Путиндин Кыргызстанга келген учурда жайылган фейктер жана манипуляциялар

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерде жана андан соң социалдык тармактарда ар түрдүү маалымат тараган.

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерде жана андан соң социалдык тармактарда ар түрдүү маалымат тараган. Арасында чындыкка дал келбегени да бар.  Алардын ичинен эң кеңири тараган үчөөнү Factcheck.kg электен өткөрдү. Эскерте кетсек, Россия Федерациясынын башчысы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен 28-мартта келген.

«Россиялык» Ысык-Көл

 «Ысык-Көл облусун Россиянын карамагына 49 жылга өткөрүп берүү». Бул маалыматты OMKS.NEWS инстаграм-аккаунту Путин Кыргызстанга келери менен жайылткан.

Анда мындай деп айтылат: «Кыргызстанда туризмди, айрыкча Ысык-Көл облусун өнүктүктүрүүнүн актуалдуулугун эске алуу менен, аталган аймакты Россияга убактылуу өткөрүп берүү келишими түзүлдү. Россия тарап Ысык-Көлдүн тегерегиндеги Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынын жолдорун оңдоп берүүнү жоопкерчилигине алат. Мындан тышкары, көлдүн түндүк тарабында пансионаттарды куруу боюнча Кытай жана Түркия мамлекеттеринин инвесторлору менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө».

 https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/35198221858dfb57be0a94df04c1b148c1c869d0.png?resize=640%2C458

Белгилей кетсек, Кыргызстанда регионду өнүктүрүү министрлиги жана Белек Ниязов аттуу министр жок. Ал тууралуу колдонуучулар да комментарий калтырган.

Алгач сүрөт инстраграм каналында жайгашканын анын метамаалыматынан көрсө болот. Мындан тышкары, эң маанилүү нерсе – маалыматтын 1-апрель күнү жайгаштырылганы. Ал тамаша болгонуна карабай, инстаграмда жана башка соцтармактарда, мессенджерлерде кеңири жайылып кеткен.

Айрымдарында билдирүү өзгөрүлүп, анын булагы катары чыныгы мамлекеттик орган – Маданият министрлигинин туризм департаменти көрсөтүлө баштаган. Мындан тышкары, Белек Ниязбековдун ордуна департаменттин чыныгы жетекчиси Максат Дамирбек уулу айтылат.

Айыл банк жана РСКны  россиялык ВТБга сатуу

Буга чейин «Айыл» банк жана «РСК» банкынын директорлор кеңешинин жана жетекчилеринин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду деген маалымат тараган. Ал аталган банктарды россиялык ВТБ банкына сатууга даярдык деген божомолдоонун пайда болушуна себепкер болду.

Владимир Путиндин иш-сапарынын жүрүшүндө аталган банктар тууралуу эки келишимге  кол коюлган.

«Группа Альянс», «Альянс Алтын» жана ВТБ Жерүй боюнча биргеликте иш алып баруу тууралуу келишимге кол коюлгандыгы айтылган. Насыянын жалпы суммасы 180 миллионду түзүп, ал лицензия кепилдиги менен берилери белгиленген.

Ал эми РСК банктын акциялары сатылат, бирок ВТБга эмес, а Европалык өнүктүрүү банкына жана (ЕАБР) и Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна делген билдирүүдө.

«Белгилей кетсек, ЕАБР жана РКФР  мамлекетке 100 % таандык банктардын акционерлери болуп саналат. “РСК” банкынын мамлекеттик үлүшү канча пайызга төмөндөөрүн келишимге кол койгон тараптар айтылган эмес», – деп билдирет economist.kg.

Ал эми «Айыл банк» тууралуу келишимде жазылган эмес.

Якутияда кыргыздардын иштөөсүнө тыюу салынат

Буга чейин Якутияда кыргыз мигранттарына каршы митингдер өктөрүлгөнү белгилүү.  Владимир Путиндин Кыргызстанга келишими менен ал тууралуу фейктер пайда болду. Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев кыргыздарга каршы митингде төмөндөгүдөй билдирүү жасады.   деп билдирди:

«Биз мыйзамсыз миграция жана анын негизги булагы болгон мыйзамсыз ишкерлик менен болгон күрөштү күчөтөбүз. Мыйзамсыз мигранттарды аныктап, аларды депортациялайбыз.Керек болсо, эмгек мигранттардын ишин чектөөчү жана тыюучу жаңы чараларды колдонобуз».

27 мартта, Путиндин Кыргызстанга келишинин алдында, Айсен Николаев «2019-жылы Саха Республикасынын аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчүлөргө экономикалык иштин айрым түрлөрү боюнча патенттердин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандарды иштетүүгө тыюу салуу» боюнча жарлыкка кол койгон.

Тыюу салынгандардын ичинен 20 чакты иштин түрлөрү белгиленет.

Жаңылык социалдык тармактарда дароо жайылган. Кыргыздарга Якутияда иштөөгө тыюу салынды деген маалымат заматта тарап кеткен.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/8da4ab2f2d572d162eb258a1071a3024570bf420.png?resize=640%2C379

Ошол замат Россиядагы кыргыз диаспорасы өз пикирн билдирген: «Жашаган жерди жана жумушту алмаштыруу оор. Айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү Республиканын ар аймактарында жүрөт. Албетте, биз биринчи ирет президентке кайрылабыз. Андан соң бул маселе мамлекеттер арасында чечилет. Ал өтө кылдаттыкты талап кылат»,  – деп билдирген  «Говорит Москва» агенттигине «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин жетекчиси  Абдыганы Шакиров.

Ал эми 28-мартта, россиялык ЖМКлар Якутиянын президентинин аппаратынын маалыматына таянып, жарлыкка «Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн миранттарынын тиешеси жок», – деп жазып чыккан.