Бишкекте коронавирус илдетине кайрадан кабылгандардын саны жетиге жеттиби?

20- октябрда Кыргызстандагы бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары COVID-19 илдетине кайрадан кабылгандардын саны жетиге жеткенин жазып чыкты. 

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрүүнү чечти. 

Алгач COVID-19 менен ооруп айыккандар бул илдетке кайрадан кабылабы, аныктап көрөлү.  

The Lancet журналында жарыяланган изилдөөлөрдө  коронавирус илдетине кабылгандар кайрадан бул илдетке чалдыгышы мүмкүн экендиги айтылган.

Бул маалымат аталган журналдын твиттер баракчасында 13-октябрь күнү пайда болгон: «Изилдөөнүн жыйынтыгында АКШда COVID19 илдетине экинчи ирет кабылган алгачкы учур катталган. Демек, вирус ар дайым эле жалпы иммунитетке таасирин тийгизе бербейт».

Мындай учурлар АКШдан тышкары Гонконгдо, Бельгияда, Нидерландда, Эквадордо жана Москвада катталган.

Ал эми Кыргызстанда илдеттин кайталанышына эмне себепкер болгон?

Алгач бул тууралуу  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Кубан Кундашев жети учур тууралуу айтып чыккан. Бирок анын сөзүнөн улам Биринчи май районунан  бир гана адамда кайрадан жаңы учур катталганы белгилүү болот. Ал эми калган бейтаптар буга чейин пневмония менен ооруганы жана расмий статистикада катталбаган, күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар. Бул учурлардын баары биригип экинчи ирет катталган COVID-19 деп айтылат. 

20- октябрда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев пресс-конференцияда ар бир учур кылдат изилденерин айтып, вирус  сакайган адамдын организминде дагы 90 күн бою каларын белгилеген. “Балким биз ушундай учурга туш болуудабыз”, — деп белгилеген ал. 

Жыйынтык: Далилденген жок.  Учурда экинчи ирет катталды деген учурлар тиешелүү деңгээлде изилденген жок. Андыктан бул тууралуу алдын ала маалымат берүү эрте.