Бакиевге түспөлдөш адам Кумтөрдө иштери чын

Жалпыга маалымдоо каражаттарында “Кумтөр Голд Компани” 150 студентти жайкы практикага кабыл алганы тууралуу маалымат пайда болду. Бул жаңылыкка студент менен Кумтөрдүн кызматкери түшкөн сүрөт тиркелген. Argument.kg сайтынын журналисттери кызматкердин качкын президент Курманбек Бакиевге түспөлдөш экенин байкап, “Бакиев Кумтөрдө жүрөбү?” деп суроо салышкан.  

Factcheck.kg сүрөт каарманы тууралуу маалыматты текшерип көрдү.

Сүрөт алгач 19-августта “Кумтөр Голд Компанинин” сайтында жарыяланган.

Search4faces тиркемесинин жардамы менен каарманыбыздын ысымы Нарынбек Жакшыбеков экенин аныктадык. 

Нарынбек Жакшыбеков деген ким? 

“Одноклассники” социалдык тармагындагы маалыматка ылайык, Нарынбек Каракол шаарынын тургуну, ал Кумтөрдө эмгектенет. Кызматкердин качкын президент Курманбек Бакиев менен байланышы жок.  

Сүрөт “Одноклассники” социалдык тармагында 2016-жылы жарыяланган.

Эске салсак, мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланыштуу издөөдө жүрөт.

Жыйынтык: жалган. Сүрөттөгү каармандын ысымы Нарынбек Жакшыбеков. Ал Ысык-Көлдүн тургуну жана качкын президент Курманбек Бакиев менен байланышта эмес.