Фактчек: Куштар бир орунда калкып туруп калып физиканын мыйзамдарын бузуудабы?

Физиканын мыйзамдарына каршы келген кезектеги жаратылыштагы көрүнүш менен интернетте бөлүшүп жатышат. Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз кайрылып, абада бир орунда калкып турган куш тартылган видеону текшерип берүүнү суранды. Видеого түшүндүрмөдө куштун өлүк денеси абада калкып турары жана бул көрүнүштү түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес экени айтылат. Ушуга окшош өзгөчө көрүнүштөр бир нече жылдан бери видеолорго түшүрүлүп жатканы да айтылат.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Биз аныктагандай, электр зымдарынын үстүндө калкып турган куштун денеси видеого 17-февралда саат 13 менен 16нын аралыгында Суррейдеги LA Matheson орто мектебинин жанында тартылган. Ролик Тик-Токто 17-февралда жарыяланган. Эки күндөн кийин Твиттерде ушул эле куштун башка ракустан тартылган видеосу пайда болгон.

Видеодогу кадрлар боюнча видео тартылган жерди Google-картадан таптык. Эки видео тең Британ Колумбиясында, Суррей шаарындагы 93a Avenue көчөсүндө тартылган.

Твиттердеги видеодогу жер.

Тиктоктогу видеодогу жер.

Твиттерде жарыяланган видеонун сапаты жакшыраак болуп, андан куш бир нерсеге байланып асылып турганын жана шамалдан ары-бери чайпалып турганын байкасак болот.

Канадалык Vancouver is Awesome басылмасы бул көрүнүштү түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен адистерге кайрылган. Адистер видеону тыкыр изилдеп чыгып, андагы куш ак чардакка окшош экенин аныкташты. Сыягы ал видеодо көрүнбөгөн лескага окшош жиптерге чырмалып калып өлгөн.

Бул басылманын маалыматы боюнча, ошол эле күнү саат 16:30да бул куш видеодогу ордунда болгон эмес.

Ал эми бир ордунда калкып турган куштар тартылган видеолорго кайрылсак, ушуга окшош көрүнүштөр сейрек эмес экенин байкадык. Бирок алардын левитациясынын себеби – адам көзү көрбөгөн, видеодо да көрүү мүмкүн болбогон ичке жиптерде асылып турушу.

Ушуга окшош көрүнүш Малайзиялык Субанг-Джай шаарында 8 жыл мурун кадрга түшкөн. Андан кушту бошотуу аракети учурунда ал учуп кеткиси келип талпынганын байкаса болот.

Бир жыл мурун дагы бир видео Малайзияда тартылган, андан зымга илинип калган көгүчкөндү бошотуу аракетин көрсө болот. Видеонун сапаты начар болгондуктан зымдарды көрүү мүмкүн эмес, бирок куштун абалынан анын бир канаты бир нерсеге илинип калганы жакшы байкалат.

Салыштыруу иретинде куштардын бир орунда абада кантип калкып турарына көңүл бурсак. Мисалы, күйкө олжо издеп абада бир орунда калкып туруп калат, бирок ал аны үчүн канаттарын бат-баттан каккылайт.

Бир орунда калкып туруунун башка жолу – бет маңдайдан соккон абанын агымын колдонуу.

2017-жылы Reddit’тин колдонуучусу эшик алдында жайгаштырылган видеокамерага тартылган видеожазууну жарыялаган. Анда таранчыга окшош чымчык абада бир кызык учуп турган. Ал канаттарын какпай эле камеранын алдында бир аз ары-бери жылып абада калкып турган. Бул видео 24 млн жолу көрүлгөн болчу. Бирок кийин роликтин автору түшүндүргөндөй, бул жөн гана визуалдык тамаша болгон. Видео тартылып жаткан учурда кадрлардын алмашуу тездиги чымчыктын канатанынын кагышынын тездиги менен дал келип калган.

Тыянак: калп. Куш же көз көрбөгөн нерсеге чаташып, илинип калып өлгөн, же өлгөн кушту жерден көрүнбөгөн жипке илип коюшкан. Жел жокто абада калкып турууга физиканын мыйзамдары жол бербейт.