанар Акаев мындай дейт: “Биздин командада Ош, Токмок шаарынан келген,  Нарындан, Ат-Башыдан, Таластан, Жети-Өгүздөн келген коноктор […]. Жалаң таза, билимдүү, акниет, өзүнүн күчү менен бутуна турган, ата-энеси көпөс же олигарх эмес, мекенчил уулдардын кошулганына дайыма сыймыктанып жүрсө болот”.

Акаев апрелде Токмокто жана Ошто өтчү жергиликтүү кеңешке шайлоого КЛДПнын аттанганын айтып, Ош жана Токмоктон келген делегацияны одрунан туруусун өтүнгөн соң (20-мүнөттүн 40-секундасында), алдынкы орундуктарда отурган бир нече  адам ордунан турат.

2020-жылдын 4-февралында журналист Даткабек Шабданбеков анын досу Бекмамат Абдумалик уулу шайлоого аттанганы тууралуу кептерди укканын жазып, ага окшогон жаштар эл өкүлдөрү болгонго татыктуу деп белгилеген. Ал эми анын досу Бекмамат Абдумалик уулу шайлоого аттануу ниети бар экенин четке каккан эмес.

Жыйынтык:

  1. Оштун аэропортунан сүрөткө түшкөндөр Бишкектеги КЛДП съездине аттанган. Алардын арасында Раимбек Матраимовдун өкүл баласы деп айтылган Нурбек Керимбеков да бар;

  2. Алар партия мүчөлөрү жана жергиликтүү кеңешке өтүүчү шайлоого аттанган болчоктогу кандидаттар;

  3. Нурбек Керимбековдун Райымбек Матраимов менен  “Тарим транс” компаниясы аркылуу кыйыр байланышы бар;

  4. Нурбек Керимбеков Матраимовдун өкүл баласы экенин ачык булактардан далилдөө мүмкүн эмес.