Депутаттар 30 жыл мурун жана азыр: алардын курамы кандай өзгөрдү

Жогорку Кеңештин чакырылыштары 1939-жылдан бери иштеп келе жатат, ал кезде парламент Кыргыз ССРинин Жогорку Совети деп аталчу. Эң белгилүү чакырылыштардын бири – 12-чакырылыш. “Легендарлуу парламент” эмнеси менен бул атка конгонун айтып беребиз жана аны КРдин Жогорку Кеңешине биринчи шайлоо өткөн 1995-жылдан берки 7-чакырылыштын депутаттары менен салыштырабыз.  

Тарых

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана анын демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономий негиздерин түзгөн бир катар мыйзамарды кабыл алганы үчүн тарыхка “легендарлуу парламент” деген ат менен кирген. Ал 1990-жылдан баштап 1994-жылга чейин иштеп, мөөнөтүнөн мурда таркатылган. 

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматтар боюнча, он экинчи чакырылыштын 14 сессиясында миңге жакын маселе каралып, алар боюнча 148 жаңы мыйзам кабыл алынып, 105 мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 964 токтом бекитилген.

Парламент түз добуш берүү менен шайланган 350 депутаттан турган. Алардын арасында 12-чакырылыштын төрагалары Абсамат Масалиев жана Медеткан Шеримкулов, Кыргызстандын экс-премьер-министри Феликс Кулов, атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев, жазуучу Мар Байджиев, мамлекеттик ишмерлер Амангелди Муралиев, Турсунбек Чыңгышев, Ишенбай Кадырбеков жана дагы көптөгөн башка белгилүү саясатчылар болгон.

Билимдери

“Вестник КРСУ” журналында 2011-жылы жарык көргөн “Кыргыз Республикасынын парламентиндеги интеллигенция: тарыхый көз караш” изилдөөсү боюнча, “легендарлуу парламенттеги” депутаттардын 79.5% жогорку билимдүү болгон, орто билими барлардын үлүшү 20.2%, б.а. бештен бир бөлүгүнтүзгөн. Изилдөөдө 9 депутат илим докторлору, ал эми 21и илимдин кандидаттары болгону белгиленет.   

Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын депутаттарынын бардыгы жогорку билимдүү. Алардын арасындагы эң популярдуу кесиптер: юрист (48 киши) жана экономист (25 киши). Белгилей кетүүчү жагдай – депутаттардын көбү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетти аякташкан (32 депутат). Бирок бул чакырылыштагы депутаттардын арасында болгону 3 илимдин талапкери бар, бир да илим доктору жок. 

Иш тажрыйбалары

Factcheck.kg’нин журналисттери жүргүзгөн талдоо боюнча, легендарлуу парламенттин белгилүү 34 депутатынын 13ү мамлекеттик ишканаларда инженер болуп эмгек жолун башташкан, 6 адам жождордо же мектептерде мугалим болушкан, ал эми үчөө айыл чарба тармагында эмгектенишкен. 

Учурдагы Жогорку Кеңеш тууралуу сөз кыла турган болсок, депуттардын иш тажрыйбасы кыйла айырмаланып турат. Мисалы, Айгүл Айдарова университетти аяктагандан кийин эмгек жолун Токмок шаарындагы ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматынан баштаган. 

Улан Бакасов, анын өмүр таржымалы боюнча, депутат болгонго чейин 17 жыл жеке ишкерлик менен алектенген.

Депутат болгондо ал 37 жашта болгонун белгилей кетиш керек.

Аида Исатбек кызы боюнча да уушга окшош көрүнүш. Анын өмүр таржымалында ал 2014-жылы 23 жашында «Нурс Мебель» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштей баштаганы эле көрсөтүлгөн.

Иштеп жаткан парламенттеги жеке ишкерлер, же юристтер менен салыштыра келгенде депутат болгонго чейин инженер, мугалим же медик болуп иштегендердин саны өтө аз.

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

1990-жылы 15-декабрда Жогорку Советтин III сессиясында “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларация” кабыл алынган болчу. Кийин “легендарлуу парламент” Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны (1991) кабыл алып, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президентин – учурда качып жүргөн Аскар Акаевди – шайлаган. Андан тышкары, мамлекеттик башкы символдор – Желек (1992-жылдын 3-марты), Герб (1994-жылдын 14-январы), Гимн (1992-жылдын 18-декабры) кабыл алынып, улуттук валюта – сом киргизилген (1993-жылдын 3-майы). Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган, кийин ага бир катар толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген болчу.

Учурдагы парламент талаштуу мыйзамдары жана депутаттардын сөздөрү менен белгилүү. Мисалы, өлкөдө инфляциянын жана кедейликтин деңгээли өсүп жатканда, депутаттар өз жыйынында TikTok коомдук тармагын бөгөттөөнү талкуулашууда. 2022-жылы жайында парламент “инвестицияларды тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттарды тартуу” максатында Кыргызстанда казинолорго уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Ошол эле кезде төлөнүп келбеген 12 млн сом өлчөмүндөгү салык карызы кечирилген.  

Депутаттардын уу-дуу жараткан сөздөрү менен кененирээк бул жерден таанышса болот.

Улуу инсандар

“Легендарлуу” парламентте белгилүү инсандар болгон.

Казат Акматов

Мисалы, 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” наамына татыган жазуучу Казат Акматов парламенттин депутаты болгон. 1986-жылы Кыргызстан жазуучуларынын VIII съездинде ал Жазуучулар союзунун биринчи катчысы болуп шайланган, ал эми VIII Бүткүл союздук жазуучулардын съездинде СССР Жазуучулар союзунун башкармалыгына кирген. Казат Акматов жүздөн ашык карасөз чыгармалардын, пьесалардын, көркөм жана даректүү тасмалардын автору. 1978-жылы “Роман-газета” журналында жарыяланган “Эки сап өмүр” повести үчүн ага Бүткүл союздук А.Островский атындагы адабият сыйлыгы тапшырылган. 

Төлөгөн Касымбеков

Парламенттеги башка белгилүү инсан жазуучу Төлөгөн Касымбеков. Анын атактуу чыгармасы – “Сынган кылыч” романы кыргыз, орус, советтер союзунун курамындагы бардык республикалардын тилинде бир нече жолу басылып чыгарылган. 1980-жылы бул китеп «Прогресс» басмасынан англис тилинде жарык көргөн. Роман кыргыз элинин Кокон хандыгы мезгилиндеги коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый чыгарма болуп эсептелет.

Т. Касымбеков 1959-жылы СССР Жазуучулар союзуна кабыл алынган болчу, ал эми 1986-жылы “Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу” наамын алган. Касымбеков кыргыз элинин руханий өнүгүүсүнө зор салым кошкон Кыргызстандын атактуу жазуучусу болуп эсептелет. Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамы менен сыйланган.

Амангелди Муралиев

Амангелди Муралиев Кыргыз Респубикасынын экс-премьер-министри катары белгилүү, бирок ал ошол эле кезде көбү ишке ашырылып, колдонулган 10 ойлоп чыгаруунун жана бир катар рационализатордук сунуштардын автору болуп эсептелет. 1973-жылы 20-августунан кийин ойлоп чыгарганы үчүн ага “СССР ойлоп чыгаруучусу” деген төш белгиси тапшырылган. Муралиев Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана Москвадагы Эл аралык инеженердик академиянын академиги болуп эсептелет. 

Жамал Ташибекова

Жамал Ташибекова – саясаттагы белгилүү аялзат өкүлү болуп эсептелет. Ал 1980-жылы Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп дайындалган, аны менен кошо бир эле убакта ал Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болгон. Ошол эле жылы ал БУУнун 35-Генералдык Ассамблеясынын ишине катышып, Советтер Союзунун делегациясын Кытайдын социалдык маселелер боюнча сунушун колдоого ынандыра алган. 

1986-жылы ал Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдорунун бирлигининин төрайымы болуп дайындалган. 1997-жылы Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиянынын жетекчиси болгон. 1997-жылдан тартып 2004-жылга чейин ал “Кыргызстандын аялдар уюмдарынын федерациясы” коомдук бирикмесин жетектеген. 2004-жылы Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлигинин Достук үйүнүн директору болуп иштеген.

Парламенттин VII чакырылышынын сапаттык курамы

Редакция КРдин Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жарыяланган азыркы чакырылыштагы парламенттин бардык депутаттарынын өмүр баянын талдап чыгып, аны талапкер катары иштеген жерлерин көрсөткөн шайлоо алдындагы тизмек менен салыштырып чыкты.

Парламентарийлердин көбүнүнүн өмүр баянында парламентке чейинки иши көрсөтүлө турган жерде көптөгөн жылдарды камтыган боштуктар байкалган.  

Биз депутаттар тууралуу төмөнкү маалыматтарды камтыган графикти жана таблицаны түздүк: Аты-жөнүн, жашын, парламенттик фракциясын, билимин, ЖКнын сайтында жарыяланган өмүр баянында көрсөтүлгөн парламентке чейин иштеген акыркы эки иш орунун жана талапкерлердин тизмегинде көрсөтүлгөн иш орунун.  

Баарына көп жумушсуздар болгон – 24 депутат. Эң азы – спорчулдар – болгону экөө. 

Депутаттардын сапаттык курамы боюнча таблицаны бул жерден жүктөп алса болот.