Мүрзөдөгү ымыркай тууралуу фейк

Болжол менен Африкада тартылган видео соцтармактарда жайылды.

Болжол менен Африкада тартылган видео соцтармактарда жайылды. Видеого  төмөнкү комментарий берилген:

«Африкалык боюнда бар аял өлгөн болот… Төрт айдан кийин мүрзөсүнөн ымыркайдын ыйлаганын эшиткен эл, мүрзөнү кайра казып ымыркайды аман – эсен куткарып алышат». Бул тууларуу Каныбек Осмоналиев аттуу колдонуучу өз баракчасына жазган.

Factcheck тастыктоочу инструменттерди колдонуп тасманын чоо-жайын аныктады.

Алгач бул видео 2018-жылдын июнь-июль айларында  ар кайсы сайттарда жарыяланган. Анын сүрөттөмөсү дээрлик бардык жерде бирдей. Ал Кенияда тартылганы баяндалат, айрым булактардда Индонезияда болгон окуя деп берилет.

Кадрларга назар салсак, тасма үйдүн тегерегинде тартылганы байкалат. Айрым колдонуучулар: “аял короого көмүлгөнбү” деген суроо калтырган.

Ымыркай куткарылган жер чын эле мүрзөгө окшобогону даана көрүнөт. Ал казылган жер же даараткананы эске салат.

Эң кызыгы биринчи жарыяланган анык тасма кийинки фейк менен коштолгон сүрөттөмөлөрүнө караганда популярдуу болгон эмес. Аны болгону 40тай адам көргөн.

Анык тасманын аты төмөнкүдөй: Аял өз баласын дааратканага таштаган.

“Мындай мыкаачылык замандын өнөкөт көрүнүшү болду жана жергиликтүү эл кайдыгер карабай баланы куткарып калды” деп тасманын сүрөттөмөсүндө жазылган. Чындыгында, африкалык массалык маалымат каражаттарында кыз-келиндер мындай кадамга барары көп жазылган.

4 ай мурун Кениянын Мачакос аймагында 16 жашар кыз өз баласын дааратканага таштаганы маалым. Айылдыктар ымыркайдын ыйын угуп, аны куткарышкан. Бирок 2 сааттан соң бала ооруканада көз жумган.

Дал ушундай окуя Малави республикасынын Блантайр районунда болгон. 19 жашар кыздын баласын кошуналары сактап калган.

Танзания жана Кенияда да бул адатка айланган көрүнүш.

Жыйынтык

– Тасманын “мүрзөдө төрөлгөн ымыркай” деген сүрөттөмөсү – фейк.