Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мектептерди жабууну сунуштаган эмес

24- октябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адан Гебреисус коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштады деп жазып чыккан. 

 “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси келе жаткан оор мезгилге байланыштуу мектептерди жабууну сунуштады”. “Пандемиянын экинчи толкуну. БДССУ жетекчиси мектептерди жабууга үндөдү” деген баштемада макалалар пайда болгон.

 Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин Factcheck.kg текшерип көрдү.

24.kg агенттигинин макаласында маалымат булагы катары «Новости ООН» ресурсу көрсөтүлгөн.  

Аталган сайтка баш багып, тиешелүү макаланы текшеребиз. Анда: “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы мүдүрү тез арада  улуттук саламаттыкты сактоо системасынын аксап калышын, мектептердин жабылып калуусун жана өлүмдөрдү алдын алууга багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштады” деп жазылган.

Белгилей кетчү нерсе, 24.kg макаласында Тедрос Адан Гебреисустун сөздөрү бурмаланбай, толук түрдө берилген.  

Жыйынтык.  Жергиликтүү ЖМКлар макала жазууда баштемада ката кетиришкен.  Чынында Тедрос Адан Гебреисус коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу мектептер жабылып калбашы үчүн өлкөлөрдү тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган.