Кыргызстандыктар эмделген Кытай вакцинасы тууралуу эмне биле алдык?

Кыргызстандыктар кытайлык VerоCell вакцинасы менен эмделгендиктен, мекендештерибиздин чет өлкөгө чыгуусу татаалдайт. Себеби, бул вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген эмес. Бул тууралуу маалымат Twitter социалдык тармагында пайда болду.  Колдонуучулардын айтымында, кытайлык Sinopharm жана SinoVac аттуу вакцианалар гана ДСУ тарабынан бекитилген. Далил катары вакцинанын кутучасындагы Vero 细胞 жазуусун көрсөтүшкөн  (Vero клеткасы – google translate).

 

Социалдык тармактын колдонуучулары бул маселени апрель айынын аягында да көтөрүп чыгып, вакцинанын маалымдамасындагы Vero Cell жазуусун талкуулаган эле.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

2021-жылдын 22-июнуна карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдонууга жарактуу деп 7 вакцина бекитилген, алардын катарында кытайлык Sinopharm жана  CoronaVac бар. 

Sinopharm

Sinopharm аттуу Кытай вакцинасы Ухань биологиялык продуктулар институту жана Кытай Илимдер академиясынын Ухань вирусология институту тарабынан иштелип чыккан. Учурда эки шаарда өндүрүлөт:

  • Sinopharm (Beijing): BBIBP-CorV Inactivated (Vero Cells) – Пекин биологиялык институту.
  • Sinopharm (Wuhan): Inactivated (Vero Cells) -Ухань биологиялык продуктулар институту.

Пекин вакцинасы Кытайдан тышкары дагы беш мамлекетте өткөрүлгөн ири масштабдагы клиникалык сыноолордун үчүнчү баскычынан өттү. Учурда аны колдонууга 53 штатта уруксат берилген.

7-майда ДСУ вакцинаны өзгөчө кырдаалда колдонулчу дары-дармек реестрине (EUL) кошкон. 

Дал ушул BBIBP-CorV Inactivated (Vero Cells) 172 өлкөнү бириктирген COVID-19 вакциналарынын (COVAX) Дүйнөлүк Механизминин бир бөлүгү катары таратылат. COVAX классификациясына ылайык, Кыргызстан орточо кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарына киргендиктен, колдоого алынган.

Ухань вакцинасы Кытайды кошпогондо беш мамлекетте тестирлөөнүн үчүнчү этабынан өттү. Бирок, учурда Кытайда гана колдонулуп жатат.

Эки вакцина тең инактивацияланган коронавируска негизделип жасалган. Вирустун инактивациясы бул вакцинаны иштеп чыгуунун эски жана ишенимдүү жолу.  Ушундай эле жол менен дифтерия, гепатит В, полиомиелит, көк жөтөл жана селейме илдеттерине каршы вакциналар иштелип чыккан. 

 Кыргызстанга кандай вакцина келди? 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 19-мартында Кытайдан China Biotekchnology Co LTD компаниясынын Sinopharm вакцинасынан 150 миң доза алынып келинген. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова өлкөгө Пекин вакцинасы жеткирилгенин тастыктаган.

 

Бир катар эл аралык булактардан алынган клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтарын байкап, салыштырган Covid-19 Vaccine Tracker ресурсунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда эки вакцина – Gamaleya Sputnik V жана Sinopharm (Пекин) BBIBP-CorV вакциналары жактырылган жана колдонулган.

Бул маалыматты Global Change Data Lab долбоору Our World in Data сайты да тастыктайт. 

Вакциналардын кутучаларын салыштырып көрүп, аларда айырмачылык жок экенин байкадык. Сол тарапта Кыргызстандагы вакцинанын кутучасы, ал эми оң тарапта Европада Reuters басылмасы тарабынан тартылган Sinopharm вакцинасы.

Анда Vero Cell деген эмне?

Twitter колдонуучуларын кооптондурган Vero Cell жазуусу эмнени түшүндүрөт?

 Vero клеткалары (Vero Cells) – илимде өстүрүү үчүн колдонулган клеткалар. Алар изилдөө максатында вирустук өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн хост клеткалары катары колдонулат. Клеткаларды өнүктүрүүнүн бул платформасы көптөгөн вирустук вакциналарды жасоодо, анын ичинде коронавируска каршы натыйжалуу экени далилденген. 

Жаңы технологиялардын өнүгүшүнө карабай жана жаңы вакциналарды иштеп чыгууда бир топ жаңычылдыктарга карабастан, Vero Cell  бүтүндөй вирустук вакциналарды тез арада иштеп чыгуу үчүн негизги платформа бойдон калууда. 

Демек, кутучадагы Vero Cell жазуусу вакцина иштеп чыгарылган платформаны билдирет.

CoronaVac

Кытайдын CoronaVac вакцинасы Sinovac биофармацевтикалык компания тарабынан иштелип чыккан.  Ал дагы Sinopharm сыяктуу Vero Cell платформасында химиялык инактивацияланган вакцина, учурда жети сыноонун үчүнчү айлампасынан өтүп, 32 мамлекетте бекитилген.

1-июнда ДСУ  CoronaVac вакцинасын COVID-19ду өзгөчө кырдаалда алдын алууда колдонууга уруксат берип, өлкөлөрдү, донорлорду, сатып алуучу уюмдарды жана коомчулукту вакцина коопсуздук, натыйжалуулугу жана өндүрүш шарттары боюнча эл аралык стандарттарга жооп берет деп ишендирген.

CoronaVac вакцинасын Пекиндеги SinoVac фармацевтикалык компания иштеп чыгат.

Жыйынтык:жалган. Кутучадагы Vero Cell жазуусу социалдык тармактын колдонуучуларын адаштырган. Кыргызстандыктар Sinopharm (Beijing) аттуу Пекин препараты менен эмделүүдө жана эмделген адамдардын өлкөдөн чыгуусуна тоскоолдук жаратат деген маалымат чындыкка дал келбейт.