Күнүнө 7 сом. Шаардык кеңештин төрагасы мектеп окуучуларынын жана бала бакча балдарынын тамактануусун каржылоону токтотууну сунуштады

Бишкектин депутаттары бала бакчаларда жана мектептерде балдардын тамактануусун каржылоону токтоткулары келүүдө. Бул тууралуу шааркеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев билдирди. Анын айтымында, бала бакчалардагы жана башталгыч класстардагы балдардын тамактануусуна жылына 900 млн сом сарпталат.

Factcheck.kg редакциясы ар бир окуучуга жана бала бакчадагы балага күнүнө канча каражат жумшаларын тактап чыкты.

Көзөмөлдөө мүмкүн эмес

Шаардык кеңештин төрагасы жыйын учурунда саясий чечим кабыл алып, бала бакчалардагы балдардын тамактануусун каржылоону толугу менен ата-энелерине жүктөө керектигин айтты.

“Учурда муниципалитет жарымын жаап келүүдө. Ал жакта кандай башаламандык экенин баарыбыз жакшы билебиз. Аны көзөмөлдөө мүмкүн эмес: же башканы алып келишет, же эти андай эмес, же башка дагы бир нерсе”,деген Куванычбек Конгантиев.

Бир күн өткөндөн кийин төрага коомдук тармакта өзүнүн сөздөрү боюнча түшүндүрмө берип жатып, анын сөздөрү контексттен жулунуп берилгенин билдирген.

Мен бир чети буга ыраазымын, анткени көп жылдар бою айтылып, бирок чечилбей келе жаткан маселеге көңүл бурдуруу менин максатым болчу. Ооба, балдарыбыз бала бакчага барганда сапаттуу тамак-аш менен камсыз болушу үчүн чоң каражаттар бөлүнөт”, – дап жазган ал.

Андан сырткары ал, тамак-аш калориялуу жана витаминдерге бай болушу керек экенин белгиледи.

“Бирок ошенткен менен мектепке чейинки курактагы балдар жаш курагына байланыштуу ата-энелерине тамак-аштын кандай даамдуу, түрдүү жана аш болумдуу болгондугун, же жегенге мүмкүн эмес экендигин айтып бара алышпайт”, – деп жазат аткаминер.

Канча каражат жумшалат?

Ачык бюджеттин маалыматтары боюнча, Билим берүү министрлиги 2022-жылы тамактанууга пландаштырылган 1 млрд сомдун 923 млн сомун жумшаган. Ал эми бир жыл мурун 703 млн сом срапталган болчу.

2023-жылы январь-апрель аралыгында 103 млн сом же айына 25 млн сомдон чыгымдалып турган. Жалпысынан бул жылдын бюджетинде тамактанууга 1 млрд сом караштырылган.

Учурда 1735 мектепте (бардык окуу жайлардын 75%) балдардын тамактануусу уюштурулган.

Бишкекте күнүнө бала бакчадагы бир баланын (3 жашка чейинки балдар) тамактануусуна 50 сом жумшалат, 3 жаштан 7 жашка чейинки балага – 60 сом (дагы 50%ын ата-энеси берет). Акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо – 120 сом. Кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада – 150 сом.

Жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы балдары үчүн – 22 сом. Жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын балдары үчүн – 22 сом. Жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн – 36 сом. Бирок Бишкекте каралган каражаттар башка аймактардагы сандардан айырмаланып турат.

Кыргызстандын аймактарында бала бакчадагы бир балага 60 сомдон 90 сомго чейин каражат жумшалат (жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары каржылайт, дагы 50%ын ата-энеси көтөрөт). Ошол эле кезде күндө менюга төмөнкү азыктар кириши керек: сүт, айран-кефирлер, каймак, эт, картофель, жер-жемиштер, ширелер, нан, крупалар, сары май жана өсүмдүк майы, кант, туз. Калган азыктар (быштак, балык, сыр. жумуртка ж.б.) – жумасына 2-3 жолу.

Мектеп окуучусуна күнүнө 7 сом гана каралган (Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланат). Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда 10 сом каралган. Ош шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул көрсөткүч 10 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу редакцияга КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын адиси Бакыт Рыспеков билдирди.

“Балдар күнүнө бир жолу тамактанышат. Кээ бир мектептерде ысык тамак берилсе, башкаларында компот менен булочка гана берилет. Балдардын тамактануусу боюнча ата-энелери жардам берген мектептер бар. Ошондой эле айрым айыл өкмөттөр мектептерге жардам берип келишет”, – деди ал.

Жакшыртууга муктаж тамактануу

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги тамактанууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүү өтүнүчү менен министрлер кабинетине кайрылган болчу, бирок Каржы министрлиги кошумча каражатты бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирген.

Өз кезегинде Министрлик мектептеги тамактануудан үнөмдөөнүн кесепети кандай болоорун билдирет:

“Мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу” программасынын алкагында кылдаттык менен четке кагылган булочка жана чайдан турган менюга кайтып келүүгө аргасыз болушуна алып келет (чындыгында эле, ал өтө пайдалуу шам-шум этүү эмес). Ошол эле учурда, “изилдөөлөр көрсөткөндөй, ысык тамак 7-10 жаштагы балдардын энергияга болгон муктаждыгынын 95 пайызын, ал эми шам-шум этүү ​​50 пайызын гана камсыз кылат”.

Тыянак: Кыргызстанда бала бакчадагы балага бюджеттен күнүнө 50 сомдун айланасында каражат бөлүнөт, ал эми мектеп окуучусуна – 7-10 сом.

Билдирме: Президенттин Иш башкармалыгы 2022-жылы тамак-аш азыктарын сатып алууга 7.5 млн сом короткон, президенттин администрациясы – 4.5 млн сом, Жогорку Кеңеш – 548 миң сом.