Фоточек: Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди чын эле кесиптештери узатып чыгыштыбы?
Factcheck.kg редакциясына окурмандарыбыз Instagram коомдук тармагында жарыяланган мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди узатуу боюнча сүрөттөрдү жиберишти. Сүрөттө Зулушев кесиптештеринин чоң тобунун коштоосунда Башкы прокуратуранын имаратынан чыгып баратат.
Окурмандарыбыз бул фотоштоптолгон сүрөт болушу керек деген шектенүүлөрүн билдиришкен: «Бул кызматынан кетип жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сүрөтү. Бирок бул сүрөт фотошоптолгон болушу ыктымал».
Factcheck.kg редакциясы сүрөттүн аныктыгын текшерип чыкты.
Google кызматында «Зулушевди жамааты узатып чыкты» деген сөздөр боюнча издегенибизде көптөгөн кыргызстандык жаңылыктар сайтына шилтемелерди таптык, мисалы, АКИpress сайтына, анда Курманкул Зулушевди узатууга байланыштуу сүрөт жана видео жарыяланган.
Сүрөттөр ар башка ракурстан тартылгандыктан жана анда ошол эле басып бараткан адамдар болгондуктан, бул сүрөттөр жасалма эмес деген тыянакка келсек болот. YouTube’да жарыяланган видео да алардын аныктыгын тастыктайт. Төрт мүнөттүк видеодон сүрөттөгү адамдарды көрсөк болот.
Узатуу учурунда Зулушевге чепкен жаап, калпак кийгизип, колуна камчы карматышкан.
Эскерте кетсек, Зулушев 2020-жылдын 21-октябрынан тарта КРдин Башкы прокурору кызматын аркалап келген. 2024-жылдын апрелинде президент Зулушевге сөгүш жарыялаган. Ага прокуратуранын айрым кызматкерлери кен байлыктарын казууга лицензия берүү боюнча комиссиянын ишине кийлигишкендери себепчи болгон деген маалыматтар айтылган.
Курманкул Зулушев кызматтан кетүү арызын бергени 3-июнда белгилүү болду. Бул тууралуу эч бир расмий маалымат болгон эмес.
Жогорку Кеңеш 5-июнда Зулушевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдугун берди. 58 депутат макулдугун берип, бирөө каршы болгон. Президенттин жана Министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү Алмас Абытов Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды. Анда башкы прокурор берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп жаткандыгы айтылган.
Тыянак: чындык. Мурдагы Башкы прокурорду кесиптештери чынында узатып чыгышкан.