ИИМдин кызматкерлери “үймө үй кыдырып” сүрөткө тартканга аракет кылып жатышабы? Текшеребиз

Өзүлөрүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катары тааныштырган адамдардын тобу «үймө үй кыдырып», тургундарды сүрөткө тартканга, же манжаларынын издерин алганга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат мессенжерлерде таркатылууда. Factcheck.kg’нин журналисттери бул маалыматтын аныктыгын текшерип чыгышты.

Таркатылып жаткан маалыматтын мазмуну төмөнкүдөй:

«Урматтуу жарандар, силер үчүн маанилүү маалымат:

*Коопсуздук үчүн катуу эскертүү:*

Өзүлөрүн ички иштер кызматкери катары тааныштырып, үймө үй кыдырып жүргөн адамдардын тобу бар экенин эске алыңыздар. Алар Ички иштер министрлигинин белгилери бар документтерди жана бланктарды көрсөтүп, эл каттоонун алдында бардык адамдарда алардын ким экендигин күбөлөгөн жарактуу документтердин бар экенин текшерип жүргөндөрүн айтышат. Алар үйлөрдү тоногондор. Алар бардык жерде жана ишенимдүү адамдардай көрүнүшөт.

Сизге адам келип: «Мен кайсы бир иш-чаранын алкагында сизди сүрөткө тартышым керек же манжаңыздын изин алышым керек» деши мүмкүн. Аларда ноутбук, биометрикалык жабдык жана адамдардын тизмеги бар. Алар тизмекти көрсөтүп, керектүү маалыматтарды берүүнү суранышат.

Өкмөт мындай иш-чараны жүргүзбөгөнүн эскертебиз.

Мунун баары шылуундук. Аларга эч бир маалымат бербегиле. Баарыңар сак болгула жана *маалымдуу* болгула!

Бул маалыматты билген адамдарыңардын бардыгына жибергиле. Үй-бүлөңөр жана досторуңар менен бөлүшкүлө.»

КРдин ИИМи билдиргендей, бул маалымат жалган, милицияга үйлөрдү кыдырган шектүү адамдар тууралуу маалымат түшкөн эмес. Министрлик мындай маалыматтар коомдо чыңалууну жаратыш үчүн, «деструктивдүү максаттарына жетиш үчүн» таркатыларын жана мындай учурларда 102 номуру боюнча кайрылуу керектигин билдирди.

Чындыгында мындай маалымат Шаховская шаардык округунун администрациясынын расмий сайтында (Орусия) жарыяланган болчу.

Кийинчирээк бул маалымат орусиялык башка шаарлардагы: Подольск жана Урюпинскдеги интернет-сайттарда жарыяланган:

Ошол эле кезде бул маалыматты Мордова Республикасынын ички иштер министрлигинин бөлүмү жокко чыгарган.

Тыянак: калп. Кыргызстандын ИИМи бул маалыматты четке какты. Бул маалымат башында Орусиянын аймагында таркатылган.