Бишкекте самолеттор “омикрон” чачып жүрөбү? Текшеребиз

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Бишек шаарында цирк тарапта 3 самолет асманда “омикрон” штаммын “чачып атканы тууралуу” видео тарады.  Видеодо асманда айланган учактарды жана алардын издерин көрүүгө болот.

Буга далил катары Omikron деген жазуусу бар пакеттердин сүрөтү дагы тараган.

Factcheck.kg бул билдирүүнү текшерип көрдү.

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти  видеону четке кагып, аны фейк деп атаган.

Министрликтин айтымында, декабрь айынын аягында Бишкек жана Оштун аэропортторунда коюу туман байкалгандыктан, учактар ​​1800-7000 метр бийиктикте шаарды айланууга аргасыз болгон же башка аэродромдорго жөнөтүлгөн.

Видеонун автору uluu_kyrgyz_kaganaty аттуу Tik-Tok колдонуучусу тасманы 2021-жылдын 30-декабрында жарыялаган. “Манас” аэропортунун расмий сайтында декабрь айынын аягында Бишкек шаарынын үстүндө коюу туман байкалгандыгы тууралуу маалымат бар. Мындай жаңылык 2021-жылдыгн 30-декабрында да жарыяланган.

Тасмада тараган маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги дагы четке каккан.

Ал эми Omikron деген жазуусу бар пакеттерден аны чыгарган ишкананын расмий сайтын көрсө болот. 

Биз ал сайтка баш багып, аталган завод полипропилен жана и полиамид кошулмаларын чыгарарын аныктадык. Бул кошулмалар өнөр жайда, анын ичинен пластик түтүктөрүн чыгарууда колдонулат.

Omikron компаниясы 45 жылдан бери иштеп келет, ал буга чейин медициналык препараттарды жана дары-дармектерди чыгарган эмес.

Социалдык тармактарда тараган пакеттерди жазуулар жана компаниянын расмий сайтында жарыяланган логотиптер бири-бирине куюп койгондой окшош.

 


Ал эми видеонун авторун чочуткан учактардагы издер – бул кадимки конденсация жолдору. Бул кыймылдап бараткан учактын артында атмосферада пайда болгон конденсацияланган нымдуулуктан (тамчылар же муз кристаллдары) турган абада көрүнгөн из.

Жыйынтык: жалган. Самолеттор коюу туманга байланыштуу жерге коно албай, шаардын үстүнөн айланган. Учактан калган ак издер конденсация жолдору болуп саналат. Ал эми сүрөттө өнөр жайлык химиялык кошумчаларды чыгарган Omikron компаниясынын таңгагы көрсөтүлгөн.