Бишкек Мэриясынын муниципалдык администрациянын жаңы жетекчиси – экс-депутат Төрөбай Зулпукаровдун 26 жаштагы күйөө баласы

Бишкек Мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Алибек Арыстанов дайындалды. Бул тууралуу 12-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Factcheck.kg редакциясы анын өмүр таржымалын иликтеп чыкты.

Анын коомдук тармактагы барагындагы маалымат боюнча, ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктап, Бишкек мэриясында иштеп келген. Ал 26 жашта.

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан экс-депутат Төрөбай Зулпукаровдун күйөө баласы. 2018-жылы Алибек Арыстанов экс-депутаттын кызы Айжамалга үйлөнгөн.

Зулпукаровдун кыз узатуу тоюна саясий элитанын дээрлик бардыгы келген: премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, спикер Дастан Жумабеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов, депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Алмамбет Шыкмаматов жана Алмазбек Баатырбеков. Экс-биринчи айым Айгүл Токоева – ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы – тойдун ардактуу коногу болгон.

Той “Алтын казына” тойканасында өткөн. Анда белгилүү ырчылар Мирбек Атабеков, Алтынай Нарбаева, Омар Жанышов, Нурлан Насип жана башкалар ырдашкан.

Эскерте кетсек, Төрөбай Зулпукаров парламенттин VI чакырылышынын КСДП фракциясынан депутат болгон. 2021-жылы 31-майда ал жана КСДП партиясынан дагы бир депутат Асылбек Жээнбеков, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, “Кумтөр” долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган.

Кумторду иштеткен компанияны жана бул компания менен кайсы бир келишимдерди түзүүгө тиешеси бар аткаминерлерди текшерүү демилгесин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көтөргөн болчу. Генпрокурор Курманкул Зулушев депутаттарды жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап парламентке кайрылган.

Бирок ошол эле жылы 9-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аларды УКМКнын төргөө абагынан бошоткон. Бул иш боюнча атайы түзүлгөн комиссиянын чечими боюнча, Жээнбековдун жана Зулпукаровдун “Кумтор голд компани” ЖАКтын ишмердүүлүгүнө тийиштиги бар экендигин тастыктаган далилдер болгон эмес.

Ал эми 25-декабрда Акылбек Жапаровдун уулу Максат Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнө тургандыгы белгилүү болгон. Бул күнү кыз узатуу тою өткөрүлгөн болчу.

Мурдагы депутаттар боюнча кылмыш иши азыркыга чейин аягына чыга элек.

Тыянак: Бишкек Мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Алибек Арыстанов экс-депутат Төрөбай Зулпукаровдун күйөө баласы болот.